Difference between revisions of "АРГЕНТИНАЛЫКТАР"
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРГЕНТИНАЛЫКТАР'''– улут, Аргентинанын негизги калкы. Жалпы саны 41 млн, анын ичинде 40 млн адам Аргентинада (2010). Парагвай, Уругвай, Мексика, АКШ, Чилиде да жашашат. Испан тилинин аргентина диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү – католиктер. Аргентиналыктар 16-кылымда испан, кийин ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Жергиликтүү индейлердин көпчүлүгү баскынчылардан кырылып жок болушкан, калгандары болсо тез эле башка этностук топтор менен аралашып кеткен. 19-кылымдын 60-70-жылдарында аргентина улуту пайда болгон. Аргентиналыктардын экономикалык, маданий турмушунун өнүгүшүнө европалык иммигранттардын чоң таасири тийген. 1869-жылы калктын саны 1,9 млн болсо, 1914-жылы 7,9 млнго чейин өскөн жана анын этностук курамы өзгөрүлүп, калктын 30 %ин европалыктар түзүп калган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында жана согуштан кийин өнөр жайдын жогорулашына байланыштуу кыштактардан шаарга, өзгөчө Буэнос-Айреске Аргентиналыктардын массалык көчүп келүүсү күчөгөн. Калктын 80% шаарда жашайт. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык,[[File:АРГЕНТИНАЛЫКТАР_55.png | thumb|Буэнос-Айрес провинциясындагы майрам.]] | |||
[[File:АРГЕНТИНАЛЫКТАР_55.png | thumb | Буэнос-Айрес провинциясындагы майрам.]] | кол өнөрчүлүк менен кесип кылышып, фермерлер бышкан кыштан салынган үйлөрдө, кедейлер арзан фанерден салынган ранчолордо жашашат. Улуттук кийими пончо, булгаары өтүк жана шляпа.
''Ш. Керимова'' | ||
кол өнөрчүлүк м-н кесип кылышып, фермерлер бышкан кыштан салынган үйлөрдө, кедейлер арзан фанерден салынган ранчолордо жашашат. Улуттук кийими пончо, булгаары өтүк ж-а шляпа.
| [[Категория:1-Том]] | ||
''Ш. Керимова'' |
10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРГЕНТИНАЛЫКТАР– улут, Аргентинанын негизги калкы. Жалпы саны 41 млн, анын ичинде 40 млн адам Аргентинада (2010). Парагвай, Уругвай, Мексика, АКШ, Чилиде да жашашат. Испан тилинин аргентина диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү – католиктер. Аргентиналыктар 16-кылымда испан, кийин ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Жергиликтүү индейлердин көпчүлүгү баскынчылардан кырылып жок болушкан, калгандары болсо тез эле башка этностук топтор менен аралашып кеткен. 19-кылымдын 60-70-жылдарында аргентина улуту пайда болгон. Аргентиналыктардын экономикалык, маданий турмушунун өнүгүшүнө европалык иммигранттардын чоң таасири тийген. 1869-жылы калктын саны 1,9 млн болсо, 1914-жылы 7,9 млнго чейин өскөн жана анын этностук курамы өзгөрүлүп, калктын 30 %ин европалыктар түзүп калган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында жана согуштан кийин өнөр жайдын жогорулашына байланыштуу кыштактардан шаарга, өзгөчө Буэнос-Айреске Аргентиналыктардын массалык көчүп келүүсү күчөгөн. Калктын 80% шаарда жашайт. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык,
кол өнөрчүлүк менен кесип кылышып, фермерлер бышкан кыштан салынган үйлөрдө, кедейлер арзан фанерден салынган ранчолордо жашашат. Улуттук кийими пончо, булгаары өтүк жана шляпа.
Ш. Керимова