Difference between revisions of "АСТУРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– тарыхый облус. Испаниянын түндүгүндөгү Бискай булуңунун жээгинде жайгашкан. Аянты 10,604 ''км2''. Калкы 1 028 244 адам (2018). Батышынан Галисия, чыгышынан Кантабрия ж-а түштүгүнөн Кастилия-Леон м-н чектешет. Негизги шаары – Овьедо. Мал чарбасы, дыйканчылык (жүгөрү, буурчак, картошка, тоют өсүмдүктөрү) ж-а балык чарбасы, о. эле тоо-кен ж. б. оор өнөр жай тармактары өнүккөн. А-дан көмүр, сымап, темир, марганец рудалары, жез, вольфрам казылып алынып, электр энергиясы өндүрүлөт. А. аймагын адамдар Төмөнкү Палеолит доорунда (100 миң жыл мурун) эле мекендеген. Мезолит доорунда астуриялык деп аталган өзгөчө археол. мад-т өнүккөн, анын издери көбүнчө деңизге жакын үңкүрлөрдө кездешет. Антикалык авторлор (Плиний Улуу, Помпоний Мела, Страбон) коңшулары кантабралар м-н касташкан астурлардын автохтондук иберий уруусун эскеришет. Б. з. ч. 1-к-да римдиктердин басып алышы м-н эки уруу (кантабралар м-н иберий уруулары) биригип, басып алуучуларга каршы (Кантабрий согушу б. з. ч. 29–19) күрөшкөн. Узакка созулган каршылыктардан кийин А. Галициянын бир бөлүгү м-н бирге 216-ж. өзүнчө провинцияга бөлүнгөн. Рим империясы кулаган соң, аймакты б. з. 6-к-ында Свев ж-а Вестгот уруулары басып алган. 8-к-дын башында мусулман экспансиясынын натыйжасында Луго ж-а Хихон ш. мусулмандардын гарнизонуна айланган. Ковадонг алдындагы салгылашта (718) Пелайо жетектеген христиан отряды арабдарды жеңгенден кийин А. көз карандысыз королдугу (борбору Овьедо) түзүлгөн. . А. королдугу Пиреней ж. аралында пайда болгон алгачкы христиан мамлекети болгон. Королдукту 718-ж. А-да мавритандык бийликке каршы көтөрүлгөн Вестгот королу Родерихтин мурунку жан сакчысы Пелайо негиздеген. Ал Испаниянын түн.-батышындагы (Баск өлкөсүнүн батышы) тоолуу аймакты камтыган кичинекей королдуктун королу болуп шайланып, арабдардан көз карандысыздыгын сактап калган. Пелайонун мураскери Фафиланын тушунда (737) А. королдугунун аймагы кеңейген. А. королдугунун акыркы королу Альфонсо III Улуунун учурунда (866–910) королдук бийлик чыңдалган. Королдук 924-ж. чейин А., кийин Леон королдугу аталган. 1230-ж. Леон королдугу Кастилия ж-а Леон королдугуна бириккен. 16-к-да калктын саны өскөн. 18-к-да А. испаниялык билим берүү борборлорунун бирине айланган. А-да көмүр м-н темирди системалуу пайдалануунун ачылышы м-н өнөр жай революциясы башталган. Ошол эле учурда Америкага (мисалы, Аргентина, Уругвай, Пуэрто-Рико, Куба ж-а Мексика) олуттуу миграция башталган. 1808–13-ж. А. француз баскынчыларына каршы көтөрүлүштүн таянычы. Испанияда болгон жарандык согушка А. чоң роль ойногон. 1934-ж. 5-октябрда көтөрүлүштүн натыйжасында А-да "Жумушчу-Дыйкан республикасы" жарыяланган. 1937-ж. А-ны козголоңчул күчтөр басып алган. Республиканы биротоло жеңип, диктатураны орноткондон кийин Франко А-ны "Овьедо провинциясы" деп атаган. Княздыктын аты ж-а статусу провинцияга 1977-ж. Испанияда демократия калыбына келгенден кийин гана кайтарылган. 1982-жылдан А. автономиялуу облус.

'''АСТУРИЯ–''' тарыхый облус. Испаниянын түндүгүндөгү Бискай булуңунун жээгинде жайгашкан. Аянты 10,604 ''км2''. Калкы 1 028 244 адам (2018). Батышынан Галисия, чыгышынан Кантабрия жана түштүгүнөн Кастилия-Леон менен чектешет. Негизги шаары – Овьедо. Мал чарбасы, дыйканчылык (жүгөрү, буурчак, картошка, тоют өсүмдүктөрү) жана балык чарбасы, ошондой эле тоо-кен ж. б. оор өнөр жай тармактары өнүккөн. Астуриядан көмүр, сымап, темир, марганец рудалары, жез, вольфрам казылып алынып, электр энергиясы өндүрүлөт. Астурия аймагын адамдар Төмөнкү Палеолит доорунда (100 миң жыл мурун) эле мекендеген. Мезолит доорунда астуриялык деп аталган өзгөчө археологиялык  маданият өнүккөн, анын издери көбүнчө деңизге жакын үңкүрлөрдө кездешет. Антикалык авторлор (Плиний Улуу, Помпоний Мела, Страбон) коңшулары кантабралар менен касташкан астурлардын автохтондук иберий уруусун эскеришет. Б. з. ч. 1-кылымда римдиктердин басып алышы менен эки уруу (кантабралар менен иберий уруулары) биригип, басып алуучуларга каршы (Кантабрий согушу б. з. ч. 29–19) күрөшкөн. Узакка созулган каршылыктардан кийин Астурия Галициянын бир бөлүгү менен бирге 216-жылы өзүнчө провинцияга бөлүнгөн. Рим империясы кулаган соң, аймакты б. з. 6-кылымында Свев жана Вестгот уруулары басып алган. 8-кылымдын башында мусулман экспансиясынын натыйжасында Луго жана Хихон шаарлары мусулмандардын гарнизонуна айланган. Ковадонг алдындагы салгылашта (718) Пелайо жетектеген христиан отряды арабдарды жеңгенден кийин Астурия көз карандысыз королдугу (борбору Овьедо) түзүлгөн. Астурия королдугу Пиреней жарым аралында пайда болгон алгачкы христиан мамлекети болгон. Королдукту 718-жылы Астурияда мавритандык бийликке каршы көтөрүлгөн Вестгот королу Родерихтин мурунку жан сакчысы Пелайо негиздеген. Ал Испаниянын түндүк-батышындагы (Баск өлкөсүнүн батышы) тоолуу аймакты камтыган кичинекей королдуктун королу болуп шайланып, арабдардан көз карандысыздыгын сактап калган. Пелайонун мураскери Фафиланын тушунда (737) Астурия королдугунун аймагы кеңейген. Астурия королдугунун акыркы королу Альфонсо III Улуунун учурунда (866–910) королдук бийлик чыңдалган. Королдук 924-жылга чейин Астурия, кийин Леон королдугу аталган. 1230-жылы Леон королдугу Кастилия жана Леон королдугуна бириккен. 16-кылымда калктын саны өскөн. 18-кылымда Астурия испаниялык билим берүү борборлорунун бирине айланган. Астурияда көмүр менен темирди системалуу пайдалануунун ачылышы менен өнөр жай революциясы башталган. Ошол эле учурда Америкага (мисалы, Аргентина, Уругвай, Пуэрто-Рико, Куба жана Мексика) олуттуу миграция башталган. 1808–13-жылдары Астурия француз баскынчыларына каршы көтөрүлүштүн таянычы. Испанияда болгон жарандык согушта Астурия чоң роль ойногон. 1934-жылы 5-октябрда көтөрүлүштүн натыйжасында Астурияда "Жумушчу-Дыйкан республикасы" жарыяланган. 1937-жылы Астурияны козголоңчул күчтөр басып алган. Республиканы биротоло жеңип, диктатураны орноткондон кийин Франко Астурияны "Овьедо провинциясы" деп атаган. Княздыктын аты жана статусу провинцияга 1977-жылы Испанияда демократия калыбына келгенден кийин гана кайтарылган. 1982-жылдан Астурия автономиялуу облус.
Ш. Керимова

[[Категория:1-Том]]

10:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСТУРИЯ– тарыхый облус. Испаниянын түндүгүндөгү Бискай булуңунун жээгинде жайгашкан. Аянты 10,604 км2. Калкы 1 028 244 адам (2018). Батышынан Галисия, чыгышынан Кантабрия жана түштүгүнөн Кастилия-Леон менен чектешет. Негизги шаары – Овьедо. Мал чарбасы, дыйканчылык (жүгөрү, буурчак, картошка, тоют өсүмдүктөрү) жана балык чарбасы, ошондой эле тоо-кен ж. б. оор өнөр жай тармактары өнүккөн. Астуриядан көмүр, сымап, темир, марганец рудалары, жез, вольфрам казылып алынып, электр энергиясы өндүрүлөт. Астурия аймагын адамдар Төмөнкү Палеолит доорунда (100 миң жыл мурун) эле мекендеген. Мезолит доорунда астуриялык деп аталган өзгөчө археологиялык маданият өнүккөн, анын издери көбүнчө деңизге жакын үңкүрлөрдө кездешет. Антикалык авторлор (Плиний Улуу, Помпоний Мела, Страбон) коңшулары кантабралар менен касташкан астурлардын автохтондук иберий уруусун эскеришет. Б. з. ч. 1-кылымда римдиктердин басып алышы менен эки уруу (кантабралар менен иберий уруулары) биригип, басып алуучуларга каршы (Кантабрий согушу б. з. ч. 29–19) күрөшкөн. Узакка созулган каршылыктардан кийин Астурия Галициянын бир бөлүгү менен бирге 216-жылы өзүнчө провинцияга бөлүнгөн. Рим империясы кулаган соң, аймакты б. з. 6-кылымында Свев жана Вестгот уруулары басып алган. 8-кылымдын башында мусулман экспансиясынын натыйжасында Луго жана Хихон шаарлары мусулмандардын гарнизонуна айланган. Ковадонг алдындагы салгылашта (718) Пелайо жетектеген христиан отряды арабдарды жеңгенден кийин Астурия көз карандысыз королдугу (борбору Овьедо) түзүлгөн. Астурия королдугу Пиреней жарым аралында пайда болгон алгачкы христиан мамлекети болгон. Королдукту 718-жылы Астурияда мавритандык бийликке каршы көтөрүлгөн Вестгот королу Родерихтин мурунку жан сакчысы Пелайо негиздеген. Ал Испаниянын түндүк-батышындагы (Баск өлкөсүнүн батышы) тоолуу аймакты камтыган кичинекей королдуктун королу болуп шайланып, арабдардан көз карандысыздыгын сактап калган. Пелайонун мураскери Фафиланын тушунда (737) Астурия королдугунун аймагы кеңейген. Астурия королдугунун акыркы королу Альфонсо III Улуунун учурунда (866–910) королдук бийлик чыңдалган. Королдук 924-жылга чейин Астурия, кийин Леон королдугу аталган. 1230-жылы Леон королдугу Кастилия жана Леон королдугуна бириккен. 16-кылымда калктын саны өскөн. 18-кылымда Астурия испаниялык билим берүү борборлорунун бирине айланган. Астурияда көмүр менен темирди системалуу пайдалануунун ачылышы менен өнөр жай революциясы башталган. Ошол эле учурда Америкага (мисалы, Аргентина, Уругвай, Пуэрто-Рико, Куба жана Мексика) олуттуу миграция башталган. 1808–13-жылдары Астурия француз баскынчыларына каршы көтөрүлүштүн таянычы. Испанияда болгон жарандык согушта Астурия чоң роль ойногон. 1934-жылы 5-октябрда көтөрүлүштүн натыйжасында Астурияда "Жумушчу-Дыйкан республикасы" жарыяланган. 1937-жылы Астурияны козголоңчул күчтөр басып алган. Республиканы биротоло жеңип, диктатураны орноткондон кийин Франко Астурияны "Овьедо провинциясы" деп атаган. Княздыктын аты жана статусу провинцияга 1977-жылы Испанияда демократия калыбына келгенден кийин гана кайтарылган. 1982-жылдан Астурия автономиялуу облус.
Ш. Керимова