Difference between revisions of "АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Ички Теңир-Тоодо. ЖетимБел ж-а Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан. Уз. 44 ''км,'' туурасы I ''км''дей'','' өрөөндүн
'''АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ''' Ички Теңир-Тоодо. Жетим-Бел жана Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан. Узундугу 44 ''км,'' туурасы 1 ''км''дей'','' өрөөндүн таманы деңиз деңгээлинен 2700–3000 ''м'' бийиктикте; курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1300–1500 ''м.'' Өрөөн палеозой тоо тектеринин неогенде төмөн ийилишинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен жана суу эрозиясынан пайда болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр өрөөндүн таманында 8–26 ''км''ге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү пайда кылган. Таманы жазы жана түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Too капталдары капчыгайлуу. Азыркы мөңгүнүн басымдуу бөлүгү Жетимдин түндүк капталында жайгашкан; эң ириси – Эгиз-Төр (узундугу 5 ''км).'' Өрөөн аркылуу батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы-Жер тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орточо температурасы –12–13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 ''мм.'' Өрөөндө шалбаалуу талаа жана шалбаа (3000 ''м''ге чейин), доңуз сырттуу субальп жана альп шалбаасы (3000–3300 ''м),'' андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.
таманы деңиз деңг. 2700–3000 ''м'' бийиктикте;
[[Категория:1-Том]]
курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 1300–1500 ''м.'' Өрөөн палеозой тоо тектеринин неогенде төмөн ийилипшинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен ж-а суу эрозиясынан пайда
болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон.
Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр
өрөөндүн таманында 8-26 ''км''ге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү
пайда кылган. Таманы жазы ж-а түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Too капталдары
капчыгайлуу. Азыркы мөңгүнүн басымдуу
бөлүгү Жетимдин түн. капталында жайгашкан;
эң ириси – Эгиз-Төр (уз. 5 ''км).'' Өрөөн аркылуу
батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы-Жер
тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы -
12–13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 ''мм.'' Өрөөндө шалбаалуу талая ж-а
шалбаа (3000 ''м''ге чейин), доңуз сырттуу субальп
ж-а альп шалбаасы (3000–3300 ''м),'' андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.

10:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Жетим-Бел жана Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан. Узундугу 44 км, туурасы 1 кмдей, өрөөндүн таманы деңиз деңгээлинен 2700–3000 м бийиктикте; курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1300–1500 м. Өрөөн палеозой тоо тектеринин неогенде төмөн ийилишинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен жана суу эрозиясынан пайда болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр өрөөндүн таманында 8–26 кмге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү пайда кылган. Таманы жазы жана түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Too капталдары капчыгайлуу. Азыркы мөңгүнүн басымдуу бөлүгү Жетимдин түндүк капталында жайгашкан; эң ириси – Эгиз-Төр (узундугу 5 км). Өрөөн аркылуу батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы-Жер тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орточо температурасы –12–13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 мм. Өрөөндө шалбаалуу талаа жана шалбаа (3000 мге чейин), доңуз сырттуу субальп жана альп шалбаасы (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.