Difference between revisions of "АРМЕНИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎Маданияты: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(Айастан), Армян Республикасы (Айастаны Анрапетутюн) – Азиянын
'''АРМЕНИЯ''' (Айастан), Армян Республикасы (Айастаны Анрапетутюн) – Азиянын түштүк-батышындагы мамлекет. ''Закавказьенин'' түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия, чыгышынан Азербайжан, түштүк-батышынан Иран жана Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия менен чектешет. Аянты

түш.-батышындагы мамлекет. ''Закавказьенин''
[[File:АРМЕНИЯ_13.png | thumb|none]]

түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия,
29,74 миң ''км2.'' Калкы 3,1 млн (2009). Администрациялык-аймактык жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт. Ереван шаары өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору – Ереван шаары. Акча бирдиги драм. Армения – БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн (1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.

чыгышынан Азербайжан, түш.-батышынан
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Иран ж-а Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия м-н чектешет. Аянты

Армения – унитардык мамлекет, 11 облустан турат. Конституциясы 1995-ж. 5-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы – Министрлер Кеңеши. Саясий партиялары: Армян жалпы улуттук кыймылы, Улуттук биримдик, Армян революциялык Дашнакцутюн федерациясы, Армения коммунисттик партиясы, Армения жалпы элдик кыймылы.

[[File:АРМЕНИЯ_13.png | thumb | none]]

==Табияты==
29,74 миң ''км1.'' Калкы 3,1 млн (2009). Адм.айм. жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31
Армения – тоолуу өлкө. ''Армян тайпак тоосунун'' Кичи Кавказдын кырка тоолору менен чектешкен түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%тен ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 ''м'' бийиктикте жайгашкан, орточо бийиктиги 1800 ''м,'' эң бийик жери Арагац чокусу 4090 ''м.'' Түштүк-батышында Apaрат түздүгү жайгашкан. Субтропиктик

шаарчага бөлүнөт. Ереван ш. өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору – Ереван ш. Акча бирдиги -
[[File:АРМЕНИЯ_14.png | thumb|Армениянын табияты.]]климаттык алкакта жайгашкан. Климаты негизинен континенттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орточо температурасы –5°С, июлдуку 24–26°С, жылдык жаан-чачыны 200–400 ''мм;'' тоолуу аймагында январдыкы –4°Сден –6°Сге чейин, июлдуку 18–20°С, жылдык жаан-чачыны 500 мм''ге'' чейин. Дарыялары Каспий деңизинин алабына кирет. Ири дарыялары: ''Аракс'' (чек ара аркылуу агат), ''Кура.'' Дарыялары шар агып, босоголуу болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары бар. Aрменияда 100дөн ашык көл бар, алардын эң ириси – ''Севан көлү.'' Too капталдарында 2000 ''м'' бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Аймагынын 1/5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) жана бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да кеңири таралган. Андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Дилижан, Хосров ж. б. коруктары, Севан улуттук паркы бар. Tooлуу талаа, шалбаалуу субальп жанa альп алкактары жайкы жайыт.

драм. А. – БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн
(1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун
(2003) мүчөсү.

==Мамлекеттик түзүлүшү.==
А – унитардык мамлекет, 11 облустан турат. Конституциясы 1995-ж.
5-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы -
аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга
бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу
бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы – Министрлер Кеңеши.

Саясий партиялары: Армян жалпы улуттук
кыймылы, Улуттук биримдик, Армян рев-ялык
Дашнакцутюн федерациясы, Армения комму -
нисттик партиясы, Армения жалпы элдик кыймылы.

==Табияты.==
А. – тоолуу өлкө. ''Армян тайпак
тоосунун'' Кичи Кавказдын кырка тоолору м-н
чектешкен түн.-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%тен ашыгы деңиз деңг. 1000 ''м'' бийиктикте жайгашкан, орт. бийикт.

1800 ''м,'' эң бийик
жери Арагац чокусу 4090 ''м.'' Түш.батышында Apa-

[[File:АРМЕНИЯ_14.png | thumb | Армениянын табияты.]]

рат түздүгү жайгашкан. Субтропиктик климаттык алкакта жайгашкан. Климаты негизинен континенттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орт.
темп-расы –5°С, июлдуку 24–26°С, жылдык
жаан-чачыны 200–400 ''мм;'' тоолуу аймагында январдыкы –4°Сден –6°Сге чейин, июлдуку 18–20°С, жылдык жаан-чачыны 500 ''ммге'' чейин.

Дарыялары Каспий деңизинин алабына кирет. Ири дарыялары: ''Аракс'' (чек ара аркылуу
агат), ''Кура.'' Дарыялары шар агып, босоголуу
болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары
бар. A-да 100дөн ашык көл бар, алардын эң
ириси – ''Севан көлү.'' Too капталдарында 2000 ''м''
бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк
кылат. Аймагынын V5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) ж-а
бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да

кеңири таралган. Андан жогору субальп ж-а альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Дилижан, Хосров ж. б. коруктары, Севан улуттук паркы бар. Too- луу талая, шалбаалуу субальп ж-a альп алкак- тары жайкы жайыт.

==Калкы==
==Калкы==
. Негизинен армяндар (93%), о. эле азер- байжаи, орус, курд, украин, грек, ассириялык- тар (айсорлор) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт.

Негизинен армяндар (93%), ошондой эле азербайжан, орус, курд, украин, грек, ассириялыктар (айсорлор)
[[File:АРМЕНИЯ_15.png | thumb | Ереван шаарынын жалпы көрүнүшү.]]

Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики –70,6, аялдардыкы –78,2 жаш. Орт.
ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт.

жыштыгы: I ''км2'' жерге 100,8 киши (2015); Арарат өрөөнүндө калк жыш (I ''км2'' 200) отурукташкан. Христиан динин тутат. Шаар калкы
[[File:АРМЕНИЯ_15.png | thumb|Ереван шаарынын жалпы көрүнүшү.]]Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики –70,6, аялдардыкы –78,2 жаш. Орточо жыштыгы: 1 ''км2'' жерге 100,8 киши (2015); Арарат өрөөнүндө калк жыш (1 ''км2'' 200) отурукташкан. Христиан динин тутат. Шаар калкы 64,2%. Ири шаарлары: Ереван, Гюмри, Ванадзор.

64,2%. Ири пгаарлары: Ереван, Гюмри, Ванадзор.

==Тарыхы==
==Тарыхы==
. Армян тайпак тоолору – дүйнөлүк
Армян тайпак тоолору – дүйнөлүк цивилизациянын эң байыркы борборлорунан. Археологиялык казмалардан табылган эмгек куралдары байыркы таш доорунда (палеолит
цивилизациянын эң байыркы борборлорунан.
Археол. казмалардан табылган эмгек куралдары
байыркы таш доорунда (палеолит) эле А-нын
аймагында адамдардын жашаганын, металл
иштетүү мад-тынын байыркы очокторунан экенин далилдейт. Б. з. ч. 5-4 миң жылдыкта эле
А-нын аймагында жезди иштетүү кеңири өнүккөндүгү белгилүү. Б. з. ч. 13-к-да Армян тайпак
тоосунда жашаган уруулар Ассириянын басып
алуусуна каршы күрөштө бир нече союздарга
(Уруатри, Наири, Дайани) бириккен. Аталган
союздардын негизинде б. з. ч. 9-к-да Урарту мамлекети түзүлгөн. 1950-ж. Аринберд дөбөсүнөн,
азыркы Ереван ш-нын аймагынан табылган шынаа сымал жазмада Meнуа уулу Аргиштинин
Эребуни чебин негиздегендиги (б. з. ч. 782-ж.)
тууралуу айтылат. Бул маалымат Ереван ш-нын
дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардан экендигин
айгинелейт. Урарту мамлекетинин борбору Тушпа болгон. Ассириялык шынаа сымал жазманын негизинде Урартунун өз жазуусу түзүлгөн.
Урартулуктар мал чарбасы, дыйканчылык м-н
кесиптенишкен, жасалма сугат системасы жогору өнүккөн. Кол өнөрчүлүктөн өзгөчө металл
иштетүү жогорку деңгээлге жеткен. Б. з. ч. 7-6-
к-да жүзүм өстүрүү ж-а вино жасоо өнүккөн.
Б. з. ч. I миң жылдыктын 2-жарымында армян
элинин калыптануусу аяктаган ''(к. Армяндар).''

[[File:АРМЕНИЯ_16.png | thumb | АРМЕНИЯ]]

Б. з. ч. 6-к-да ички биримдиктин жоктугу, о. эле

[[File:АРМЕНИЯ_23.png | thumb | «Пэпо» фильминен. (Пэпо – Г. Нерсесян, Какули —
[[File:АРМЕНИЯ_23.png | thumb | «Пэпо» фильминен. (Пэпо – Г. Нерсесян, Какули —
Д. Малян). 1935.]]

Д. Малян). 1935.]]

өнөрүнө режиссерлор С. Бабаян («13-апостол»,
өнөрүнө режиссерлор С. Бабаян («13-апостол», 1987), А. Хачатурян («Конд», 1987; «Унуткарчу шамал», 1989; «Эңсеген жерге кайтып келүү», 1991), В. Чалдранян («Куру сөз», 1991; «Кудайым ырайым кыл», 1997; «Жымжыртык симфониясы», 2002), М. Довлатян (Лабиринт, 1995) ж. б. зор салым кошушкан. Ал эми Aрменияда цирк искусствосу [актер гусандар, маскарапоздор (хехкатаки) жана куудул-сатириктери (цахрацу) ж. б.] орто кылымдарда эле өнүккөн. 1928-жылы Ереванда 1-цирк курулган, 1956-жылы цирк коллективи түзүлгөн жана 1961-жылы «Ереван» деген ат менен чыккан. 1991-жылдан Ереванда мамлекеттик цирк иштейт.
Ад.: ''Габриелян В. А.'' Зарубежная армянская литература: (Очерки истории). Ep., 1987; ''Гоян Г. И.'' 2000
1987), А. Хачатурян («Конд», 1987; «Унуткарчу
лет армянского театра. В 2 т. М., 1952; Кавказ. Природные условия и естественные ресурсы СССР. М., 1966; ''Тер-Саркисянц А Е.'' Армяне: История и этнокультурные традиции. М., 1998; ''Даринский А. В.'' Армения // География стран ближнего зарубежья. СПб., 1997; ''Степанян Н. С.'' Искусство Армении: Черты историко-художественного развития. М., 1989; ''Саркисян С.'' Армянская музыка в контексте XX в. М., 2002.
шамал», 1989; «Эңсеген жерге кайтып келүү»,

1991), В. Чалдранян («Куру сөз», 1991; «Кудайым ырайым кыл», 1997; «Жымжыртык симфониясы», 2002), М. Довлатян (Лабиринт, 1995)
''Ө. Бараталиев, А Орозов, Ш. Керимова, Ж. Абдилова.''
ж. б. зор салым кошушкан. Ал эми A-да цирк
[[Категория:1-Том]]
иск-восу [актер гусандар, маскарапоздор (хехкатаки) ж-а куудул-сатириктери (цахрацу) ж. б.]
о. кылымдарда эле өнүккөн. 1928-ж. Ереванда
1-цирк курулган, 1956-ж. цирк коллективи түзүлгөн ж-а 1961-ж. «Ереван» деген ат м-н чыккан. 1991-жылдан Ереванда мамл. цирк иштейт.

Ад.: ''Габриелян В. А.'' Зарубежная армянская литература: (Очерки истории). Ep., 1987; ''Гоян Г. И.'' 2000
лет армянского театра. В 2 т. М., 1952; Кавказ. Природные условия и естественные ресурсы СССР. М.,
1966; ''Тер-Саркисянц А Е.'' Армяне: История и этнокультурные традиции. М., 1998; ''Даринский А. В.''
Армения // География стран ближнего зарубежья.
СПб., 1997; ''Степанян Н. С.'' Искусство Армении:
Черты историко-художественного развития. М., 1989;
''Саркисян С.'' Армянская музыка в контексте XX в.
М., 2002. ''Ө. Бараталиев, А Орозов, Ж. Абдилова.''

10:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРМЕНИЯ (Айастан), Армян Республикасы (Айастаны Анрапетутюн) – Азиянын түштүк-батышындагы мамлекет. Закавказьенин түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия, чыгышынан Азербайжан, түштүк-батышынан Иран жана Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия менен чектешет. Аянты

АРМЕНИЯ 13.png

29,74 миң км2. Калкы 3,1 млн (2009). Администрациялык-аймактык жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт. Ереван шаары өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору – Ереван шаары. Акча бирдиги – драм. Армения – БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн (1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Армения – унитардык мамлекет, 11 облустан турат. Конституциясы 1995-ж. 5-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы – Министрлер Кеңеши. Саясий партиялары: Армян жалпы улуттук кыймылы, Улуттук биримдик, Армян революциялык Дашнакцутюн федерациясы, Армения коммунисттик партиясы, Армения жалпы элдик кыймылы.

Табияты

Армения – тоолуу өлкө. Армян тайпак тоосунун Кичи Кавказдын кырка тоолору менен чектешкен түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%тен ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, орточо бийиктиги 1800 м, эң бийик жери Арагац чокусу 4090 м. Түштүк-батышында Apaрат түздүгү жайгашкан. Субтропиктик

Армениянын табияты.

климаттык алкакта жайгашкан. Климаты негизинен континенттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орточо температурасы –5°С, июлдуку 24–26°С, жылдык жаан-чачыны 200–400 мм; тоолуу аймагында январдыкы –4°Сден –6°Сге чейин, июлдуку 18–20°С, жылдык жаан-чачыны 500 ммге чейин. Дарыялары Каспий деңизинин алабына кирет. Ири дарыялары: Аракс (чек ара аркылуу агат), Кура. Дарыялары шар агып, босоголуу болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары бар. Aрменияда 100дөн ашык көл бар, алардын эң ириси – Севан көлү. Too капталдарында 2000 м бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Аймагынын 1/5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) жана бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да кеңири таралган. Андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Дилижан, Хосров ж. б. коруктары, Севан улуттук паркы бар. Tooлуу талаа, шалбаалуу субальп жанa альп алкактары жайкы жайыт.

Калкы

Негизинен армяндар (93%), ошондой эле азербайжан, орус, курд, украин, грек, ассириялыктар (айсорлор)

ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт.

Ереван шаарынын жалпы көрүнүшү.

Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики –70,6, аялдардыкы –78,2 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 100,8 киши (2015); Арарат өрөөнүндө калк жыш (1 км2 200) отурукташкан. Христиан динин тутат. Шаар калкы 64,2%. Ири шаарлары: Ереван, Гюмри, Ванадзор.

Тарыхы

Армян тайпак тоолору – дүйнөлүк цивилизациянын эң байыркы борборлорунан. Археологиялык казмалардан табылган эмгек куралдары байыркы таш доорунда (палеолит) эле Армениянын аймагында адамдардын жашаганын, металл иштетүү маданиятынын байыркы очокторунан экенин далилдейт. Б. з. ч. 5-4 миң жылдыкта эле Армениянын аймагында жезди иштетүү кеңири өнүккөндүгү белгилүү. Б. з. ч. 13-кылымда Армян тайпак тоосунда жашаган уруулар Ассириянын басып алуусуна каршы күрөштө бир нече союздарга (Уруатри, Наири, Дайани) бириккен. Аталган союздардын негизинде б. з. ч. 9-кылымда Урарту мамлекети түзүлгөн. 1950-жылы Аринберд дөбөсүнөн, азыркы Ереван шаарынын аймагынан табылган шынаа сымал жазмада Meнуа уулу Аргиштинин Эребуни чебин негиздегендиги (б. з. ч. 782-жыл) тууралуу айтылат. Бул маалымат Ереван шаарынын дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардан экендигин айгинелейт. Урарту мамлекетинин борбору Тушпа болгон. Ассириялык шынаа сымал жазманын негизинде Урартунун өз жазуусу түзүлгөн. Урартулуктар мал чарбасы, дыйканчылык менен кесиптенишкен, жасалма сугат системасы жогору өнүккөн. Кол өнөрчүлүктөн өзгөчө металл иштетүү жогорку деңгээлге жеткен. Б. з. ч. 7-6-кылымдарда жүзүм өстүрүү жана вино жасоо өнүккөн. Б. з. ч. I миң жылдыктын 2-жарымында армян элинин калыптануусу аяктаган (к. Армяндар).

АРМЕНИЯ

Б. з. ч. 6-кылымда ички биримдиктин жоктугу, ошондой эле скифтердин жана Мидиянын баскынчылык жортуулдары Урарту мамлекетинин кыйроосуна алып келген. Б. з. ч. 6-кылымдын акыркы чейрегинде Армения Ахемениддер державасынын курамына кирген. Дарий Iнин Бехисттун аскасындагы үч тилде жазылган жазмасында элам жана перси тилдеринде «Армения» өлкөсү, ал эми ассириялык тексте «Урарту» мамлекети тууралуу эскерилет. Дүйнөнүн Вавилон картасында (б. з. ч. 5-кылым) «Армения» өлкөсү белгиленген. Геродоттун маалыматтарында А. Дарий I нин державасынын 13- жана 18-сатрапияларына киргизилген. Ксенофонт 13-сатрапияны Ахемениддерге туугандык байланыштагы Ервандун уруусунун өкүлдөрү башкарышкандыгын белгилейт. Ахемениддер державасы Александр Македонский тарабынан кыйратылгандан кийин, армян сатраптары Ерванд III жана Митраустес көз каранды эмес эки княздыкты негиздешкен. Ерванд алгач Александр Македонскийдин бийлигин тааныган, бирок диадохтордун күрөшүнүн учурунда өз алдынчалыкка жетишкен. Б. з. ч. 220-жылы Ервандиттер падышалыгын селевкид башкаруучусу Антиох III басып алып, 3-кылымдын аягында Армениянын аймагы толук каратылган. Бул бириктирилген аймак Улуу Армения деп атала баштаган, аны жергиликтүү башкаруучу Арташес башкарган. Б. з. ч. 189-жылы Улуу Армения жана Софена өз алдынча мамлекеттерге айланган. Арташес I (189-160-ж. башкарган) өзүн падыша деп жарыялап, Арташесиддер династиясын негиздейт. Улуу Армения мамлекети, анын небереси Тигран Шнүн тушунда күч-кубаттуу мамлекетке айланып, бардык армян жерлери бириктирилип, Софен, Сирия, Коммаген, Киликия, Месопотамия, Селевкидцер падышалыгы каратылат. Тигран III Тигр дарыясынын боюна өлкөнүн жаңы борбору – Тигранакерт шаарын курдурган. Улуу Aрменияда антикалык Грекиянын, эллиндик Сириянын жана Кичи Азиянын таасири менен маданият, архитектура, театр, адабият, поэзия өнүккөн. Б. з. ч. 62-жылы Улуу Aрменияда Аршакиддердин династиясы орнотулат. Б. з. ч. 1-кылымдан баштап Армения Рим менен Парфия падышалыгынын ортосундагы күрөштүн майданына айланган, бул Улуу Арменияны начарлаткан. Б. з. 3-кылымынан Улуу Армения сасаниддик Иранга көз каранды мамлекетке айланган. 301-жылы христиан дини Улуу А-нын мамл. дини деп жарыяланган. 4-кылымдын аягында Mecроп Маштоц армян алфавитин түзгөн. 387-жылы Арменияны Византия менен Иран өз ара бөлүп алышкан. Сасаниддер менен Византиянын Армения үчүн болгон күрөшү 20 жылдан ашык созулган. 7-кылымдын 2-жарымында Арменияны Араб халифаты басып алды. Узакка созулган күрөштүн натыйжасында арабдардын бийлиги кулатылып, 9-кылымдын аягында Арменияда Багратилердин падышалыгы түзүлөт. Бул учурда экономикалык жана маданий турмуш кайрадан жогорулап, шаарлар (Ани, Ван, Карс ж. б.) кол өнөрчүлүк менен соода-сатыктын ири борборлоруна айланды. 11-кылымдын 1-жарымында Армения кайрадан Византияга көз каранды мамлекетке айланды. 11-кылымдын ортосунан Арменияга селжуктар басып кирген. 1236–43-жылдары бүткүл Закавказье монгол-татарлар тарабынан каратылган. Армения мамлекети жоюлуп, Хулагулар мамлекетинин курамына кошулган. Шаарлар талкаланып, калкынын бир кыйласы кырылган. Армяндардын чет өлкөлөргө ооп кетиши күчөп, алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө, Алтын Ордонун шаарларына, Крымга ж. б. жерлерге көчө качты. Буковинада, Галицияда, Венгрияда армян колониялары пайда болгон. 14-кылымдын башында Токтомуштун, андан кийин Тимурдун жортуулдарынын учурунда Армения эбегейсиз талап тонолгон. 15-кылымдын башында Армян көчмөн түркмөн уруулары (Кара-Коюнлу, кийин Ак-Коюнлу) тарабынан каратылган. 16–18-кылымдарда Армения Осмон империясы менен Ceфевилер державасынын ортосунда талаш майданга айланып, 1639-жылы жарашуудан кийин, Чыгыш Армения Иран, Батыш Армения Түркиянын курамына кирген. Орус-иран согушунун (1826–28) жыйынтыгында түзүлгөн Түркмөнчай келишими боюнча Чыгыш Армения (Эриван, Нахичеван хандыктары) Россияга, калган бөлүгү Түркияга кирген. 1-дүйнөлүк согуш учурунда түрктөр 1,5 млн армяндарды жок кылып (1915–16), 600 миңге жакынын Месопотамияга зордоп көчүргөн. 1918-жылы 28-майда Армян республикасы түзүлүп, бийликке улуттук-буржуазиялык «Дашнакцутюн» партиясы келет. 1918-жылы Антанта менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн Мудросе жарашуусу боюнча Түркия Армениянын аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен. 1920-жылы сентябрда түрктөр кайрадан Арменияга басып кирип, өлкөнүн үчтөн-эки бөлүгүн ээлейт. 1920-жылы 29-ноябрда Кызыл Армиянын күчтөрү дашнактар бийлигин кулатып, Арменияны Советтик Социалисттик Республика деп жарыялайт. 1922-жылы Армян ССРи Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамында CCCPгe кирген.
1936-жылы өз алдынча Армян ССРи түзүлгөн. СССР кыйрагандан кийин, 1991-жылы 23-сентябрдан Армения көз каранды эмес республика.

Экономикасы

Ички дүң продукциясынын көлөмү 16,2 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 5,9 миң доллардан туура келет (АКШ, 2009). Ички дүң продукциясында айыл чарбанын үлүшү 18,5%, өнөр жайы 33,5%, тейлөө чөйрөсү 48,0%ти түзөт. Өнөр жайынын негизин тамак-аш (36,6%; 2003), түстүү металлургия (21,7%), электр энергия (19,5%), машина куруу жана металл иштетүү (4,8%), химия (2,0%) тармактары түзөт. Армения дүйнөдөгү энергиясы таңкыс өлкөлөргө кирет. Жергиликтүү энергия ресурстарынын негизин гидроэнергия берет. Отундун басымдуу бөлүгүн сырттан (газды Россия менен Түркмөнстандан) алат. Армениянын экономикасында маанилүү орунду «Армросгазпром» биргелешкен (Россия, Армения) ишканасы ээлейт. Ал газ куурларын, газ сактоочу жер астындагы жайларды куруп, ремонттойт. Жылына 5,6 млрд кВт.ска жакын электр энергиясы өндүрлөт; анын 41% АЭСке, 30% ГЭСке, 29% жылуулук электр станцияларына таандык.
Жез-молибден рудаларын, алтын казып алып иштетүүчү ишканалары бар. Машина куруу өнөр жайы электрондук, автомобиль жана станок куруу тармактары үчүн жабдуулар чыгарууга адистешкен; анын негизги борборлору: Ереван, Baнадзор, Армавир. Электр-техникалык жана электрондук өнөр жай ишканалары Ереванда (электр кыймылдаткычтарын ж. б. чыгарат), Ванадзор (ченегич приборлор, светотехника ж. б.), Гюмри (анализдик приборлор), Севан (электр механизмдерин) ж. б. шаарларда жайгашкан. Химиялык өнөр жайы хлоропрен каучугун, резина буюмдарын, шина, жасалма була, целлофан, химиялык реактивдери, карбамид, меланин ж. б. продукцияларды чыгарууга адистешкен.
Зер кооз буюмдарды даярдоочу өнөр жайы өнүккөн; анын продукциясын экспорттоо боюнча 1-орунда турат. Зер буюмдарды даярдоо үчүн сырьёну (негизинен зергерлик жана техникалык алмазды, алтынды) Россиядан, Бельгиядан жана Нидерланддан алат. Ири ишканалары: Ереван зер буюмдарды даярдоочу заводу, Армян алмаз компаниясы. Тамак-аш өнөр жайынын негизги продукциялары: коньяк жана шарап (20дан ашык заводу бар), мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, суусундук, эт жана эт продуктулары, сүт продукциясы ж. б. Жогорку сорттогу тамеки чыгаруучу биргелешкен ири ишканалары бар. Курулуш материалдарынан цемент, асбоцемент жана шифер, имараттарды туфтан каптап жасалгалоочу материалдарды ж. б. чыгарат. Еревандагы прибор куруу ишканасы үчүн таза темир (металлоломдон) даярдоочу тажрыйба-өнөр жай заводу, Туманян шаарында отко чыдамдуу материалдарды чыгаруучу завод иштейт.
Айыл чарбага жарактуу жери 1,4 млн га (өлкөнүн 47% аянты), анын 0,5 млн гасы айдоо, 0,8 млн гасы жайыт жана чабынды. Айыл чарба продукциясынын 60%ке жакынын өсүмдүк өстүрүүчүлүк берет. Буудай, картошка, жашылча-бакча, ошондой эле техникалык (тамеки, каз таман), тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мөмө-жемиш бактарын (шабдаалы, өрүк) өстүрүү жана жүзүмчүлүк өнүккөн.

Армениянын жүзүм талаасы.

Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралат. Айыл чарба продукцияларынын 95,5%ке жакыны жеке менчик чарбаларда даярдалат. Рекреациялык peсурстарга бай; курорттору: Арзни, Жермук, Дилижан,

Цахкадзор ж. б.
Транспортунун негизги түрү – автомобиль. Автомобиль жолунун узундугу 8,9 миң км (2008). Негизги автомобиль магистралдары: Ереван – Аштарак – Гюмри, Ереван – Севан – Ижеван. Темир жолунун узундугу 845 км; негизги темир жол тоому – Ереван шаары. Грузия темир жолу менен (Ереван – Ванадзор – Алаверди –Тбилиси) катнашы бар. Россиядан (Грузиянын аймагы аркьшуу) газ кууру келет. Ири аэропорту – Звартноц (Еревандан 10 км аралыкта). Экспортко караганда импорт (1279,5 млн доллар) басымдуулук кылат. Экспортко негизинен асыл таштарды, баалуу металлдарды, шарап, коньяк, түстүү металлдарды (алюминий, никель жез) жана алардан жасалган буюмдарды чыгарат; сырттан (импорт) отун (негизинен газ), иштетилбеген асыл таштарды, жабдууларды, дан эгиндерин алат.

Акча бирдиги – драм.

Негизги соода шериктери: Россия, AКШ, Бельгия, Улуу Британия, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери.

Маданияты

1998-жылдан билим берүүтармагында реформа жүргүзүлө баштаган. 1999-жылы «Билим берүү» мыйзамы, 2001-жылы «2001- 2005-жылга билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик планы» кабыл алынган. Билим берүү тармагы – мектепке чейинки тарбия, жалпы билим берүү [башталгыч (1-3-класс), негизги орто билим (4-8-класс), толук орто билим (9-11-класс)]; кесиптик билим берүү [башталгыч кесиптик-техникалык, атайын орто билим берүү, жогорку кесиптик (бакалавриат, магистратура)], квалификацияны жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо бөлүмдөрүн камтыйт. Учурда 692 мектепке чейинки мекеме (анын ичинде 681 мамл.), 1481 жалпы билим берүүчү мектеп, 58 гимназия, I лицей, 12 колледж, 77 орто кесиптик окуу жайы жана менчик жалпы (31), атайын орто билим берүү мекемелери (23) бар. Республикада 54 коомдук пансион, 163 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери иштейт. Мамлекеттик 20, мамлекеттик эмес 72 ЖОЖ бар. Ереван университети (1920-жылы негизделген), Инженердик университети (1930), Ереван эл чарбачылыгы институту (1933), Армян айыл чарба академиясы (1930), Ереван сүрөт академиясы (1944), Ереван консерваториясы (1923), Америка университети (Ереван, 1991), Россия-Армян (Славян, 1999) университети, Франция университети (2000), ошондой эле Армениянын ИА жана бир нече ил.-изилдөө институттары бар. Ири музейлери: Тарых (1957), Матенадаран – байыркы кол жазмалар, Улуттук галерея (1921), Ереван тарыхы (1968), этнография жана фольклор, диний искусство, Геноцид институт-музейи (1995) ж. б. Aрменияда гезит (840), журнал (193) армян жана орус тилинде чыгат. Кабарлоо агентчилиги (32), улуттук гезиттердин басмалары (20, анын ичинде «Азг», «Айастани Анрапетутюн», «Айоц ашхар» «Аравот», «Иравунк» армян), ал эми «Армян үнү», «Жаңы учур», «Армян Республикасы» орус жана улуттук тилдерде иштейт. Республиканын аймагынын 95% телекөрсөтүү менен камсыз болгон. Мамлекеттик жана менчик радиостанциялар бар.
Армян адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Б. з. ч. эле армяндарда бутпарастык адабият болуп, ал армяндар христиан динине өткөн соң (301) жоголгон. Жазма адабияттын тарыхы 5-кылымдан – Mecpoп Маштоц армян жазмасын түзгөн мезгилден (406) башталат. Жазма адабий эстеликтерден М. Маштоцтун котормолору, ырлары, Агафангел, Павстос Бузанд, Егише, Лазар Парбенци жана Мовсес Хоренацинин (5-кылымдын тарыхчылары) эмгектери өзгөчө баалуу. Араб эзүүсүнүн тушунда жана Византия басып алган мезгилде (7-9-кылым) жарандык адабият (Давтак Kepтог, тарыхчылар – Себеос, Овнан Мамиконян, Мовсес Каганкатваци, Гевонд), диний айтыш (кара сөздө) жана чиркөө поэзиясы (мисалы, «Щаракноц», Комитасо, Степаноса Сюнеци) өнүккөн. 9-кылымдын аягында Армения көз карандысыздыкка ээ
болгондон кийин (886) адабиятта гуманисттик идеялар пайда болуп, Каира жаралуу доору башталган. Григор Нарекацинин («Кайгылуу ырлар китеби») поэмасы, 10-кылымдын тарыхчылары Ованес Драсханакертци, Товма Арцруни, аты жок Арцрунинин чыгармаларында гуманисттик алдынкы ой-пикирлер нукура элдик формада туюнтулган. 11-12-кылымдардагы Армян ад-тын элегия (Аристакес Ластивертци), лирика-эпикалык поэма (Григор Тга, Нерсес Ламбронаци), эпистолярдык (Григор Магистр), лирика (Нерсе Шнорали) жана поэтика (Ованес Имастасер) жанрында жазылган чыгармалар түзөт. Алгачкы тамсил Мхитар Гошко таандык жана 13-кылымдын башталышында Вардан Айгекци элдик тамашалуу мүнөздөгү тамсилдер жыйнагын («Куулуктун китеби») түзгөн. 13-кылымда Армения адабияты мекенди сагынуу, мамлекеттик түзүлүштүн адилетсиздигине каршы ж. б. ой-пикирлерди камтыган Фриктин поэзиялары, Ованес Ерзнкаци жана Константин Ерзнкацинин лирикалары, 14-16- кылымдарда Ованес Тулкуранци, Мкртыч Наташ, Григор Ахтамарци, Нерсес Мокаци, Кучак Наапет, Григор Церенц, Хачатур Кечареци, Аракел Сюнеци, Симеон Апаранци ж. б. акындардын ырлары менен толукталат. 17-18-кылымдарда жазуу менен бирге ашугдардын оозеки чыгармачылыгы өнүккөн. Акын Саят-Нова (1712-1795) алгачкылардан болуп лирика поэзиясына чыйыр салган. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында Армян адабиятында классикалык поэзия салты күч алган. Ага О. Ванандеци, П. Минасян, А. Багратуни, Е. Toмачян, Э. Гюрмюзян ж. б. кирет. 1840-50-жылдары жаңы Армян адабиятына негиз салган акын Г. Алишан, демократ акын X. Абовян («Армения муңу» тарыхый романы (1841; 1858-ж. басылган) адттагы прогрессчил романтизм менен реализмге жол ачкан. X. Абовяндын чыгармачылыгындагы демократиялык багыттарды П. Прошян (1837-1907), Г. Агаян (1840-1911) өнүктүргөн. Атактуу жазуучу жана ойчул М. Налбандян (1829-1868) биринчилерден болуп материалдык эстетиканын принциптерин иштеп чыгып, социалдык мазмунга каныккан реалисттик адабиятты ырааттуу түрдө жактаган. Улуттук идеяларды акын, филолог Г. Алишан (1820-1901) көтөрүп чыгат. 19-кылымдын 2-жарымында акындар Р. Патканян, М. Пешикташлян, П. Дурян жарандык ырлар менен поэмаларды жаратышкан. Улуттук публицист В. Арцруни, романчылар Цернцтин, Раффи тарыхый роман жазышкан (1880-90). Сын реализми сатирачы А. Пароняндын, драматург А. Ширванзаде чыгармаларында өнүккөн. Нар-Дос, Mypaцан (Г. Тер-Ованисян), В. Папавян, А. Арпиарян, Г. Зохраб, Т. Камсаракан, А. Ширванзаде, И. Иоаннисян, А. Цатурян европалык жана орус акындарынын чыгармаларын которуу менен бирге реалисттик багыттагы чыгармаларды жаратышып, адабият казынасына зор салым кошушкан.
Армян элдик классикалык чыгармачылыктын туу чокусу деп О. Туманян тарабынан элдик сюжеттердин негизинде иштелип чыккан «Солунци Давид» («Давид Сасунский») улуттук эпосун жана элдик жомокторду айтууга болот. 19-20-кылымдардын көрүнүктүү акындары А. Исаакян, В. Тергьян, Сиаманто (А. Ярчанян), Д. Варужан, М. Мецаренц, Р. Севак, В. Текеян, Е, Чаренц, курч социалдык темаларга А. Акопян, Ш. Кургинян, Г. Сарьян, М. Арази ж. б-лардын чыгармалары жаңы армян адабиятын дүйнөлүк адабияттын алдыңкы чегине жеткирди.
Армениянын архитектурасынын байыркы эстеликтери б. з. ч. 3000-жылга таандык (Арагацтын жанындагы мегалиттик курулуштар ж. б.). Архитектура б. з. ч. 9-6-кылымдарда Урарту мамлекетинде өнүккөн (Тейшебанидеги турак жайлар, б. з. ч. 7-ылым; Эренбуниндеги Кудай Халд храмы, б. з. ч. 8-кылымк). Шаарларда эллин доорундагы

Эчмиадзин собору.

сарайлар менен чептер өзгөчөлөнө баштаган (Тигранакерт, б. з. ч. 1-кылым). 4-6-кылымдарда христиандык сыйынуу жайларда бир жана үч нефтүү базилика курула баштаган. Үй куруунун жаңы баскычы 11-18-кылымдардагы көп сандаган эстеликтерден, өзгөчө Армениянын борбору Анидеги Багратидден көрсө болот. 19-кылымда, айрыкча Чыгыш Aрмения Pocсияга кошулгандан кийин, шаарларда (Ереван, Александрополь, Карс) турак-жайлардын жаңы типтери пайда болуп, ал социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн таасиринде калыптанган. Көп кабаттуу үйлөр Ереванда, Ленинаканда, Алавердиде курулган. Архитектор А. Таманян (Өкмөт үйү, опера театрынын имараты, I-Ep ГЭСи) улуттук салт менен азыркы архитектураны айкалыштырган.
1960-70-жылдарда коомдук жайларды типтештирүү башталды. Мемориал эстеликтер салынган (1915-жылы түрктөр кырган армяндарга эстелик). Армениянын архитектурасын жаңыча куруу 1968-жылдагы мамлекеттик планында каралган. Ага өнөр жай жана гидротехникалык (ГЭС) курулуштары, ири заводдор, көпүрөлөр мисал. Армениянын аймагынан табылган алгачкы көркөм чыгармалар (аска бетиндеги сүрөттөр, жазуусу жана сүрөтү бар карапалар, скульптура, металл эмеректер, зер буюмдар, жыгачка оюлган сүрөттөр ж. б.) б. з. ч. 6-2 миңинчи жылдарга таандык. Урарту искусствосунун жана Эллин

Армян Республикасынын борб. аянтынын бир бурчу. Арх-ралык ансамблде курулган.

доорунун эстеликтери (жасалга колдонмо исквосунун жасалгалары, коло менен алтын скульптуралар, оюлуп жасалган рельефтер, мозаика) сакталган. Орто кылымда монументтүү живопись, мозаика, дубал жазуулары көбүрөөк өнүгөт. Андан соң архитектуралык скульптура – чиркөөнүн бет алдындагы рельефтер (6-кылымдын аягы, 7-кылымдын башы) өнүккөн. Ахтамар храмы (10-кылым) декорация скульптура сюжеттери менен кооздолгон. Христиан дининин кабыл алынышы (301) жана армян алфавитинин түзүлүшү менен (396) китеп живописи өнүгө баштайт. Aрменияда миниатюра да 13-14-кылымдарда жогорку деңгээлге жетет. 17-18- кылымдарда станковый живопись (портрет, пейзаж ж. б.) пайда болду. Тарыхый себептерден улам көрүнүктүү армян сүрөтчүлөрү четте жашоого аргасыз болушкан. О. Маркуз менен Минае (17-кылым) Иранда, Б. Салтанов (17-кылым) Москвада, Богуштун үй-бүлөсү (17-18-кылым) Львовдо, Манасеники (18-19-кылымдар) Түркияда иштешкен. Сүрөт и с к у с с т в о с у н д а сүрөтчү Овнатаняндардын алты муунуна өзгөчө орун таандык (17-кылымдын аягы 19 кылымдын 80-жылы). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө Е. Татевосян (1870-1936), С. Агаджанян (1863- 1940), Ф. Терлемезян (1865-1941), М. Сарьян, Г. Гюрджян, О. Зардарян, Э. Исабекян, М. Абегян, кийин Г. Ханджян, С. Мурадян ж. б. өз салымдарын кошушту. Скульпторлордун (A. Capксян, С. Степанян, А. Урарту, Е. Кочар, Н. Никогосян) улуу муунуна жаңы муун кошулду (Г. Чубарян, С. Багдасарян ж. б.). График жана
живописчи А. Коджоян (1883-1959) негиз салган китеп жасалгалоо өнөрү азыркы күндө да жогорку деңгээлде. Көркөм театр институту (1945), сүрөт окуу жайы (1921; Ереван, Ленинакан, Кировакан), сүрөт галереясы (1921-1935) бар. Сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.
Армениянын улуттук музыкасы байыркы замандан бери эле өнүгүп келүүдө. Музыкалык маданияттын байыркы эстеликтери Урарту мамлекетине (Тейшебани, коло идиофон, б. з. ч. 7-кылым) жана Улуу Арменияга (көп стволдуу таш флейта, б. з. ч. 5-кылым) таандык. Армян элдик музыкасы менен поэзиясы пандира (кылдуу чертме аспап) менен коштолгон.
4-5-кылымда христиан чиркөө музыкасы, адегенде псалма (көркөм окуу) түрүндө, андан соң шаракан деген ат менен армян тилинде өнүккөн. 12-кылымда Нерсес Шнорали алгачкы көлөмдүү ырын (шаракан) чыгарган. 10-кылымдан таги, орто кылымда диний (монодия) ырлары өнүккөн. Элдик музыканын негизинде диний музыка келип чыккан. Элдик профессионал музыканын өкүлдөрү адегенде гусандар, кийин ашугдар аталган. Ашугдар ырларын сазе жана кеманче аспаптары менен коштогон. Монодия вокалы жана аспаптык музыка азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө. 19-кылымдын орто ченинен Армения музыкасы Батыш Европанын музыкасынан жана орус классикасынан таасирленген. Анын негизинде жаңы улуттук стиль түзүлгөн. Композиторлор X. Кара Мурза (1853-1902) менен Н. Тигранян (1856-1951), классикалык музыканттар Т. Чухаджян армян музыка коомун, «Кнар» («Лира») журналын негиздеп, туңгуч армян операсын («Аршак II») жазган. Фольклорист, музыкалык-коомдук ишмер Koмитас жаңы армян музыкасынын калыптанышына чоң салым кошуп, композиторлор мектебин ачкан. А. Спендиаров (1871-1928) – армян симфониялык музыкасына негиз салса, 1-классикалык романстар Р. Меликянга таандык. «Алмаст» тарыхый операсы улуттук театр классикасынын башаты (А. Спендиаров, 1930-ж. Москвада коюлган). Көрүнүктүү композиторлордун бири - А. Хачатурян армян музыкасына зор салым кошкон. Опера, балет, оперетта, симфония, камералык хор жана эстрадага белгилүү композиторлор К. Закарян (1895-1967), В. Тальян (1896-1947), А. Степанян (1897-1966), А. Айвазян (1902-жылы туулган), А. Долуханян (1910-1968), А. Бабаджанян (1921-жылы туулган), Ж. Тер-Татевосян (1926-жылы туулган) ж. б. бир топ чыгармаларды жаратышты. 20-кылымдын чыгаан музыканттары: A. Tepтерян, Г. Читчян, Г. Овунц, А. Зограбян, Э. Айрапетян, Т. Мансурян. Дүйнөгө белгилүү ырчылары – П. Лисициан, 3. Долуханова, Г. Гаспарян, Т. Сазандарян. Көрүнүктүү музыка изилдөөчүлөр – X. Кушнарев, А. Адамян, Г. Тигранов, А. Шавердян, Р. Атаян, М. Арутюнян, М. Брутян, Г. Геодакян, Н. Тагмизян.
Армяндардын бий искусствосу көп кылымдык салтты камтыйт. Ушул кезге чейин бийге ылайык ыр, бий күүлөрү (парэр же хагэр) көп түрдүү формада сакталган. Армян ыр-бий ансамбли 1938-жылы уюштурулган. 1920-жылдан профессионалдык балет искусствосу өнүккөн. Хореография

А. Спендиаров атн. опера жана балет театрынын сахнасында. «Гаянэ» балетинен көрүнүш.

(1923), ритропластика студиялар ачылган (1924).
1939-жылы А. Хачатуряндын 1-улуттук «Бакыт» балети коюлат. Спектаклде элдик обондор, күүлөр колдонулуп, классикалык хореографияны армян бийинин элементтери менен айкалыштырган. А. Хачатуряндын «Гаэне» (1947,1971,1974, 2003), «Спартак» (1988), Э. Оганесяндын «Мармар» (1957), Г. Егизоряндын «Ара сулуу жана Шaмирам» (1982) балеттери сахналаштырылган.
Армян театрынын тарыхы б. з. ч. 69-жылы падыша Тигран II Тигранакертте Сириянын эллинистика тибиндеги театр имаратын салгандан башталат. Анын уулу Артавазд II жетекчилиги менен Арташатта театр уюшулуп, Еврипиддин «Вакханкалар» трагедиясын койгон (53-ж. б. з. ч.). Б. з. 4-кылымында оюн-зооктор Аршакт II сарайында коюлган. Пантомима өнөрү жана сатира, көчө театры болгон. Цахрацу элдик театры кеңири таралган. Литургиялык драманын негизинде христиандык диний театр түзүлгөн. 17-19-кылымдарда армян «колонияларында» Львовдо, Москва, Венеция, Вена, Марас, Калькутта ж. б.

«Намус» спектаклинен бир көрүнүш. 1955.

армян театры, 1668-жылдан 19-кылымдын орто ченинен армян мектеп театры өнүгөт. 1810-жылы Константинополдо М. Бжишкяндын жетектөөсү менен 1-армян спектаклдери коюлган. 1846-66-жылдарда О. Гаспаряндын жетекчилиги менен «Арамян татрон» профессионалдык театры иштеген. 1836-жылы Г. Шермазанян Тифлисде «Шермазанян дарбас» театрын ачкан. 1860-жылы Армяндардын маданий борбору Константинополдо жана Тифлисде түзүлгөн. 1860-70-жылдары алгачкы театрлар Ереванда, Нахичевани-на-Дону ж. б. жерлерде ачылган. 20-кылымдын башында улуттук армян театры (Ереванда, Шушада, Бакуда, Тифлисде ж. б.) кеңири таралган. 1921-жылы Ереванда алгачкы мамлекеттик Армян драма театры (учурда Улуттук академиялык театр) түзүлгөн. 1920-жылы армян театры, 1928-жылы көчмө, 1929-жылы балдар, 1935-жылы куурчак театрлары, 1937-жылы орус, 1969-жылы Ереван драма театрлары, 1981-жылы Ереван камералык театры уюшулган. 1940-жылы Армян театралдык коому түзүлгөн.1940–50-жылдарда «Маскарад» (Ю. Лермонтов, 1945), «Тирүү өлүк» (Л. Н. Толстой, 1951), «Алча багы» (А. П. Чехов, 1951), «Багдасар аке» (А. Паронян, 1954), «Намус» (Ширванза, 1955), «Бүлүнгөн коломто» (А. Абарян, 1947.) ж. б. спектаклдери коюлган. 1960-70-жылдардагы Армениянын көрүнүктүү театр актёрлору – М. Мкртчян, В. Вардересян, Х. Абрамян, М. Симонян, А. Хостикян жана режиссёрлору: Г. Капланян, 3. Татинцян, А. Мкртчян, М. Мариносян ж. б. Aрменияда 20га жакын драма театр (2004) бар, анын ичинде облустук Ванадзор, Гюмри, Кафан, Горис, Арташат, Камо ж. б.
1907-жылы алгачкы кино тартылган. 1923-жылы «Госкино» (кийин «Госфотокино») уюшулуп, анда кинолаборатория базасында (1928-жылы) кинофабрика «Арменкино» (1938-жылы Ереван киностудиясы, 1957-жылы «Арменфильм», 1966-жылы А. Бек-Назаров атындагы киностудиясы) түзүлгөн. Көрүнүктүү режиссеру Бек-Назаров тарабынан тартылган туңгуч армян документалдуу фильми - «Советтик Армения» (1924), 1926-жылы «Намус» көркөм, 1935-жылы алгачкы «Пэпо» үндүү фильми жаралган, 1940-50-жылдардагы кыйынчылыктардан кийин, 1950-жылдын 2-жарымында Армения киносу кайрадан жандана баштаган. Э. Мелик-Карамяндын (С. Кеворковдор менен биргелешкен) «Ээн калган чоку» (1955), «Добулдун жолу менен» (1956), «Өзүм гана билем» (1958), «Өзгөчө тапшырма» кинофильмдери тартылган. Армениялык кинорежиссёрлор Ф. Довлатяндын «Саламатсыңбы, бул мен» (1966), Г. Маляндын «Үч бурчтук» (1967), С. Параджановдун «Чоктой кызыл» (1970), А. Пелешяндын «Биз» (1969), «Жердөөчүлөр» (1970), «Жыл мезгили» (1975) ж. б. кинофильмдери зор ийгиликтерди алып келген. 1938-жылы алгачкы анимация кинофильми (Л. К. Атаманов, «Дөбөт менен мышык») тартылган. «Арменфильм» киностудиясында белгилүү кино чеберлери А. Айартян, А. Мартиросян, кийинчээрек
А. Вагаршян, Г. Мелик-Авакян, Ю. Ерзинкян, А. Манарян ж. б. иштешкен. 1970-80-жылдары маанилүү кинофильмдерди жараткандар Э. Keocaян («Эркектер», 1973; «Жомоктор калтырган капчыгай», 1974), К. Геворкян («Кайчылаш жолдо», 1974), Л. Григорян («Байчечекейлер жана Эдельвейстер», 1981), Н. Оганесян («Бакыттын механикасы», 1982), Б. Оганесян («Кожоюн», 1983), А. Мкртчян («Биздин балалыктын тангосу», 1984) ж. б. кирет. 1980-90-жылдарда кино

«Пэпо» фильминен. (Пэпо – Г. Нерсесян, Какули — Д. Малян). 1935.

өнөрүнө режиссерлор С. Бабаян («13-апостол», 1987), А. Хачатурян («Конд», 1987; «Унуткарчу шамал», 1989; «Эңсеген жерге кайтып келүү», 1991), В. Чалдранян («Куру сөз», 1991; «Кудайым ырайым кыл», 1997; «Жымжыртык симфониясы», 2002), М. Довлатян (Лабиринт, 1995) ж. б. зор салым кошушкан. Ал эми Aрменияда цирк искусствосу [актер гусандар, маскарапоздор (хехкатаки) жана куудул-сатириктери (цахрацу) ж. б.] орто кылымдарда эле өнүккөн. 1928-жылы Ереванда 1-цирк курулган, 1956-жылы цирк коллективи түзүлгөн жана 1961-жылы «Ереван» деген ат менен чыккан. 1991-жылдан Ереванда мамлекеттик цирк иштейт.
Ад.: Габриелян В. А. Зарубежная армянская литература: (Очерки истории). Ep., 1987; Гоян Г. И. 2000 лет армянского театра. В 2 т. М., 1952; Кавказ. Природные условия и естественные ресурсы СССР. М., 1966; Тер-Саркисянц А Е. Армяне: История и этнокультурные традиции. М., 1998; Даринский А. В. Армения // География стран ближнего зарубежья. СПб., 1997; Степанян Н. С. Искусство Армении: Черты историко-художественного развития. М., 1989; Саркисян С. Армянская музыка в контексте XX в. М., 2002.

Ө. Бараталиев, А Орозов, Ш. Керимова, Ж. Абдилова.