Difference between revisions of "АТБАШ"
м (→top: категория кошуу) |

| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТБАШ‒''' тарыхый шаардын аты. Атбаш шаары жөнүндөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-кылым), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-кылым) деген эмгектеринде Атбаш шаар экендигин, анын географиялык ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана жана Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда Атбаш 9-кылымга чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыӊгайлуу географиялык орду жана табигый шарты боюнча Атбаш 9‒12-кылымдарда жана андан кийин да бүткүл Ички Теӊир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода катнашы да Атбаш аркылуу жүргөн. Атбаш көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14-кылымдын 70-жылдарында Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-кылымдан Атбаш көп эске алынбайт. 1331-жылы түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде Атбаштын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошой-Коргон чебинин калдыгы Атбаш шаарынын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол жерди 1894-жылы биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан. Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археологиялык изилдөөлөр боюнча Кошой-Коргондун ордунда 9‒14-кылымдарда шаар болгон. Бул чепке жакын, Ат-Башы менен Кара-Коюн сууларынын аралыгында бийик чоӊ дөбө (Чеч-Дөбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чеч-Дөбө менен Атбаш убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын орто кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстандык тарыхчы Мухаммед Хайдар Ат-Башы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Ат-Башыда көп ирет болгон.

''С. Өмүрзаков'' | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТБАШ‒ тарыхый шаардын аты. Атбаш шаары жөнүндөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-кылым), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-кылым) деген эмгектеринде Атбаш шаар экендигин, анын географиялык ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана жана Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда Атбаш 9-кылымга чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыӊгайлуу географиялык орду жана табигый шарты боюнча Атбаш 9‒12-кылымдарда жана андан кийин да бүткүл Ички Теӊир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода катнашы да Атбаш аркылуу жүргөн. Атбаш көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14-кылымдын 70-жылдарында Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-кылымдан Атбаш көп эске алынбайт. 1331-жылы түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде Атбаштын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошой-Коргон чебинин калдыгы Атбаш шаарынын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол жерди 1894-жылы биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан. Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археологиялык изилдөөлөр боюнча Кошой-Коргондун ордунда 9‒14-кылымдарда шаар болгон. Бул чепке жакын, Ат-Башы менен Кара-Коюн сууларынын аралыгында бийик чоӊ дөбө (Чеч-Дөбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чеч-Дөбө менен Атбаш убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын орто кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстандык тарыхчы Мухаммед Хайдар Ат-Башы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Ат-Башыда көп ирет болгон.
С. Өмүрзаков