Difference between revisions of "АРТМАНЕ ВИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АРТМАНЕ''' Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-ж. т., Тукум ш.) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1949-ж. Ригадагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949–98-ж. ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) эмгектенген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, «Елизавета Английская»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998–99-ж. жаңы Рига театрында Графинянын (А. С. Пушкин, «Карганын маткеси» ж. б., ролдорду аткарган. 1983–87-ж. Латвия CCP театр коомунун председатели. Кинофильмдерде (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
'''АРТМАНЕ''' '''Вия''' (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-жылы туулган, Тукум шаары) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1949-жылы Рига шаарындагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949–1998-жылдары ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) эмгектенген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, « Англис Елизаветасы»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998–1999-жылдары жаңы Рига театрында Графинянын (А.С.Пушкин, «Карганын маткеси») жана башка ролдорду аткарган. 1983–1987-жылдары Латвия CCP театр коомунун председатели болуп иштеген. Кинотасмаларда (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) жана башкалар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
[[Категория:1-Том]]

10:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРТМАНЕ Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-жылы туулган, Тукум шаары) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1949-жылы Рига шаарындагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949–1998-жылдары ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) эмгектенген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, « Англис Елизаветасы»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998–1999-жылдары жаңы Рига театрында Графинянын (А.С.Пушкин, «Карганын маткеси») жана башка ролдорду аткарган. 1983–1987-жылдары Латвия CCP театр коомунун председатели болуп иштеген. Кинотасмаларда (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) жана башкалар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.