Difference between revisions of "АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ"
497-555>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн | '''АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ'''– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат. | ||
зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн ж-а моралдык- | [[Категория:1-Том]] | ||
өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге | |||
негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык- | |||
аскердик- | |||
куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо | |||
негизги милдетине кирет. | |||
эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук | |||
коомдор ж. б. жүргүзүшөт. | |||
10:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.