Difference between revisions of "АРБУЗОВ Алексей Николаевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)
 
(13 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Алексей Николаевич (13. 5. 1908, Моск­ва – 20. 4. 1986, ошол эле жерде) – орус драма­тургу. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1980). Ле­нинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы м-н драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он экиге кетти» (1959), Жоголгон уул» (1961), «Байкуш Маратым»
'''АРБУЗОВ''' Алексей Николаевич (13. 5. 1908-жыл, Моск­ва шаары – 20. 4. 1986-жыл, Москва шаары) – орус драма­тургу. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ле­нинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан баштап жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он эки болду» (1959), "Жоголгон уул» (1960), «Байкуш Маратым» (1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) жана башка чыгармаларды жазган. Ал чыгармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо жана башка учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.
(1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) ж. б. чыгармаларды жазган. Ал чы-гармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо ж. б. учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.
[[Файл:Арбузов.jpg|alt=Сүрөт|left|thumb|150x150px|Арбузов А.Н]]


'''Чыгармачылык жолу'''
А. Н. Арбузов 14 жашында Мариин театрында статист болуп иштей баштаган. 16 жашында актёр жана режиссёр Павел Гайдебуровдун жетекчилиги астындагы драмалык студияга кирип, окууну аяктагандан кийин Гайдебуров жетектеген көчмө театрдын труппасына кабыл алынган. 1928-жылы А. Арбузов жаш актёрлор тобу менен бирге өзүнүн «Эксперименталдык драма цехин» түзгөн. Ал жабылгандан кийин Россиянын чакан шаарларында спектаклдер менен кыдырган дөңгөлөк театрын (агитвагон) уюштурууга катышкан. Биринчи көп актылуу пьесасы Ленинград шаарында коюлган, бирок ийгиликке жетишкен эмес. Андан кийин Москва шаарындагы Мейерхольд атындагы театрга кирип, көп өтпөй Пролетарий маданият театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. Бул кичинекей формадагы театр болгондуктан, А. Арбузов ага үгүттөө пикирлерин жазып турган. 1939-жылы В. Н. Плучек менен бирге ''Арбузов студиясы'' деген ат менен белгилүү болгон Москва театр студиясын уюштурган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен студия фронттук театрга айланып, согуш аяктагандан кийин өз ишин токтоткон. Алексей Арбузовдун биринчи чыныгы ийгиликтүү пьесасы болуп, 1939-жылы жазылып, ошол эле жылы Андрей Лобанов тарабынан Революция театрында коюлуп, Мария Бабанова башкы ролдо ойногон «Таня» пьесасы эсептелет. Кийинчерээк «Таня» биринчи да, экинчи да басылышы менен (1946-жылы) өлкөнүн дээрлик бардык театрларында коюлуп, авторго чоң атак алып келген. А. Арбузовдун пьесалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коюлган жана СССРдин сахналарынан түшкөн эмес («Иркутск окуясы» 1960–1961-жылдары эле 9000ден ашык сахнага коюлган). Анын пьеса формасы жаатындагы көптөгөн эксперименттери [https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%A3%D0%B8%D0%BB%D1%8C%D1%8F%D0%BC%D1%81,_%D0%A2%D0%B5%D0%BD%D0%BD%D0%B5%D1%81%D1%81%D0%B8 Теннесси Уильямс] менен Жон Осборндун таасири жөнүндө күбөлөндүрөт.
'''Пьесалары'''
* 1930 – «Класс» (Чоң жашоо)
* 1935, 1958 (кайра иштелген) – «Сүйүктүү алтоо»
* 1935 – «Алыс жол»
* 1935 – «Бактылуу дозор»
* 1938, 1947 (кайра иштелген) – «Таня», пьеса 1956-жылга чейин 1000 жолу коюлган. Сцена ортосундагы чоң интервалдар аркылуу А. Арбузов жаш студент кыздын бойго жеткен аң-сезимдүү дарыгер аялга кантип айланганын көрсөтөт. Спектаклдин биринчи вариантында дал ушул бойго жеткен Танянын образы жеткиликтүү болбогондуктан, 1947-жылы пьеса кайра иштелип чыккан.
* 1940, 1957  (кайра иштелген) – «Таң алдындагы шаар»
* 1942 – «Күтүлбөгөн күз», («Өлбөс» бөлүмү боюнча А.Гладков менен биргеликте кайра иштелип чыккан, 1965)
* 1943 – «Чет жактагы үй»,·(«Черкизовдогу үй» бөлүмү боюнча кайра иштелип чыккан, 1954)
* 1948 – «Кыдырган жылдар», (Ведерников бөлүмү боюнча 1954 жана 1980-жылдары кайра иштелип чыккан).
* 1952 – «Европа хроникасы»
* 1955 – «Бир күн мурун», И. С. Тургеневдин романы боюнча жазылган.
* 1959, 1980 (кайра иштелген) – «Саат он эки болду»
* 1959 – «Иркутск тарыхы», 1959–1964-жылдары 9000ден ашык сахнага коюлган.
* 1959 – «Өлбөстүктүн алдындагы түн»
* 1960 – «Жоголгон уул»
* 1962 – «Бизди кайсы-бир жерде күтүшөт...»
* 1964 – «Кайрадан жаштык менен жолугушуу»
* 1965, 1980 (кайра иштелген) – «Байкуш Маратым», же «Бактылуу болуудан коркпо», Ленинград блокадасы учурундагы окуя көрсөтүлөт, автор өзүнө мүнөздүү болгон  окуяны көп жылдарга созуу ыкмасын колдонот (1965–1969-жылдар аралыгында 3253 жолу коюлган).
*1967 – «Түнкү моюнга алуу»
*1968 – «Бактысыз адамдын бактылуу күндөрү»
*1970 – «Эски Арбаттын жомогу», 1970–1973-жылдары 1827 жолу коюлган. А.Арбузов сахнага өзүнүн курдашы – куурчактарды жараткан алтымыш жаштагы сүрөтчүнү алып чыккан. Бул каармандын жыйырма жаштагы кызга болгон сүйүүсүн, уулу менен досуна болгон мамилесин, карылык, жашоо философиясын ачып берүү үчүн автор кандайдыр бир абстракттуу түрдү колдонгон.
*1971 – «Тандоо»
*1972 – «Бул сүйкүмдүү эски үйдө» (же «Кээ бир капалыктар»)
*1972 – «Менин көрктүүм» (же «Васяга жашоо кандай жакшы!...», 1968)
*1974 – «Кечки жарык»
*1975 – «Эски модалуу комедия»
*1976 – «Күтүү»
*1978 – «Ырайымсыз оюндар». Спектаклде Батыш Сибирдин мунай кендериндеги жана Москва шаарындагы окуялар баяндалат. Автор  ар бир адамдын ойлонбогон иш-аракеттери башка адамга олуттуу, моралдык зыян алып келишин тынчсыздануу менен көрсөтөт.
*1981 – «Эскерүүлөр»
*1983 – «Жеңүүчү кыз»
*1984 – «Күнөөлүүлөр»
'''Тасмаларга сценарийлери'''
* Таня (1974)
* Эски модалуу комедия (1978)
* Эски Арбаттын жомоктору...жомоктору...жомоктору (1982)
'''Колдонулган булактар'''
Россия чоң энциклопедиясы: 30 т. / Илимий ред. кеңештин төрагасы Ю. С. Осипов. Жооптуу ред. С. Л. Кравец. Т. 2. Анкилоз — Банка. — М.: Россия чоң энциклопедиясы, 2005. — 766 б.: ил.: карт.
«Акча» повести. Кирилл Арбузовдун кириш сөзү. ''Журнал залы'' (октябрь, 2003). Кайрылуу датасы: 14-февраль, 2016. 2016-жылдын 22-февралында архивдештирилген.
Орус жазуучулары жана акындары. Биографиялык кыска сөздүк. — М., 2000.
''Рудницкий К. Л.'' Арбузов, Алексей Николаевич // Театр энциклопедиясы / С. С. Мокульскийдин редакциясы астында. — М.: Сов. энциклопедия, 1961. — Т. 1.
XX кылымдагы орус адабиятынын лексикону = Lexikon der russischen Literatur ab 1917 / В. Казак ; [нем тил.котор.]. — М. : РИК «Маданят», 1996. — XVIII, 491, [1] б. — 5000 экз. — <nowiki>ISBN 5-8334-0019-8</nowiki>.
[[Категория:1-Том]]

10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРБУЗОВ Алексей Николаевич (13. 5. 1908-жыл, Моск­ва шаары – 20. 4. 1986-жыл, Москва шаары) – орус драма­тургу. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ле­нинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан баштап жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы менен драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он эки болду» (1959), "Жоголгон уул» (1960), «Байкуш Маратым» (1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) жана башка чыгармаларды жазган. Ал чыгармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо жана башка учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.

Сүрөт
Арбузов А.Н


Чыгармачылык жолу

А. Н. Арбузов 14 жашында Мариин театрында статист болуп иштей баштаган. 16 жашында актёр жана режиссёр Павел Гайдебуровдун жетекчилиги астындагы драмалык студияга кирип, окууну аяктагандан кийин Гайдебуров жетектеген көчмө театрдын труппасына кабыл алынган. 1928-жылы А. Арбузов жаш актёрлор тобу менен бирге өзүнүн «Эксперименталдык драма цехин» түзгөн. Ал жабылгандан кийин Россиянын чакан шаарларында спектаклдер менен кыдырган дөңгөлөк театрын (агитвагон) уюштурууга катышкан. Биринчи көп актылуу пьесасы Ленинград шаарында коюлган, бирок ийгиликке жетишкен эмес. Андан кийин Москва шаарындагы Мейерхольд атындагы театрга кирип, көп өтпөй Пролетарий маданият театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. Бул кичинекей формадагы театр болгондуктан, А. Арбузов ага үгүттөө пикирлерин жазып турган. 1939-жылы В. Н. Плучек менен бирге Арбузов студиясы деген ат менен белгилүү болгон Москва театр студиясын уюштурган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен студия фронттук театрга айланып, согуш аяктагандан кийин өз ишин токтоткон. Алексей Арбузовдун биринчи чыныгы ийгиликтүү пьесасы болуп, 1939-жылы жазылып, ошол эле жылы Андрей Лобанов тарабынан Революция театрында коюлуп, Мария Бабанова башкы ролдо ойногон «Таня» пьесасы эсептелет. Кийинчерээк «Таня» биринчи да, экинчи да басылышы менен (1946-жылы) өлкөнүн дээрлик бардык театрларында коюлуп, авторго чоң атак алып келген. А. Арбузовдун пьесалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коюлган жана СССРдин сахналарынан түшкөн эмес («Иркутск окуясы» 1960–1961-жылдары эле 9000ден ашык сахнага коюлган). Анын пьеса формасы жаатындагы көптөгөн эксперименттери Теннесси Уильямс менен Жон Осборндун таасири жөнүндө күбөлөндүрөт.

Пьесалары

  • 1930 – «Класс» (Чоң жашоо)
  • 1935, 1958 (кайра иштелген) – «Сүйүктүү алтоо»
  • 1935 – «Алыс жол»
  • 1935 – «Бактылуу дозор»
  • 1938, 1947 (кайра иштелген) – «Таня», пьеса 1956-жылга чейин 1000 жолу коюлган. Сцена ортосундагы чоң интервалдар аркылуу А. Арбузов жаш студент кыздын бойго жеткен аң-сезимдүү дарыгер аялга кантип айланганын көрсөтөт. Спектаклдин биринчи вариантында дал ушул бойго жеткен Танянын образы жеткиликтүү болбогондуктан, 1947-жылы пьеса кайра иштелип чыккан.
  • 1940, 1957 (кайра иштелген) – «Таң алдындагы шаар»
  • 1942 – «Күтүлбөгөн күз», («Өлбөс» бөлүмү боюнча А.Гладков менен биргеликте кайра иштелип чыккан, 1965)
  • 1943 – «Чет жактагы үй»,·(«Черкизовдогу үй» бөлүмү боюнча кайра иштелип чыккан, 1954)
  • 1948 – «Кыдырган жылдар», (Ведерников бөлүмү боюнча 1954 жана 1980-жылдары кайра иштелип чыккан).
  • 1952 – «Европа хроникасы»
  • 1955 – «Бир күн мурун», И. С. Тургеневдин романы боюнча жазылган.
  • 1959, 1980 (кайра иштелген) – «Саат он эки болду»
  • 1959 – «Иркутск тарыхы», 1959–1964-жылдары 9000ден ашык сахнага коюлган.
  • 1959 – «Өлбөстүктүн алдындагы түн»
  • 1960 – «Жоголгон уул»
  • 1962 – «Бизди кайсы-бир жерде күтүшөт...»
  • 1964 – «Кайрадан жаштык менен жолугушуу»
  • 1965, 1980 (кайра иштелген) – «Байкуш Маратым», же «Бактылуу болуудан коркпо», Ленинград блокадасы учурундагы окуя көрсөтүлөт, автор өзүнө мүнөздүү болгон окуяны көп жылдарга созуу ыкмасын колдонот (1965–1969-жылдар аралыгында 3253 жолу коюлган).
  • 1967 – «Түнкү моюнга алуу»
  • 1968 – «Бактысыз адамдын бактылуу күндөрү»
  • 1970 – «Эски Арбаттын жомогу», 1970–1973-жылдары 1827 жолу коюлган. А.Арбузов сахнага өзүнүн курдашы – куурчактарды жараткан алтымыш жаштагы сүрөтчүнү алып чыккан. Бул каармандын жыйырма жаштагы кызга болгон сүйүүсүн, уулу менен досуна болгон мамилесин, карылык, жашоо философиясын ачып берүү үчүн автор кандайдыр бир абстракттуу түрдү колдонгон.
  • 1971 – «Тандоо»
  • 1972 – «Бул сүйкүмдүү эски үйдө» (же «Кээ бир капалыктар»)
  • 1972 – «Менин көрктүүм» (же «Васяга жашоо кандай жакшы!...», 1968)
  • 1974 – «Кечки жарык»
  • 1975 – «Эски модалуу комедия»
  • 1976 – «Күтүү»
  • 1978 – «Ырайымсыз оюндар». Спектаклде Батыш Сибирдин мунай кендериндеги жана Москва шаарындагы окуялар баяндалат. Автор ар бир адамдын ойлонбогон иш-аракеттери башка адамга олуттуу, моралдык зыян алып келишин тынчсыздануу менен көрсөтөт.
  • 1981 – «Эскерүүлөр»
  • 1983 – «Жеңүүчү кыз»
  • 1984 – «Күнөөлүүлөр»

Тасмаларга сценарийлери

  • Таня (1974)
  • Эски модалуу комедия (1978)
  • Эски Арбаттын жомоктору...жомоктору...жомоктору (1982)

Колдонулган булактар

Россия чоң энциклопедиясы: 30 т. / Илимий ред. кеңештин төрагасы Ю. С. Осипов. Жооптуу ред. С. Л. Кравец. Т. 2. Анкилоз — Банка. — М.: Россия чоң энциклопедиясы, 2005. — 766 б.: ил.: карт.

«Акча» повести. Кирилл Арбузовдун кириш сөзү. Журнал залы (октябрь, 2003). Кайрылуу датасы: 14-февраль, 2016. 2016-жылдын 22-февралында архивдештирилген.

Орус жазуучулары жана акындары. Биографиялык кыска сөздүк. — М., 2000.

Рудницкий К. Л. Арбузов, Алексей Николаевич // Театр энциклопедиясы / С. С. Мокульскийдин редакциясы астында. — М.: Сов. энциклопедия, 1961. — Т. 1.

XX кылымдагы орус адабиятынын лексикону = Lexikon der russischen Literatur ab 1917 / В. Казак ; [нем тил.котор.]. — М. : РИК «Маданят», 1996. — XVIII, 491, [1] б. — 5000 экз. — ISBN 5-8334-0019-8.