Difference between revisions of "АТОМОХ ОД"
556-684>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТОМОХОД‒''' ядролук энергетикалык түзүлмөлүү жарандык кеме же аскер корабли. Атомоходдун ядролук энергетикалык түзүлмөсү бир, эки же үч контурлуу жылуулук схема боюнча иштейт. Жылуулук менен камсыздоочу жана жумушчу нерсе катары суу, суу буусу, суюк металлдар жана органикалык заттар, газдар, көбүнчө суу-суулуу ядролук реакторлуу эки контурлуу энергетикалык түзүлмө колдонулат. Ал жөнөкөй башкарылат, чайпалууга жана дифферентке өтө туруктуу. Мындай көлөмү кичине (компакттуу) ядролук реактор өтө таза уран менен гана (235U боюнча тазартуу 20‒45 %) иштетилет. Жөнөкөй кемелерге салыштырмалуу суу астында жана суу үстүндө, портторго токтобой дүйнө жүзүн кыдырып чыга алат, ошондой эле муз астында да сүзөт. 1950-жылдарда суу астында жүрүүчү кемелер ядролук энергетикалык түзүлмө менен жабдылып, суу астында 1000 ''м'' тереӊдикте, ылдамдыгы 80 ''км/с''ка жеткен. Дүйнөдө суу астында жүрүүчү биринчи «Наутилус» атом кемесин америкалык адмирал, инженер-электр механик Хайман Риковер долбоорлоп курган, 1954-жылы сууга түшүрүлгөн. Алгачкы жарандык Атомоход ‒ «Ленин» атомдук муз жаргычы СССРде 1959-жылы курулган. Атомоходду пайдалануудан алып таштоо илимий-техникалык жана экономикалык татаал проблема. Аны чечүүдө кызматкерлердин, реакторду жана ядорлук күчтүк түзүлмөнүн башка жабдууларын демонтаждоо учурундагы айлана-чөйрөнүн, жараксыз түйүндөр менен механизмдерди таштандыга чыгаруудагы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу керек. Дүйнөдө Атомоходдун саны өсүүдө. Ядролук күчтүк түзүлмөлөр муз жаргычка (ледоколго), жүк жана жүк-жүргүнчү ташуучу кемелерге, контейнер жана лихтер ташыгычка, буксирге, океанографиялык жана илимий-изилдөө кемелерине, суу астындагы кемеге, танкерге коюлат.

[[Категория:1-Том]] | |||
10:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТОМОХОД‒ ядролук энергетикалык түзүлмөлүү жарандык кеме же аскер корабли. Атомоходдун ядролук энергетикалык түзүлмөсү бир, эки же үч контурлуу жылуулук схема боюнча иштейт. Жылуулук менен камсыздоочу жана жумушчу нерсе катары суу, суу буусу, суюк металлдар жана органикалык заттар, газдар, көбүнчө суу-суулуу ядролук реакторлуу эки контурлуу энергетикалык түзүлмө колдонулат. Ал жөнөкөй башкарылат, чайпалууга жана дифферентке өтө туруктуу. Мындай көлөмү кичине (компакттуу) ядролук реактор өтө таза уран менен гана (235U боюнча тазартуу 20‒45 %) иштетилет. Жөнөкөй кемелерге салыштырмалуу суу астында жана суу үстүндө, портторго токтобой дүйнө жүзүн кыдырып чыга алат, ошондой эле муз астында да сүзөт. 1950-жылдарда суу астында жүрүүчү кемелер ядролук энергетикалык түзүлмө менен жабдылып, суу астында 1000 м тереӊдикте, ылдамдыгы 80 км/ска жеткен. Дүйнөдө суу астында жүрүүчү биринчи «Наутилус» атом кемесин америкалык адмирал, инженер-электр механик Хайман Риковер долбоорлоп курган, 1954-жылы сууга түшүрүлгөн. Алгачкы жарандык Атомоход ‒ «Ленин» атомдук муз жаргычы СССРде 1959-жылы курулган. Атомоходду пайдалануудан алып таштоо илимий-техникалык жана экономикалык татаал проблема. Аны чечүүдө кызматкерлердин, реакторду жана ядорлук күчтүк түзүлмөнүн башка жабдууларын демонтаждоо учурундагы айлана-чөйрөнүн, жараксыз түйүндөр менен механизмдерди таштандыга чыгаруудагы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу керек. Дүйнөдө Атомоходдун саны өсүүдө. Ядролук күчтүк түзүлмөлөр муз жаргычка (ледоколго), жүк жана жүк-жүргүнчү ташуучу кемелерге, контейнер жана лихтер ташыгычка, буксирге, океанографиялык жана илимий-изилдөө кемелерине, суу астындагы кемеге, танкерге коюлат.