Difference between revisions of "АРГЫМАК"
433-496>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРГЫМАК'''– Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,ахалтеке жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн Аргымак деп аташат. Кыргыз элинин турмушунда Аргымак байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борбордук Азияда өстүргөн деп эсептешет. Б. з. ч. 2–1-кылымдарга таандык жазма булактар, маалыматтар боюнча Аргымак жылкыларды өстүргөн 2 борбор: Бактрия жана Даван белгилүү. Фергана өрөөнүндөгү ''Даван мамлекетинин'' жылкылары сымбаты, сыны, турпаты жана күлүктүгү менен өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү сыймыктанган.

ахалтеке ж-а англис жылкысынын сымбаттуу, | [[File: АРГЫМАК_56.png| thumb|none]] | ||
чымыр күлүгүн | Коңшулаш элдерге жана алыскы өлкөлөргө чейин Даван Аргымактарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жазма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы жөнүндө айтылат. Даван Аргымагынын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археологиялык изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, ошондой эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.

турмушунда | |||
пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы | |||
жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары | |||
кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде | |||
2 борбор: Бактрия ж-а Даван белгилүү. Фергана | |||
өрөөнүндөгү ''Даван мамлекетинин'' жылкылары | |||
сымбаты, сыны, турпаты ж-а күлүктүгү м-н өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн | |||
аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү | |||
сыймыктанган. | |||
[[File: АРГЫМАК_56.png| thumb | none]] | |||
өлкөлөргө чейин Даван | |||
кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы | |||
турган. | |||
«ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары | |||
ичке, келишимдүү аттар тартылган, | |||
сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган. | |||
[[File:АРГЫМАК_57.png | thumb|«Асман аттары». Айырмач тоосундагы (Фергана) аска бетиндеги сүрөттөр.]] | |||
Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке Аргымактарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум Аргымак жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, ошондой эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү менен айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу жана ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда Аргымак жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
''Ш. Керимова.''

[[Категория:1-Том]] |
10:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРГЫМАК– Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,ахалтеке жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн Аргымак деп аташат. Кыргыз элинин турмушунда Аргымак байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борбордук Азияда өстүргөн деп эсептешет. Б. з. ч. 2–1-кылымдарга таандык жазма булактар, маалыматтар боюнча Аргымак жылкыларды өстүргөн 2 борбор: Бактрия жана Даван белгилүү. Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин жылкылары сымбаты, сыны, турпаты жана күлүктүгү менен өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү сыймыктанган.
Коңшулаш элдерге жана алыскы өлкөлөргө чейин Даван Аргымактарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жазма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы жөнүндө айтылат. Даван Аргымагынын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археологиялык изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, ошондой эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.
Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке Аргымактарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум Аргымак жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, ошондой эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү менен айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу жана ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда Аргымак жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
Ш. Керимова.