Difference between revisions of "АЧА ТУЯКТУУЛАР"
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЧА ТУЯКТУУЛАР''' (Artiodactyla) ‒ сүт эмүүчүлөр түркүмү. Бутунда 2 же 4 манжасы бар, 3- менен 4-манжасы жакшы өрчүгөн, анткени дене оордугу негизинен ошол манжаларга түшөт. Каптал манжалары экөө начар өрчүгөн, биринчиси жок. Сыртынан туяк менен капталып, 3- 4-манжасынын ортосунан ачаланып турат. Бүдүрлүү азуу тиштери менен катуу чөптөрдү майдалап чайнайт. Акыреги жок. Алардын 200 түрү белгилүү. Кепшөөчүлөр жана кепшебөөчүлөр болуп бөлүнөт. Кепшөөчүлөр: бугу-марал, элик, төө, жейрен, бөкөн, эчки-теке, багыш, аркар-кулжа, антилопа, жираф, зубр; малдан ‒ кой-эчки, уй, топоз; кепшебөөчүлөр: чочко, бегемот. Кеӊири таралган (Австралия менен Жаӊы Зеландияга чейин), КМШ өлкөлөрүндө 13 уруусу, 22 түрү кездешет. Чөп жечүлөр, чандасы ылгабай азыктанышат. Көпчүлүк Ача туяктуулар үй жаныбарлары; эт, сүт жана териси үчүн багылат. Айрым түрүнүн саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү жана 14 түрчөсү киргизилген.

[[Категория:1-Том]] |
10:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЧА ТУЯКТУУЛАР (Artiodactyla) ‒ сүт эмүүчүлөр түркүмү. Бутунда 2 же 4 манжасы бар, 3- менен 4-манжасы жакшы өрчүгөн, анткени дене оордугу негизинен ошол манжаларга түшөт. Каптал манжалары экөө начар өрчүгөн, биринчиси жок. Сыртынан туяк менен капталып, 3- 4-манжасынын ортосунан ачаланып турат. Бүдүрлүү азуу тиштери менен катуу чөптөрдү майдалап чайнайт. Акыреги жок. Алардын 200 түрү белгилүү. Кепшөөчүлөр жана кепшебөөчүлөр болуп бөлүнөт. Кепшөөчүлөр: бугу-марал, элик, төө, жейрен, бөкөн, эчки-теке, багыш, аркар-кулжа, антилопа, жираф, зубр; малдан ‒ кой-эчки, уй, топоз; кепшебөөчүлөр: чочко, бегемот. Кеӊири таралган (Австралия менен Жаӊы Зеландияга чейин), КМШ өлкөлөрүндө 13 уруусу, 22 түрү кездешет. Чөп жечүлөр, чандасы ылгабай азыктанышат. Көпчүлүк Ача туяктуулар үй жаныбарлары; эт, сүт жана териси үчүн багылат. Айрым түрүнүн саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү жана 14 түрчөсү киргизилген.