Difference between revisions of "АТАНТАЙ ЖООМАРТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АТАНТАЙ ЖООМАРТ''', Х а т а м т а й ‒ көбүнчө чыгыш элдеринин фольклорунда кезиккен фольклордук каарман. Кыргыздарга «Миӊ бир түн» жомогу аркылуу өтүп, анын аты да, окуялары да эл арасында төл чыгарма катарында сиӊип кеткен деген пикирлер бар. Кандай болгондо да кыргыз эли бул каарманды өз көз карашына, түшүнүгүнө жараша жан дүйнөсүн, адамдык касиет-сапатын кайрадан жаратып, анын атын, кулк-мүнөзүн карапайым адамдардын турмушуна жакындаштырган. Натыйжада малга жарды, бирок пейили кенен, бей-бечарага, жетим-жесирге кайрымдуу, март, ак көӊүл Атантай Жоомарттын образы кылымдар бою айкөлдүктүн, берешендиктин үлгүсү болгон.

[[Категория:1-Том]]

10:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТАНТАЙ ЖООМАРТ, Х а т а м т а й ‒ көбүнчө чыгыш элдеринин фольклорунда кезиккен фольклордук каарман. Кыргыздарга «Миӊ бир түн» жомогу аркылуу өтүп, анын аты да, окуялары да эл арасында төл чыгарма катарында сиӊип кеткен деген пикирлер бар. Кандай болгондо да кыргыз эли бул каарманды өз көз карашына, түшүнүгүнө жараша жан дүйнөсүн, адамдык касиет-сапатын кайрадан жаратып, анын атын, кулк-мүнөзүн карапайым адамдардын турмушуна жакындаштырган. Натыйжада малга жарды, бирок пейили кенен, бей-бечарага, жетим-жесирге кайрымдуу, март, ак көӊүл Атантай Жоомарттын образы кылымдар бою айкөлдүктүн, берешендиктин үлгүсү болгон.