Difference between revisions of "АСБЕСТ-ЦЕМЕНТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АСБЕСТ-ЦЕМЕНТ''' – ''портландцемент'' жана хризотил-асбест буласынын (була узундугу 1–10 ''мм)'' суудагы аралашмасынан алынуучу курулуш материалы. Портландцемент массасынын 100 бөлүгүнө ''асбест'' массасынын 15–20 бөлүгү кошулуп жасалат. Асбест-цементтин курамындагы асбест буласы өтө бышык, щелочторго туруктуу жана цементке караганда адсорбциялык жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан армирлөөчү элементтин ролун аткарат, ошондой эле ал асбест-цементтин ийкемдүүлүгүн жана бышыктыгын арттыргандыктан, андан 5–10 ''мм'' калыңдыктагы такта алууга болот. Анын бышыктык чеги кысылууда 90 ''МПа,'' ийилгенде 30 ''МПа;'' иштетүү илээшкектиги 1,8–2,5 ''кДж/м2.'' Асбест-цемент дээрлик суу өткөрбөйт, узакка пайдаланылат, отко күйбөйт, электр тогун өткөрбөйт. Кемчилиги – нымдуулук узак убакыт таасир эткенде быркырап, деформацияланышы мүмкүн. Ал үйдүн чатырын жабууда, такта жана түтүктөрдүн бетин каптоодо конструкциялык материал катары пайдаланылат. Асбест-цемент буюмдарын өндүрүү технологиясын 1901-ж. австриялык инженер Л. Гатчек сунуштаган. Мындай такта чыгаруучу алгачкы заводдор 1903-ж. Феклабруккта (Австрия), 1910-ж. Европа менен Америкада курулган. Россияда 1908-ж. Брянск шаарында өндүрүлө баштаган. 1913-ж. Италияда Асбест-цементтен жиксиз түтүктөр жасала баштаган. 1933-жылдан СССРде толкундуу шифер чыгарылган. 1990-жылдын акырынан баштап азыркыга чейин түстүү же полимер плёнка чапталган жана декоративдүү минерал күкүм менен капталган такталар жасалат. Андан электр техникалык электр-изоляциялоочу такталар жасалып, электр щиттеринде, электр машинасынын негизин жасоодо колдонулат. Мындай такталардан башка асбест-цемент түтүктөрү тиричиликте көп колдонулат. Алар канализацияда желдеткич кабель жаткыруу үчүн, таштанды салынуучу түтүктөрдө пайдаланылат. Мындай түтүктөрдү жылуулук трассасы үчүн пайдалануунун артыкчылыгы бар. Болот түтүккө караганда мындай түтүктөрдү дат баспайт; суу тийгенде түтүк мурдагыдан дагы бышык тартат; жер астындагы суу таасир этпейт. Асбест-цемент түтүктөр муфталуу бириктиргич менен бириктирилет.
Ад.: ''Попов К. H., Kaddo М. Б.'' Строительные материалы и изделия. М., 2005.
'''АСБЕСТ-ЦЕМЕНТ''' – ''портландцемент'' жана хризотил-асбест буласынын (була узундугу 1–10 ''мм)'' суудагы аралашмасынан алынуучу курулуш материалы. Портландцемент массасынын 100 бөлүгүнө ''асбест'' массасынын 15–20 бөлүгү кошулуп жасалат. Асбест-цементтин курамындагы асбест буласы өтө бышык, щелочторго туруктуу жана цементке караганда адсорбциялык жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан армирлөөчү элементтин ролун аткарат, ошондой эле ал асбест-цементтин ийкемдүүлүгүн жана бышыктыгын арттыргандыктан, андан 5–10 ''мм'' калыңдыктагы такта алууга болот. Анын бышыктык чеги кысылууда 90 ''МПа,'' ийилгенде 30 ''МПа;'' иштетүү илээшкектиги 1,8–2,5 ''кДж/м2.'' Асбест-цемент дээрлик суу өткөрбөйт, узакка пайдаланылат, отко күйбөйт, электр тогун өткөрбөйт. Кемчилиги – нымдуулук узак убакыт таасир эткенде быркырап, деформацияланышы мүмкүн. Ал үйдүн чатырын жабууда, такта жана түтүктөрдүн бетин каптоодо конструкциялык материал катары пайдаланылат. Асбест-цемент буюмдарын өндүрүү технологиясын 1901-жылы австриялык инженер Л. Гатчек сунуштаган. Мындай такта чыгаруучу алгачкы заводдор 1903-жылы Феклабруккта (Австрия), 1910-жылы Европа менен Америкада курулган. Россияда 1908-жылы Брянск шаарында өндүрүлө баштаган. 1913-жылы Италияда Асбест-цементтен жиксиз түтүктөр жасала баштаган. 1933-жылдан СССРде толкундуу шифер чыгарылган. 1990-жылдын акырынан баштап азыркыга чейин түстүү же полимер плёнка чапталган жана декоративдүү минерал күкүм менен капталган такталар жасалат. Андан электр техникалык электр-изоляциялоочу такталар жасалып, электр щиттеринде, электр машинасынын негизин жасоодо колдонулат. Мындай такталардан башка асбест-цемент түтүктөрү тиричиликте көп колдонулат. Алар канализацияда желдеткич кабель жаткыруу үчүн, таштанды салынуучу түтүктөрдө пайдаланылат. Мындай түтүктөрдү жылуулук трассасы үчүн пайдалануунун артыкчылыгы бар. Болот түтүккө караганда мындай түтүктөрдү дат баспайт; суу тийгенде түтүк мурдагыдан дагы бышык тартат; жер астындагы суу таасир этпейт. Асбест-цемент түтүктөр муфталуу бириктиргич менен бириктирилет.
Ад.: ''Попов К. H., Kaddo М. Б.'' Строительные материалы и изделия. М., 2005.
[[Категория:1-Том]]

10:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСБЕСТ-ЦЕМЕНТпортландцемент жана хризотил-асбест буласынын (була узундугу 1–10 мм) суудагы аралашмасынан алынуучу курулуш материалы. Портландцемент массасынын 100 бөлүгүнө асбест массасынын 15–20 бөлүгү кошулуп жасалат. Асбест-цементтин курамындагы асбест буласы өтө бышык, щелочторго туруктуу жана цементке караганда адсорбциялык жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан армирлөөчү элементтин ролун аткарат, ошондой эле ал асбест-цементтин ийкемдүүлүгүн жана бышыктыгын арттыргандыктан, андан 5–10 мм калыңдыктагы такта алууга болот. Анын бышыктык чеги кысылууда 90 МПа, ийилгенде 30 МПа; иштетүү илээшкектиги 1,8–2,5 кДж/м2. Асбест-цемент дээрлик суу өткөрбөйт, узакка пайдаланылат, отко күйбөйт, электр тогун өткөрбөйт. Кемчилиги – нымдуулук узак убакыт таасир эткенде быркырап, деформацияланышы мүмкүн. Ал үйдүн чатырын жабууда, такта жана түтүктөрдүн бетин каптоодо конструкциялык материал катары пайдаланылат. Асбест-цемент буюмдарын өндүрүү технологиясын 1901-жылы австриялык инженер Л. Гатчек сунуштаган. Мындай такта чыгаруучу алгачкы заводдор 1903-жылы Феклабруккта (Австрия), 1910-жылы Европа менен Америкада курулган. Россияда 1908-жылы Брянск шаарында өндүрүлө баштаган. 1913-жылы Италияда Асбест-цементтен жиксиз түтүктөр жасала баштаган. 1933-жылдан СССРде толкундуу шифер чыгарылган. 1990-жылдын акырынан баштап азыркыга чейин түстүү же полимер плёнка чапталган жана декоративдүү минерал күкүм менен капталган такталар жасалат. Андан электр техникалык электр-изоляциялоочу такталар жасалып, электр щиттеринде, электр машинасынын негизин жасоодо колдонулат. Мындай такталардан башка асбест-цемент түтүктөрү тиричиликте көп колдонулат. Алар канализацияда желдеткич кабель жаткыруу үчүн, таштанды салынуучу түтүктөрдө пайдаланылат. Мындай түтүктөрдү жылуулук трассасы үчүн пайдалануунун артыкчылыгы бар. Болот түтүккө караганда мындай түтүктөрдү дат баспайт; суу тийгенде түтүк мурдагыдан дагы бышык тартат; жер астындагы суу таасир этпейт. Асбест-цемент түтүктөр муфталуу бириктиргич менен бириктирилет.
Ад.: Попов К. H., Kaddo М. Б. Строительные материалы и изделия. М., 2005.