Difference between revisions of "АТ-БАШЫ кыштак"
556-684>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТ-БАШЫ''' ‒ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Райондун жана Ат-Башы айыл округунун борбору. Ат-Башы суусунун оӊ жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деӊиз деӊгээлинен 2060 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 ''км'' аралыкта. 1929-ж. негизделген. Калкы 14 697 (2022). Кыш заводу, наабайкана ж. б. иштейт. Үч орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, №32 кесиптик-техникалык окуу жайы, китепканалар, бейтапкана, оорукана, дарыкана, маданият үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, ошондой эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. Ат-Башы кербен сарай (Бишкек ‒ Кашкар соода жолунда) жайгашкан. ''Кошой-Коргон шаар калдыгы'', Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт. | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТ-БАШЫ ‒ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Райондун жана Ат-Башы айыл округунун борбору. Ат-Башы суусунун оӊ жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деӊиз деӊгээлинен 2060 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 км аралыкта. 1929-ж. негизделген. Калкы 14 697 (2022). Кыш заводу, наабайкана ж. б. иштейт. Үч орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, №32 кесиптик-техникалык окуу жайы, китепканалар, бейтапкана, оорукана, дарыкана, маданият үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, ошондой эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. Ат-Башы кербен сарай (Бишкек ‒ Кашкар соода жолунда) жайгашкан. Кошой-Коргон шаар калдыгы, Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт.