Difference between revisions of "АТЛАХ"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (2)) |
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12- | '''АТЛАХ'''--Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-кылымдардагы Тараз шаарына (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. ''Махмуд Кашгари'' да Атлахты Тараз шаарынын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-''Мукаддасинин'' жана аль-''Истахринин'' (10-кылым) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири боюнча ''Жоон-Дөбө шаар калдыгы'' Атлах шаарынын орду болушу мүмкүн. Атлах шаары кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-жылы салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, к. ''Атлах салгылашуусу.

С. Өмүрзаков.''

[[Категория:1-Том]] |
10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТЛАХ--Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-кылымдардагы Тараз шаарына (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. Махмуд Кашгари да Атлахты Тараз шаарынын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-Мукаддасинин жана аль-Истахринин (10-кылым) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири боюнча Жоон-Дөбө шаар калдыгы Атлах шаарынын орду болушу мүмкүн. Атлах шаары кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-жылы салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, к. Атлах салгылашуусу.
С. Өмүрзаков.