Difference between revisions of "АТ ЖАБДЫКТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АТ ЖАБДЫКТАРЫ'''‒ атка токуп минүүгө керектелүүчү буюм-шаймандар. А. ж-на ‒ ээр, үзөӊгү (боосу менен), канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан (куткуну менен), басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору менен), чаполоӊ, желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини менен), нокто (чылбыры менен), көрпөчө, ат жабуу, камчы ж. б. кирет. Аталган буюмдардын ар бири өзүнчө кызмат аткарат. Мис., үзөӊгү атка минип, түшүш үчүн керек жана атчан жүргөндө, кишинин бутуна таканч болуп, теӊ салмактуулугун сактоо үчүн пайдаланса, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ээрди ат жонунда бекем кармап, оодурбайт, алдыга же артка жылдырбайт. Чаполоӊ эӊишке, сайышка (жоого) түшкөндө атка бекем туруу үчүн керек, тердик, ичмектер, аттын жонун ээрге сүрдүрбөй, жоор болуудан сактайт; терин сиӊирет; жүгөн, тизгин, нокто, чылбыр атты ийкемдүү башкаруу же байлап коюу үчүн керектелет. [[File:АТ ЖАБДЫКТАРЫ29.png | thumb|Ат жабдыктары ‒ 1. ээр. 2. Үзөӊгү. 3. Сырткы басмайыл. 4. Ички басмайыл. 5. Камчы. 6. Көмөлдүрүк. 7. Жүгөн. 8. Куюшкан.]] мүлүшкөрлөрүндө ат жабдыгы катары ''балдак'' да колдонулат. Аны ээрдин кашына орнотуп, кушту ууга алып чыкканда кондурат. Кыргыздар илгертен көчмөн болгондугуна байланыштуу А. ж-нын бүтүндөй турманын жасоого жетишкен. Бирок кыргыздардын байыркы мезгилде колдонуп жүргөн А. ж. азыркылардан алда канча жөнөкөй болгондугу археол. казуулардын натыйжасында аныкталган. Мис., мурда колдонулуп келген кийиз ээр, жыгач, мүйүз же коло тогоолор жана ооздуктар кийинчерээк темир менен алмашыла баштаган, үзөнгүлөр да, ээрге атайын тагылып коюла турган жыгач, мүйүз, жез, темир үзөнгүлөр менен алмашылган. Ылайыкташы жана санжыргасы жагынан А. ж. эки түрлүү болот: эркектердики жана аялдардыкы. Аялдардын ээри атайын кооздолуп, күмүш чаптырып, оймо-чиймелер менен жасалгаланат. А. ж-н кызга арнап атайы жасатып, күйөөгө чыкканда сеп катары беришкен. Мис., кыздар үчүн кеӊ тамандуу, жогору жагында боо өткөзө турган атайын көзөнөгү бар күмүш жалатылган темир үзөнгүлөр жасалган. Кээде үзөнгүнү жыгачтан же мүйүздөн жасап, үстүнөн күмүш алкак менен капташкан. Мындай үзөӊгү накер үзөӊгү деп аталат. А. ж-нын темирден жасалчу элементтерин (ооздук, тогоолор, үзөӊгү ж. б.) ‒ темир усталар, аларга күмүш жалатууну ‒ зергерлер, кайыштан же жиптен өрүлүп жасалчу элементтерин (жүгөн, куюшкан, көмүлдүрүк, басмайыл ж. б.) ‒ өрүмчүлөр же ээрчилер, ал эми ат жабууну уз аялдар жасашкан. А. ж-н жасоодо кайыш (үзөӊгү боо, жүгөн, нокто, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ж. б.), кийиз (ичмек, тердик, желдик, ат жабуу ж. б.), жүн жана пахта (көрпөчө же көпчүк, ат жабуу, шалча), ал эми кооздоодо жез, күмүш, асыл таштар, кээде алтын да колдонулат. Жүгөн, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк, тердик көпчүлүк учурларда купа, сүзмө, гүл, мык, пыштаӊ, чор, тумарча сыяктуу күмүш оймо-чиймелер менен жасалгаланат.
'''АТ ЖАБДЫКТАРЫ'''‒ атка токуп минүүгө керектелүүчү буюм-шаймандар. Ат жабдыктарына ‒ ээр, үзөӊгү (боосу менен), канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан (куткуну менен), басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору менен), чаполоӊ, желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини менен), нокто (чылбыры менен), көрпөчө, ат жабуу, камчы ж. б. кирет. Аталган буюмдардын ар бири өзүнчө кызмат аткарат. Мисалы, үзөӊгү атка минип, түшүш үчүн керек жана атчан жүргөндө, кишинин бутуна таканч болуп, теӊ салмактуулугун сактоо үчүн пайдаланса, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ээрди ат жонунда бекем кармап, оодурбайт, алдыга же артка жылдырбайт. Чаполоӊ эӊишке, сайышка (жоого) түшкөндө атка бекем туруу үчүн керек, тердик, ичмектер, аттын жонун ээрге сүрдүрбөй, жоор болуудан сактайт; терин сиӊирет; жүгөн, тизгин, нокто, чылбыр атты ийкемдүү башкаруу же байлап коюу үчүн керектелет. [[File:АТ ЖАБДЫКТАРЫ29.png | thumb|Ат жабдыктары ‒ 1. ээр. 2. Үзөӊгү. 3. Сырткы басмайыл. 4. Ички басмайыл. 5. Камчы. 6. Көмөлдүрүк. 7. Жүгөн. 8. Куюшкан.]] Мүлүшкөрлөрдө ат жабдыгы катары ''балдак'' да колдонулат. Аны ээрдин кашына орнотуп, кушту ууга алып чыкканда кондурат. Кыргыздар илгертен көчмөн болгондугуна байланыштуу Ат жабдыктарынын бүтүндөй турманын жасоого жетишкен. Бирок кыргыздардын байыркы мезгилде колдонуп жүргөн Ат жабдыктары азыркылардан алда канча жөнөкөй болгондугу археологиялык казуулардын натыйжасында аныкталган. Мисалы, мурда колдонулуп келген кийиз ээр, жыгач, мүйүз же коло тогоолор жана ооздуктар кийинчерээк темир менен алмашыла баштаган, үзөнгүлөр да, ээрге атайын тагылып коюла турган жыгач, мүйүз, жез, темир үзөнгүлөр менен алмашылган. Ылайыкташы жана санжыргасы жагынан Ат жабдыктары эки түрлүү болот: эркектердики жана аялдардыкы. Аялдардын ээри атайын кооздолуп, күмүш чаптырып, оймо-чиймелер менен жасалгаланат. Ат жабдыктарын кызга арнап атайы жасатып, күйөөгө чыкканда сеп катары беришкен. Мисалы, кыздар үчүн кеӊ тамандуу, жогору жагында боо өткөзө турган атайын көзөнөгү бар күмүш жалатылган темир үзөнгүлөр жасалган. Кээде үзөнгүнү жыгачтан же мүйүздөн жасап, үстүнөн күмүш алкак менен капташкан. Мындай үзөӊгү накер үзөӊгү деп аталат. Ат жабдыктарынын темирден жасалчу элементтерин (ооздук, тогоолор, үзөӊгү ж. б.) ‒ темир усталар, аларга күмүш жалатууну ‒ зергерлер, кайыштан же жиптен өрүлүп жасалчу элементтерин (жүгөн, куюшкан, көмүлдүрүк, басмайыл ж. б.) ‒ өрүмчүлөр же ээрчилер, ал эми ат жабууну уз аялдар жасашкан. Ат жабдыктарын жасоодо кайыш (үзөӊгү боо, жүгөн, нокто, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ж. б.), кийиз (ичмек, тердик, желдик, ат жабуу ж. б.), жүн жана пахта (көрпөчө же көпчүк, ат жабуу, шалча), ал эми кооздоодо жез, күмүш, асыл таштар, кээде алтын да колдонулат. Жүгөн, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк, тердик көпчүлүк учурларда купа, сүзмө, гүл, мык, пыштаӊ, чор, тумарча сыяктуу күмүш оймо-чиймелер менен жасалгаланат.
[[Категория:1-Том]]

10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТ ЖАБДЫКТАРЫ‒ атка токуп минүүгө керектелүүчү буюм-шаймандар. Ат жабдыктарына ‒ ээр, үзөӊгү (боосу менен), канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан (куткуну менен), басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору менен), чаполоӊ, желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини менен), нокто (чылбыры менен), көрпөчө, ат жабуу, камчы ж. б. кирет. Аталган буюмдардын ар бири өзүнчө кызмат аткарат. Мисалы, үзөӊгү атка минип, түшүш үчүн керек жана атчан жүргөндө, кишинин бутуна таканч болуп, теӊ салмактуулугун сактоо үчүн пайдаланса, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ээрди ат жонунда бекем кармап, оодурбайт, алдыга же артка жылдырбайт. Чаполоӊ эӊишке, сайышка (жоого) түшкөндө атка бекем туруу үчүн керек, тердик, ичмектер, аттын жонун ээрге сүрдүрбөй, жоор болуудан сактайт; терин сиӊирет; жүгөн, тизгин, нокто, чылбыр атты ийкемдүү башкаруу же байлап коюу үчүн керектелет.

Ат жабдыктары ‒ 1. ээр. 2. Үзөӊгү. 3. Сырткы басмайыл. 4. Ички басмайыл. 5. Камчы. 6. Көмөлдүрүк. 7. Жүгөн. 8. Куюшкан.

Мүлүшкөрлөрдө ат жабдыгы катары балдак да колдонулат. Аны ээрдин кашына орнотуп, кушту ууга алып чыкканда кондурат. Кыргыздар илгертен көчмөн болгондугуна байланыштуу Ат жабдыктарынын бүтүндөй турманын жасоого жетишкен. Бирок кыргыздардын байыркы мезгилде колдонуп жүргөн Ат жабдыктары азыркылардан алда канча жөнөкөй болгондугу археологиялык казуулардын натыйжасында аныкталган. Мисалы, мурда колдонулуп келген кийиз ээр, жыгач, мүйүз же коло тогоолор жана ооздуктар кийинчерээк темир менен алмашыла баштаган, үзөнгүлөр да, ээрге атайын тагылып коюла турган жыгач, мүйүз, жез, темир үзөнгүлөр менен алмашылган. Ылайыкташы жана санжыргасы жагынан Ат жабдыктары эки түрлүү болот: эркектердики жана аялдардыкы. Аялдардын ээри атайын кооздолуп, күмүш чаптырып, оймо-чиймелер менен жасалгаланат. Ат жабдыктарын кызга арнап атайы жасатып, күйөөгө чыкканда сеп катары беришкен. Мисалы, кыздар үчүн кеӊ тамандуу, жогору жагында боо өткөзө турган атайын көзөнөгү бар күмүш жалатылган темир үзөнгүлөр жасалган. Кээде үзөнгүнү жыгачтан же мүйүздөн жасап, үстүнөн күмүш алкак менен капташкан. Мындай үзөӊгү накер үзөӊгү деп аталат. Ат жабдыктарынын темирден жасалчу элементтерин (ооздук, тогоолор, үзөӊгү ж. б.) ‒ темир усталар, аларга күмүш жалатууну ‒ зергерлер, кайыштан же жиптен өрүлүп жасалчу элементтерин (жүгөн, куюшкан, көмүлдүрүк, басмайыл ж. б.) ‒ өрүмчүлөр же ээрчилер, ал эми ат жабууну уз аялдар жасашкан. Ат жабдыктарын жасоодо кайыш (үзөӊгү боо, жүгөн, нокто, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ж. б.), кийиз (ичмек, тердик, желдик, ат жабуу ж. б.), жүн жана пахта (көрпөчө же көпчүк, ат жабуу, шалча), ал эми кооздоодо жез, күмүш, асыл таштар, кээде алтын да колдонулат. Жүгөн, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк, тердик көпчүлүк учурларда купа, сүзмө, гүл, мык, пыштаӊ, чор, тумарча сыяктуу күмүш оймо-чиймелер менен жасалгаланат.