Difference between revisions of "АСМАН МЕХАНИКАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(11 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын
'''АСМАН МЕХАНИКАСЫ'''  ‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. Асман механикасынын илим катарында өнүгүшүн кеӊейтип, франциялык  окумуштуу  П. Лаплас 1798-жылы чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын илимий маанисин көрсөтүп, Асман механикасы деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-кылымда немис окумуштуусу К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар менен кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор менен салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. Асман механикасында Жер менен Айдын кыймылы да изилденет. 20-кылымда америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) жана Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. Асман механикасынын жаӊы бөлүмү болуп, Күн системасындагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик Асман механикасы эсептелет.

өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. А. м-нын илим катарында өнүгүшүн кеӊейтип, фр. окумуштуусу П. Лаплас 1798-ж. чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын ил. маанисин көрсөтүп, А. м. деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-к-да нем. К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар м-н кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор м-н салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. А. м-нда Жер м-н Айдын кыймылы да изилденет. 20-к-да америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) ж-а Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. А. м-нын жаӊы бөлүмү болуп Күн системасын дагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик А. м. эсептелет.

[[Категория:1-Том]]

10:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСМАН МЕХАНИКАСЫ ‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. Асман механикасынын илим катарында өнүгүшүн кеӊейтип, франциялык окумуштуу П. Лаплас 1798-жылы чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын илимий маанисин көрсөтүп, Асман механикасы деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-кылымда немис окумуштуусу К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар менен кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор менен салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. Асман механикасында Жер менен Айдын кыймылы да изилденет. 20-кылымда америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) жана Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. Асман механикасынын жаӊы бөлүмү болуп, Күн системасындагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик Асман механикасы эсептелет.