Difference between revisions of "АРИСТОТЕЛЬ"
Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(б. з. ч. 384, Халкидики ж. а-ндагы Стагир ш. – б.з.ч. 322, Эвбея а-ндагы Халкида ш.) – байыркы грек элинин улуу философу, Платондун окуучусу, илимпоз энциклопедиячы, перипатетиктердин мектебин негиздөөчү. Б. з. ч. 335-ж. Афиныда өз мектебин уюштурат. Анда өзүнө чейинки философия м-н илимдин жетишкендиктерин жалпылап системага салган, ар түрдүү илим тармагында көп сандаган эмгектерди калтырган ж-а анын окуусунда айрым илимдер филос. өңүттө түшүндүрүлгөн, классифика­ция берилген. А. ырасында илимий философияны негиздөөчүсү болуп саналат. А-дин фи­лос. системасын жалпысынан логика ж-а ме­тафизика түзөт. Категориялар тууралуу окуусу (маңыз, мамиле, орун, убакыт, салат, сан, ара­кет, ээлөө, абал) логика м-н метафизиканын чегинде турат. Өзүнүн «Метафизикасында» А. конкреттүү болмуш, нерсе материя м-н форманын биримдиги деп эсептейт да, материяны пассивдүү, чындыктын мүмкүнчүлүгү, ал эми форманы активдүү, нерсенин башаты, маңызы иретинде караган. Нерселердин жаралуу ж-а жок болуу проблемаларын чечүү м-н төрт түрдөгү (формалдуу, материалдуу, кыймылдатуучу же жаратуучу, максаттуу) себептер тууралуу окуу­ну иштеп чыккан. «Физика» деп аталган эмге­гинде ал мейкиндик, кыймыл, чексиздик, зарылчылык, кокустук ж. б. түшүнүктөрдү терең анализдеген. Анын космологиясында дүйнө төрт элементтен (от, жер, суу, аба) турат деп, эфирдин бешинчи элемент болоору көрсөтүлгөн. Анын «Жан тууралуу» эмгегинде касиеттери ж-а түрлөрү (өсүмдүк, сезимдүү жан, акыл эстүү жан) изилденген. А-дин филос. мурасынын бир бөлүгүн анын коом м-н мамлекеттин өнүгүшүнө
'''АРИСТОТЕЛЬ''' (б. з. ч. 384, Халкидики жарым  аралындагы Стагир шаары – б.з.ч. 322, Эвбея аралындагы Халкида шаары) – байыркы грек элинин улуу философу, Платондун окуучусу, илимпоз энциклопедиячы, перипатетиктердин мектебин негиздөөчү. Б. з. ч. 335-жылы Афиныда өз мектебин уюштурат. Анда өзүнө чейинки философия менен илимдин жетишкендиктерин жалпылап системага салган, ар түрдүү илим тармагында көп сандаган эмгектерди калтырган жана анын окуусунда айрым илимдер философиялык  өңүттө түшүндүрүлгөн, классифика­ция берилген. Аристотель ырасында илимий философиянын негиздөөчүсү болуп саналат. Аристотелдин фи­лософиялык  системасын жалпысынан логика жана ме­тафизика түзөт. Категориялар тууралуу окуусу (маңыз, мамиле, орун, убакыт, салат, сан, ара­кет, ээлөө, абал) логика менен метафизиканын чегинде турат. Өзүнүн «Метафизикасында» А. конкреттүү болмуш, нерсе материя менен форманын биримдиги деп эсептейт да, материяны пассивдүү, чындыктын мүмкүнчүлүгү, ал эми форманы активдүү, нерсенин башаты, маңызы иретинде караган. Нерселердин жаралуу жана жок болуу проблемаларын чечүү менен төрт түрдөгү (формалдуу, материалдуу, кыймылдатуучу же жаратуучу, максаттуу) себептер тууралуу окуу­ну иштеп чыккан. «Физика» деп аталган эмге­гинде ал мейкиндик, кыймыл, чексиздик, зарылчылык, кокустук ж. б. түшүнүктөрдү терең анализдеген. Анын космологиясында дүйнө төрт элементтен (от, жер, суу, аба) турат деп, эфирдин бешинчи элемент болоору көрсөтүлгөн. Анын «Жан тууралуу» эмгегинде касиеттери жана түрлөрү (өсүмдүк, сезимдүү жан, акыл эстүү жан) изилденген. Аристотелдин философиялык мурасынын бир бөлүгүн анын коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө арналган көзкараштары түзөт. Ал социалдык саясий көзкараштары боюнча кул ээлөөчүлөр табына ыктаган, кул ээлөөчүлүктү табигый деп билген. Аристотель кул ээлик мамлекетинин формасын үчкө бөлөт: монархия – бир адамдын бийлиги, аристократия – азчылыктын бийлиги, демо­кратия – көпчүлүктүн бийлиги. Булардын ичинен монархияны биринчи катарга коёт. Ал ошондой эле мамлекеттин, үй-бүлөнүн келип чыгышын да изилдеген. Анын пикиринде, мамлекеттин пайда болушуна адамдардын биригип турмуш куруп, өз ара мамиле жасоого умтулушу себеп болгон, башкача  айтканда  анын чыгышын табигый өнүгүүнүн натыйжасы деп түшүнгөн.
Ад.: ''АхмановА. С.'' Логическое учение Аристотеля. М., 1960; ''Зубов В. П.'' Аристотель, М., 1963; ''АльФараби'' Философские трактаты. А.-А., 1970.
''Г. Т. Ботоканова.''
[[Категория:1-Том]]
изилдеген. Анын пикиринде, мамлекеттин пайда болушуна адамдардын биригип турмуш куруп,
өз ара мамиле жасоого умтулушу себеп болгон, б. а. анын чыгышын табигый өнүгүүнүн натыйжасы деп түшүнгөн.
Ад.: ''АхмановА. С.'' Логическое учение Аристотеля.
М., 1960; ''Зубов В. П.'' Аристотель, М., 1963; ''АльФараби'' Философские трактаты. А.-А., 1970.
''Г. Т. Ботоканова.''
10:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРИСТОТЕЛЬ (б. з. ч. 384, Халкидики жарым аралындагы Стагир шаары – б.з.ч. 322, Эвбея аралындагы Халкида шаары) – байыркы грек элинин улуу философу, Платондун окуучусу, илимпоз энциклопедиячы, перипатетиктердин мектебин негиздөөчү. Б. з. ч. 335-жылы Афиныда өз мектебин уюштурат. Анда өзүнө чейинки философия менен илимдин жетишкендиктерин жалпылап системага салган, ар түрдүү илим тармагында көп сандаган эмгектерди калтырган жана анын окуусунда айрым илимдер философиялык өңүттө түшүндүрүлгөн, классифика­ция берилген. Аристотель ырасында илимий философиянын негиздөөчүсү болуп саналат. Аристотелдин фи­лософиялык системасын жалпысынан логика жана ме­тафизика түзөт. Категориялар тууралуу окуусу (маңыз, мамиле, орун, убакыт, салат, сан, ара­кет, ээлөө, абал) логика менен метафизиканын чегинде турат. Өзүнүн «Метафизикасында» А. конкреттүү болмуш, нерсе материя менен форманын биримдиги деп эсептейт да, материяны пассивдүү, чындыктын мүмкүнчүлүгү, ал эми форманы активдүү, нерсенин башаты, маңызы иретинде караган. Нерселердин жаралуу жана жок болуу проблемаларын чечүү менен төрт түрдөгү (формалдуу, материалдуу, кыймылдатуучу же жаратуучу, максаттуу) себептер тууралуу окуу­ну иштеп чыккан. «Физика» деп аталган эмге­гинде ал мейкиндик, кыймыл, чексиздик, зарылчылык, кокустук ж. б. түшүнүктөрдү терең анализдеген. Анын космологиясында дүйнө төрт элементтен (от, жер, суу, аба) турат деп, эфирдин бешинчи элемент болоору көрсөтүлгөн. Анын «Жан тууралуу» эмгегинде касиеттери жана түрлөрү (өсүмдүк, сезимдүү жан, акыл эстүү жан) изилденген. Аристотелдин философиялык мурасынын бир бөлүгүн анын коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө арналган көзкараштары түзөт. Ал социалдык саясий көзкараштары боюнча кул ээлөөчүлөр табына ыктаган, кул ээлөөчүлүктү табигый деп билген. Аристотель кул ээлик мамлекетинин формасын үчкө бөлөт: монархия – бир адамдын бийлиги, аристократия – азчылыктын бийлиги, демо­кратия – көпчүлүктүн бийлиги. Булардын ичинен монархияны биринчи катарга коёт. Ал ошондой эле мамлекеттин, үй-бүлөнүн келип чыгышын да изилдеген. Анын пикиринде, мамлекеттин пайда болушуна адамдардын биригип турмуш куруп, өз ара мамиле жасоого умтулушу себеп болгон, башкача айтканда анын чыгышын табигый өнүгүүнүн натыйжасы деп түшүнгөн.
Ад.: АхмановА. С. Логическое учение Аристотеля. М., 1960; Зубов В. П. Аристотель, М., 1963; АльФараби Философские трактаты. А.-А., 1970.
Г. Т. Ботоканова.