Difference between revisions of "АРСЫ СИЕНИТ КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АРСЫ СИЕНИТ КЕНИ''' – Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 12 ''км'' түндүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш этегинде, Арсы сайынын сол өйүзүндө. Аймакта карбон мезгилинде пайда болгон сланец, акиташ теги, кумдук <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> аларды жиреп чыккан сиенит массиви жатат. Кен массивдеги ири кристаллдуу сиениттен турат. Сиенит бозомук, көгүлтүр <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговая обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын кубулжуган эң кооз көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка минералдарга караганда чоңураак келип, порфир сымал негизги структураны түзөт. Кристаллдардын узундугу 3–30 ''см.'' Туурасы 5–10 ''см.'' Алардын тоо тектеги өлчөмү 40–50%. Таштын механикалык катуулугу 90–107 ''мПа.'' Көлөмдүк массадан блок алынышы 50%. 1 ''м<sup>3</sup>'' таштан 2 ''см'' калыңдыктагы 23–24 жылмаланган такта алынат. Алар имараттардын ички, тышкы дубалын, таманын кооздоп каптоого жарамдуу.

[[Категория:1-Том]]

10:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРСЫ СИЕНИТ КЕНИ – Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 12 км түндүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш этегинде, Арсы сайынын сол өйүзүндө. Аймакта карбон мезгилинде пайда болгон сланец, акиташ теги, кумдук жана аларды жиреп чыккан сиенит массиви жатат. Кен массивдеги ири кристаллдуу сиениттен турат. Сиенит бозомук, көгүлтүр жана кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговая обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын кубулжуган эң кооз көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка минералдарга караганда чоңураак келип, порфир сымал негизги структураны түзөт. Кристаллдардын узундугу 3–30 см. Туурасы 5–10 см. Алардын тоо тектеги өлчөмү 40–50%. Таштын механикалык катуулугу 90–107 мПа. Көлөмдүк массадан блок алынышы 50%. 1 м3 таштан 2 см калыңдыктагы 23–24 жылмаланган такта алынат. Алар имараттардын ички, тышкы дубалын, таманын кооздоп каптоого жарамдуу.