Difference between revisions of "АХУНБАЕВ Иса Коноевич"
556-684>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(8 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АХУНБАЕВ Иса''' '''Коноевич''' [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы ‒ 5. 1. 1975, Фрунзе] ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспендент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туӊгуч президенти (1954‒60). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмгек сиӊирген врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974). Ташкенттеги Орто Азия медицина институтун бүтүргөн (1935),[[File:АХУНБАЕВ 170.png | thumb|none]] | |||
МИАнын | Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935‒37), Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948‒52-жылдары КММИнин директору , 1952‒54-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы. Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоӊ роль ойногон. Илим изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада ж. б. мамлекеттерде илимий докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2‒4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5‒6 шайланышынын депутаты болгон. КР УИАда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. КММАнын алдында айкели ортонотулган.
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов менен авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.

[[File:АХУНБАЕВ 170.png | thumb | none]] | [[Категория:1-Том]] | ||
Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл | |||
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов м-н авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.

10:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АХУНБАЕВ Иса Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы ‒ 5. 1. 1975, Фрунзе] ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспендент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туӊгуч президенти (1954‒60). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмгек сиӊирген врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974). Ташкенттеги Орто Азия медицина институтун бүтүргөн (1935),
Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935‒37), Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948‒52-жылдары КММИнин директору , 1952‒54-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы. Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоӊ роль ойногон. Илим изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада ж. б. мамлекеттерде илимий докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2‒4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5‒6 шайланышынын депутаты болгон. КР УИАда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. КММАнын алдында айкели ортонотулган.
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов менен авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.