Difference between revisions of "АРХИМЕД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АРХИМЕ́Д''' ― (болжолу б. з. ч. 287–212, Сира-куз ш.) – байыркы грек илимпозу, математик ж-а механик. ''Статика'' м-н гидростатиканы негиздөөчү. Ил. иштерин механик ж-а техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе ж-а фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимд. алгачкы окумуштуусу, механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү тех. ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал ''π'' санынын маанисин өтө тактыкта <math>3\frac{10}{71}<\pi<3\frac{1}{7}</math> эсептеп чыккан ж-а нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун матем. жол м-н чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.
'''АРХИМЕ́Д''' ― (болжолу б. з. ч. 287 – 212, Сиракузы  шаары) – байыркы грек илимпозу, математик жана механик. ''Статика'' менен гидростатиканы негиздөөчү. Илимий иштерин механик жана техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе жана фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимдеринин  алгачкы окумуштуусу, Механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү техникалык ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал ''π'' санынын маанисин өтө тактыкта <math>3\frac{10}{71}<\pi<3\frac{1}{7}</math> эсептеп чыккан жана нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун математикалык  жол менен чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.
[[Категория:1-Том]]

10:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРХИМЕ́Д ― (болжолу б. з. ч. 287 – 212, Сиракузы шаары) – байыркы грек илимпозу, математик жана механик. Статика менен гидростатиканы негиздөөчү. Илимий иштерин механик жана техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе жана фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимдеринин алгачкы окумуштуусу, Механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү техникалык ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал π санынын маанисин өтө тактыкта эсептеп чыккан жана нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун математикалык жол менен чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.