Difference between revisions of "АРКЫТ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– Жалал-Абад | '''АРКЫТ''' – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен шаарынан 18–20 ''км'' түндүк-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө ''Сары-Челек көлү'' жатат. Узундугу 25 ''км,'' туурасы 12 ''км''ге чейин. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200 ''м''ден 4247 ''м''ге (Муз-Төр) чейин. Аркыттын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу Кожо-Ата суусу агат, анын жылдык орточо чыгымы 4,67 ''м3/сек.'' Кышы жылуу жанa нымдуу, жайы салкын. Июлдун орточо температурасы 20–23°С, январдыкы –12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Tooгo өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай менен алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп алкагында (2100–3000 ''м ''бийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык ж. б. өсөт. Жапайы жаңгак токою менен көп түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат.

токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен | [[File:АРКЫТ_11.png | thumb|Аркыт өрөөнү.]]Аркыттын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн ''Сары-Челек коругунун'' аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет. | ||
Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө '' | |||
чейин. Деңиз | |||
(Муз-Төр) чейин. | |||
4,67 ''м3/сек.'' Кышы жылуу | |||
салкын. Июлдун | |||
түстөгү чөкмө тектеринен турат. | |||
сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай | |||
м-н алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын | |||
80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, | |||
бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп | |||
алкагында ( | |||
нече жапайы түрү, | |||
кымыздык ж. б. | |||
өсөт. Жапайы жаңгак токою м-н көп

[[File:АРКЫТ_11.png | thumb | Аркыт өрөөнү.]] | |||
''Сары-Челек коругунун'' аймагында жайкысын | |||
жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет. | |||
''М. Кадыркулов.''

[[Категория:1-Том]] |
10:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРКЫТ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен шаарынан 18–20 км түндүк-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө Сары-Челек көлү жатат. Узундугу 25 км, туурасы 12 кмге чейин. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200 мден 4247 мге (Муз-Төр) чейин. Аркыттын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу Кожо-Ата суусу агат, анын жылдык орточо чыгымы 4,67 м3/сек. Кышы жылуу жанa нымдуу, жайы салкын. Июлдун орточо температурасы 20–23°С, январдыкы –12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Tooгo өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай менен алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп алкагында (2100–3000 м бийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык ж. б. өсөт. Жапайы жаңгак токою менен көп түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат.
Аркыттын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет.
М. Кадыркулов.