Difference between revisions of "АРПА ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АРПА ӨРӨӨНҮ –''' Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо. Түштүк-батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түндүк-чыгышынан Орток-Тoo жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 ''км,'' эң жазы жери 32 ''км.'' Өрөөн түндүк-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жатат. Таманы деңиз деңгээлинен 2600–3600 ''м'' бийиктикте. Apпa суусу өрөөндү 2 бөлүккө (жантайыңкы жазы сол жана тигирээк ичке оң жээкке) бөлөт. Арпа өрөөнү – грабень-синклиналдык ойдуң. Таманы шиленди жана үбөлөндү тектердин калың катмарына толгон. Климаты катаал: жылдык орточо температурасы –5,4°С, январдыкы –23°С, июлдуку 9,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250–280 ''мм.'' Арпа өрөөнүнө шалбаалуу жана бадалдуу талаа (3000 ''м''ге чейин), күнгөйүнө субальп жарым чөлү жана кургак талаасы (3500 ''м''ге чейин), альп талаасы, тескейине субальп талаасы жана шалбаалуу талаасы, субнивалдык (3800 ''м''ге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Арпа өрөөнү – Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.

[[Категория:1-Том]]

10:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРПА ӨРӨӨНҮ – Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо. Түштүк-батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түндүк-чыгышынан Орток-Тoo жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 км, эң жазы жери 32 км. Өрөөн түндүк-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жатат. Таманы деңиз деңгээлинен 2600–3600 м бийиктикте. Apпa суусу өрөөндү 2 бөлүккө (жантайыңкы жазы сол жана тигирээк ичке оң жээкке) бөлөт. Арпа өрөөнү – грабень-синклиналдык ойдуң. Таманы шиленди жана үбөлөндү тектердин калың катмарына толгон. Климаты катаал: жылдык орточо температурасы –5,4°С, январдыкы –23°С, июлдуку 9,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250–280 мм. Арпа өрөөнүнө шалбаалуу жана бадалдуу талаа (3000 мге чейин), күнгөйүнө субальп жарым чөлү жана кургак талаасы (3500 мге чейин), альп талаасы, тескейине субальп талаасы жана шалбаалуу талаасы, субнивалдык (3800 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Арпа өрөөнү – Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.