Difference between revisions of "АРИТМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АРИТМИЯ''' ''(а...'' ж-a гр. rhythmos – ыргак) – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. А-да жүрөктүн кагышынын өтө тез (тахикардия) же  жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк  оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин  жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу ж. б. се&#0173;беп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиол. өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда А. кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу  ж. б. алып келет, кээде оорулууга сезилбейт.  Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап,  жүрөктүн бир калыпта согушун калыбына келтирүү керек.<br>
'''АРИТМИЯ''' ''(а...'' ж-a гр. rhythmos – ыргак) – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. Аритмияда жүрөктүн кагышынын өтө тез (тахикардия) же  жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк  оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин  жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу ж. б. се­беп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиологиялык өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда Аритмия кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу  ж. б. алып келет, кээде оорулууга сезилбейт.  Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап,  жүрөктүн бир калыпта согушун калыбына келтирүү керек.<br>
[[Категория:1-Том]]

10:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРИТМИЯ (а... ж-a гр. rhythmos – ыргак) – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. Аритмияда жүрөктүн кагышынын өтө тез (тахикардия) же жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу ж. б. се­беп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиологиялык өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда Аритмия кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу ж. б. алып келет, кээде оорулууга сезилбейт. Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап, жүрөктүн бир калыпта согушун калыбына келтирүү керек.