Difference between revisions of "АСТРОНОМИЯЛЫК ПРИБОРЛОР ЖАНА АСПАПТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АСТРОНОМИЯЛЫК ПРИБОРЛОР ЖАНА АСПАПТАР''' ‒ астрономиялык  байкоолорду жүргүзүүгө арналган куралдар. Буларга байкоо жүргүзүүчү (''телескоптор'' ) жана жарыкты анализдөөчү аппараттар, убакытты өлчөөчү приборлор, эсептеп чыгаруучу машиналар кирет. Оптикалык телескоптор асман объектилеринин жарыгын топтоп, алардын сүрөттөлүшүн түзөт. Алар оптика схемалары боюнча, күзгүлүү система ‒ рефлекторлор, линзалуу система-рефракторлор жана күзгүлүү-линзалуу система (Шмидт, Максутов телескоптору ж. б.) болуп бөлүнөт. Телескоптор колдонулушуна жараша жылдызды, тумандуулукту, галактиканы, планеталарды жана Айды изилдөөчү болуп айырмаланат. Колдонулуучу аспаптарга: кассеталар, спектрографтар, электрофотометрлер менен жабдылган ири рефлекторлор, бир эле мезгилде асмандын чоӊ бөлүгүн сүрөткө түшүрүүчү аспаптар ‒ Максутовдун же Шмидттин кеӊ бурчтуу астрографтары; асман объектилеринин координаталарын жана алардын меридиан аркылуу өтүү убактысын өтө так ченөөчү аспаптар кирет. Мурдагы убакыт приборлору: күн сааты, гномон жана квадранттардын ордуна азыркы кварцтуу жана молекулалык (же атомдук) сааттар колдонулат. Байкоодо алынган сүрөттөр: блинккомпаратор, микрофотометр жана жылдыздык микрофотометр сыяктуу лабораториялык приборлордо изилденип, байкоо натыйжалары эсептөөчү машинада эсептелет. Планетарийлердеги аппараттар, Күн системасынын модели да астр. приборго кирет. Радиоастрономияда ''радиотелескоптор'' ж. б. изилдөөлөрдө телескоптун түрлөрү (күн телескобу, нейтрондук телескоп) колдонулат. Мындан тышкары астрономияда телескоптун фокусунда жайгашкан ар түрдүү нурланууну кабылдагычтар да приборлордун катарына кирет.

[[Категория:1-Том]]

10:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСТРОНОМИЯЛЫК ПРИБОРЛОР ЖАНА АСПАПТАР ‒ астрономиялык байкоолорду жүргүзүүгө арналган куралдар. Буларга байкоо жүргүзүүчү (телескоптор ) жана жарыкты анализдөөчү аппараттар, убакытты өлчөөчү приборлор, эсептеп чыгаруучу машиналар кирет. Оптикалык телескоптор асман объектилеринин жарыгын топтоп, алардын сүрөттөлүшүн түзөт. Алар оптика схемалары боюнча, күзгүлүү система ‒ рефлекторлор, линзалуу система-рефракторлор жана күзгүлүү-линзалуу система (Шмидт, Максутов телескоптору ж. б.) болуп бөлүнөт. Телескоптор колдонулушуна жараша жылдызды, тумандуулукту, галактиканы, планеталарды жана Айды изилдөөчү болуп айырмаланат. Колдонулуучу аспаптарга: кассеталар, спектрографтар, электрофотометрлер менен жабдылган ири рефлекторлор, бир эле мезгилде асмандын чоӊ бөлүгүн сүрөткө түшүрүүчү аспаптар ‒ Максутовдун же Шмидттин кеӊ бурчтуу астрографтары; асман объектилеринин координаталарын жана алардын меридиан аркылуу өтүү убактысын өтө так ченөөчү аспаптар кирет. Мурдагы убакыт приборлору: күн сааты, гномон жана квадранттардын ордуна азыркы кварцтуу жана молекулалык (же атомдук) сааттар колдонулат. Байкоодо алынган сүрөттөр: блинккомпаратор, микрофотометр жана жылдыздык микрофотометр сыяктуу лабораториялык приборлордо изилденип, байкоо натыйжалары эсептөөчү машинада эсептелет. Планетарийлердеги аппараттар, Күн системасынын модели да астр. приборго кирет. Радиоастрономияда радиотелескоптор ж. б. изилдөөлөрдө телескоптун түрлөрү (күн телескобу, нейтрондук телескоп) колдонулат. Мындан тышкары астрономияда телескоптун фокусунда жайгашкан ар түрдүү нурланууну кабылдагычтар да приборлордун катарына кирет.