Difference between revisions of "АУРА"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: категория кошуу) |
|||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АУРА''' (гр. aura ‒ желаргы, агым, желдөө) ‒ ''талма'' оорусунун кармашын алдын ала билдирүүчү узакка созулбаган өзгөчө сезим (психикалык-эмоциялык, кооптонуу, коркуу, чындыкка жатпаган элестөөлөр). Анын көп түрү бар. Оору борбордук мээнин чыкый үлүшүндө жайгашса, талма баш айлануудан кийин кармайт; көзгө ар түрдүү тактар, ийри сызыктар, жок буюмдун элеси, турпаты көрүнгөнсүйт. Кээде ызы-чуу, ар кандай үндөр, сөздөр угулуп тынчы кетет. К ы й м ы л Аурасында айрым учурда башы калчылдап, көзү алаӊдайт, айрым булчуӊдар тырышат, ошондой эле жыт, даам сезилгендей, жүрөк токтоп калгандай туюм, психикалык (албууттануу, жашынуу, коркуу) түрлөрү бар. Чанда Аура талмасыз өтөт.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АУРА (гр. aura ‒ желаргы, агым, желдөө) ‒ талма оорусунун кармашын алдын ала билдирүүчү узакка созулбаган өзгөчө сезим (психикалык-эмоциялык, кооптонуу, коркуу, чындыкка жатпаган элестөөлөр). Анын көп түрү бар. Оору борбордук мээнин чыкый үлүшүндө жайгашса, талма баш айлануудан кийин кармайт; көзгө ар түрдүү тактар, ийри сызыктар, жок буюмдун элеси, турпаты көрүнгөнсүйт. Кээде ызы-чуу, ар кандай үндөр, сөздөр угулуп тынчы кетет. К ы й м ы л Аурасында айрым учурда башы калчылдап, көзү алаӊдайт, айрым булчуӊдар тырышат, ошондой эле жыт, даам сезилгендей, жүрөк токтоп калгандай туюм, психикалык (албууттануу, жашынуу, коркуу) түрлөрү бар. Чанда Аура талмасыз өтөт.