Difference between revisions of "АСУАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

2 -сап: 2 -сап:
[[File:АСУАН10.png | thumb|Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
[[File:АСУАН10.png | thumb|Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
Климаттык курорт. Асуан ‒ Египеттин байыркы шаарларынын бири. Байыркы египеттиктер С у и н, гректер С и е н а  деп аташкан. Номарх Саренпут IIнин таш күмбөзү (биздин заманга чейин 20-кылым), Ыйык Симеондун христиан монастырынын калдыгы (8‒13-кылымдар), минарет жана көптөгөн чамгарактуу мавзолейлер (10‒11-кылымдар) сакталган. Филе аралында Осириса менен Исида (эллада мезгилин) жана «Киоск Траяна» (грек-рим мезгили) храмдар комплекси бар. Булар ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Асуан (азыркы Насер) суу сактагычынын курулушуна байланыштуу эстеликтер Агилкия аралына көчүрүлгөн. Жогорку индустриялык институту (1962), Нубия музейи (1997), ботаникалык бак бар. Асуан ‒ маанилүү өнөр жай борбору. Химия (азот жер семирткичин чыгарат), металлургия, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Мусулман-исмаилиттердин зыярат кылуучу жайы. Асуанга жакын жайгашкан гидроэнергетикалык комплекси СССРдин жардамы менен курулган.
''Р. Карачалова.''

[[Категория:1-Том]]

10:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСУАН ‒ Египеттин түштүк-чыгышындагы шаар. Асуан мухафазасынын (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 281,9 миӊ (2010). Нил дарыясынын оӊ жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Туристтик борбор.

Шаардын жалпы көрүнүшү.

Климаттык курорт. Асуан ‒ Египеттин байыркы шаарларынын бири. Байыркы египеттиктер С у и н, гректер С и е н а деп аташкан. Номарх Саренпут IIнин таш күмбөзү (биздин заманга чейин 20-кылым), Ыйык Симеондун христиан монастырынын калдыгы (8‒13-кылымдар), минарет жана көптөгөн чамгарактуу мавзолейлер (10‒11-кылымдар) сакталган. Филе аралында Осириса менен Исида (эллада мезгилин) жана «Киоск Траяна» (грек-рим мезгили) храмдар комплекси бар. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Асуан (азыркы Насер) суу сактагычынын курулушуна байланыштуу эстеликтер Агилкия аралына көчүрүлгөн. Жогорку индустриялык институту (1962), Нубия музейи (1997), ботаникалык бак бар. Асуан ‒ маанилүү өнөр жай борбору. Химия (азот жер семирткичин чыгарат), металлургия, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Мусулман-исмаилиттердин зыярат кылуучу жайы. Асуанга жакын жайгашкан гидроэнергетикалык комплекси СССРдин жардамы менен курулган.
Р. Карачалова.