Difference between revisions of "АТАТҮРК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Мустафа Кемаль (12. 3. 1881, Салоники ‒ 10. 11. 1938, Стамбул) ‒ Түркия Республикасынын негиздөөчүсү ж-а анын тунгуч президенти (1923‒38); көрүнүктүү мамл. ж-а аскер ишмери. А. («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. ''Жаш түрктөр революциясына (1908),'' Италия-Түркия согушуна (1911‒12), 2-Балкан согушуна (1912‒13) катышкан.
'''АТАТҮРК Мустафа Кемаль''' (12. 3. 1881, Салоники ‒ 10. 11. 1938, Стамбул) ‒ Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын тунгуч президенти (1923‒38); көрүнүктүү мамлекеттик жана аскер ишмери. Ататүрк («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. ''Жаш түрктөр революциясына (1908),'' Италия-Түркия согушуна (1911‒12), 2-Балкан согушуна (1912‒13) катышкан.
[[File:АТАТҮРК23.png | thumb | none]]
[[File:АТАТҮРК23.png | thumb|none]]1-дүйнөлүк согушта дивизиянын командиринен фронттун командачысына чейин жетип, генерал чинине жана паша титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (1916‒17), Сирия-Палестина (1917‒18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье дарыясынын жанындагы жеӊиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин жана «Гази» («Жеӊүүчү») титулун ыйгарат. Ататүрктүн жетекчилиги астында түрк аскерлери англиялык-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгарган (1922). Ататүрк  Түрк республикасынын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги менен 1922-жылы султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаӊы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаӊычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскирген каада-салттарды четке кагып, аял-эркекке бирдей укук берилген жана европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет менен идеологияны жогору коюп, өнөр жай менен айыл  чарбасын жаӊыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер менен теӊ укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек шаарындагы саябакка Ататүрк  ысмы берилип, эстелиги тургузулган.
1-дүйн. согушта дивизиянын командиринен фронттун командачысына чейин жетип, генерал чинине ж-а паша титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (1916‒17), Сирия-Палестина (1917‒18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье д-нын жанындагы жеӊиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин ж-а «Гази» («Жеӊүүчү») титулун ыйгарат. А-түн жетекчилиги астында түрк аскерлери англ.-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгарган (1922). А. Түрк респ-нын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экон . маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги м-н 1922-ж. султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаӊы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаӊычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскирген каада-салттарды четке кага, аял-эркекке бирдей укук берилген ж-а европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук мад-ттын сакталышына ж-а өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет м-н идеологияны жогору коюп, өнөр жай м-н а. ч-сын жаӊыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер м-н теӊ укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек ш-ндагы саяба бакка А. ысмы берилип, эстелиги тургузулган.
А. Беделбаев.
А. Беделбаев.
[[Категория:1-Том]]

10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТАТҮРК Мустафа Кемаль (12. 3. 1881, Салоники ‒ 10. 11. 1938, Стамбул) ‒ Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын тунгуч президенти (1923‒38); көрүнүктүү мамлекеттик жана аскер ишмери. Ататүрк («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. Жаш түрктөр революциясына (1908), Италия-Түркия согушуна (1911‒12), 2-Балкан согушуна (1912‒13) катышкан.

АТАТҮРК23.png

1-дүйнөлүк согушта дивизиянын командиринен фронттун командачысына чейин жетип, генерал чинине жана паша титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (1916‒17), Сирия-Палестина (1917‒18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье дарыясынын жанындагы жеӊиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин жана «Гази» («Жеӊүүчү») титулун ыйгарат. Ататүрктүн жетекчилиги астында түрк аскерлери англиялык-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгарган (1922). Ататүрк Түрк республикасынын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги менен 1922-жылы султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаӊы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаӊычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскирген каада-салттарды четке кагып, аял-эркекке бирдей укук берилген жана европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет менен идеологияны жогору коюп, өнөр жай менен айыл чарбасын жаӊыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер менен теӊ укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек шаарындагы саябакка Ататүрк ысмы берилип, эстелиги тургузулган.

А. Беделбаев.