Difference between revisions of "АФРИГИДДЕР"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АФРИГИДДЕР—''' иран тектүү хорезмдик шахтар династиясы (4—10-кылымдар), 305-жылы Хорезмде шах Африганын такка отурушу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> негиз салынган. Жалпысынан Афригиддерден 21 башкаруучу чыккан. Афригиддер мамлекетинин борбору Кят шаары (Аму-Дарыянын оӊ жээгинде жайгашкан). Алардын тушунда Орто Азиянын ири маданий борборунун бирине айланган. Афригиддер мамлекетинин гүлдөп өскөн мезгили 7-кылымдын 2-жарымы — 8-кылымдын башына туура келет. 712-жылы арабдар басып алышкан. 8-кылымдын аягында ислам динин кабыл алышып, башкаруучулары араб ысымдары <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> атала баштаган. Кятта таасирин сактап калган Афригиддердин акыркы өкүлү Абу-Абд-Аллах Мухаммеддин 995-жылы Үргөнчтүн эмири Момун тарабынан өлтүрүлүшү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> династия кыйраган. Афригиддер династиясынын аталышы 4‒8-кылымдардагы Хорезмдеги афригид маданиятына көчкөн. Афригиддер жөнүндөгү негизги маалыматтар хорезмдик ''Бирунинин'' тарыхый эмгектеринде камтылган.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АФРИГИДДЕР— иран тектүү хорезмдик шахтар династиясы (4—10-кылымдар), 305-жылы Хорезмде шах Африганын такка отурушу менен негиз салынган. Жалпысынан Афригиддерден 21 башкаруучу чыккан. Афригиддер мамлекетинин борбору Кят шаары (Аму-Дарыянын оӊ жээгинде жайгашкан). Алардын тушунда Орто Азиянын ири маданий борборунун бирине айланган. Афригиддер мамлекетинин гүлдөп өскөн мезгили 7-кылымдын 2-жарымы — 8-кылымдын башына туура келет. 712-жылы арабдар басып алышкан. 8-кылымдын аягында ислам динин кабыл алышып, башкаруучулары араб ысымдары менен атала баштаган. Кятта таасирин сактап калган Афригиддердин акыркы өкүлү Абу-Абд-Аллах Мухаммеддин 995-жылы Үргөнчтүн эмири Момун тарабынан өлтүрүлүшү менен династия кыйраган. Афригиддер династиясынын аталышы 4‒8-кылымдардагы Хорезмдеги афригид маданиятына көчкөн. Афригиддер жөнүндөгү негизги маалыматтар хорезмдик Бирунинин тарыхый эмгектеринде камтылган.