Difference between revisions of "АТ-БАШЫ суусу"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТ-БАШЫ ‒''' Ат-Башы районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 ''км,'' алабынын аянты 5540 ''км''<sup>2</sup>. Нарын кырка тоосу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Жаӊы-Жер тоосунан башталган Улан <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Жаӊы-Жер сууларынын кошулушунан түзүлүп, чыгыштан батышка карай агат. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агып, дарыя жээктей арча, карагай токою өсөт. Босого капчыгайынан өткөндөн кийин жайылмасы кеӊейип, бир нече салааларга бөлүнүп, нугу кеӊейет (0,5‒0,9 ''км''ге чейин). Кара-Коюн суусу кошулгандан кийин түндүккө карай агып, Кептешке жеткенде кайрадан бир нукка түшөт. Суу тартылган мезгилде Өзгөрүш кыштагынын тушунан кумга сиӊип кетип, 6 ''км'' төмөн кайрадан нукка түшөт. Жалпы узундугу 393 ''км'' келген 202 майда куймасы бар. Ири оӊ куймалары: Көлмө (48 ''км)'', Улан (30 ''км''), Бороонду (28 ''км''), Көк-Жар (25 ''км''), Башача, Ача, Ичке-Суу ж. б.; сол куймалары: Жаӊы-Жер, Балык-Суу, Бешбелчир, Туюк-Богошту (26 ''км''), Ача-Кайынды, Терек-Суу (23 ''км),'' Кара-Коюн (81 ''км''). Алабында Көл-Төр, Кош-Көл, Жашыл-Көл, Кокуй-Көл сыяктуу чакан көлдөр, жалпы аянты 113,7 ''км''<sup>2</sup> келген 284 мөӊгү бар. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 33,2 ''м''<sup>3</sup>''/сек,'' эӊ көбү 47,6 ''м''<sup>3</sup>''/сек,'' эӊ азы 23,9 ''м''<sup>3</sup>''/сек .'' Сугатка пайдаланылат. Кептешке Ат-Башы ГЭСи курулган. Боюнда Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирдик, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыӊды, Баш-Кайыӊды, Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш, Достук кыштактары жайгашкан.<br>''М. Дүйшөнакунов.'' | |||
''М. Дүйшөнакунов.'' | [[Категория:1-Том]] | ||
10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТ-БАШЫ ‒ Ат-Башы районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км, алабынын аянты 5540 км2. Нарын кырка тоосу менен Жаӊы-Жер тоосунан башталган Улан жана Жаӊы-Жер сууларынын кошулушунан түзүлүп, чыгыштан батышка карай агат. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агып, дарыя жээктей арча, карагай токою өсөт. Босого капчыгайынан өткөндөн кийин жайылмасы кеӊейип, бир нече салааларга бөлүнүп, нугу кеӊейет (0,5‒0,9 кмге чейин). Кара-Коюн суусу кошулгандан кийин түндүккө карай агып, Кептешке жеткенде кайрадан бир нукка түшөт. Суу тартылган мезгилде Өзгөрүш кыштагынын тушунан кумга сиӊип кетип, 6 км төмөн кайрадан нукка түшөт. Жалпы узундугу 393 км келген 202 майда куймасы бар. Ири оӊ куймалары: Көлмө (48 км), Улан (30 км), Бороонду (28 км), Көк-Жар (25 км), Башача, Ача, Ичке-Суу ж. б.; сол куймалары: Жаӊы-Жер, Балык-Суу, Бешбелчир, Туюк-Богошту (26 км), Ача-Кайынды, Терек-Суу (23 км), Кара-Коюн (81 км). Алабында Көл-Төр, Кош-Көл, Жашыл-Көл, Кокуй-Көл сыяктуу чакан көлдөр, жалпы аянты 113,7 км2 келген 284 мөӊгү бар. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 33,2 м3/сек, эӊ көбү 47,6 м3/сек, эӊ азы 23,9 м3/сек . Сугатка пайдаланылат. Кептешке Ат-Башы ГЭСи курулган. Боюнда Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирдик, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыӊды, Баш-Кайыӊды, Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш, Достук кыштактары жайгашкан.
М. Дүйшөнакунов.