Difference between revisions of "АРАКЕТСИЗДИК"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРАКЕТСИЗДИК –''' коомго коркунучтуу жосундун экинчи түрү <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кылмыш курамынын объективдүү белгилеринин бири. Аракетсиздик – жазык-укуктук маанисинде адамдын аракетинин пассивдүү жагы. Ал адам тарабынан өзү жасоого тийиш болгон айкын активдүү аракеттерди мүмкүнчүлүгү болсо да, жасабагандыгын көрсөтөт. Ошондуктан Аракетсиздик коомго коркунучтуу же болбосо кылмыштуу деп эсептелинет. Адам өзүнө атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса, жазык жообуна тартылышы мүмкүн. Адамдын аракет кылууга карата милдети ар кандай укуктук ченемдерде каралышы керек. Алар төмөндөгүдөй: 1) эгерде Жазык кодексинде аракет кылууга милдеттүүлүк түздөн-түз көрсөтүлсө, мис., адамдар оор <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> өзгөчө оор кылмыштарды жашырбай укук коргоо органдарына билдирбей жаап-жашырса, Жазык мыйзамынын негизинде жоопко тартылышы мүмкүн; 2) аракет кылууга милдеттүүлүк адамдардын тууганчылык мамилелерине негизделсе, мисалы, ата-эне жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбаса же болбосо балдарды багуудан качса, жоопкерчиликке тартылат; 3) аракет кылууга милдеттүүлүк атайын келишимден же болбосо адамдын мурдагы иш-аракетинен келип чыкса, мисалы, врач оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуп койсо, ошонун натыйжасында ал адам оор абалга дуушар болсо же айдоочу автотранспорту <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жолдон адамды койдуруп, жардам көрсөтпөстөн, автомашинасын токтотпой качып кетсе, мыйзам алдында жооп берет; 4) аракет кылууга милдеттүүлүк кызматтык, кесиптик, атайын тапшырмалардан, келишимдерден ж. б. жагдайлардан чыгып кетсе, мисалы, ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыш жасап жаткан адамды кармоодон же болбосо тергөөчү, прокурор жазык ишин козгоодон атайылап баш тартса, өзүлөрү сөзсүз жооп беришет. Бирок адамдын ошол учурда, ошол шартта зарыл аракеттерди жасоого иш жүзүндө мүмкүнчүлүгү бар беле деген суроо такталмайынча, ал адам жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.<br> ''К. Бодобоев, К. Курманов.'' | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
10:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРАКЕТСИЗДИК – коомго коркунучтуу жосундун экинчи түрү жана кылмыш курамынын объективдүү белгилеринин бири. Аракетсиздик – жазык-укуктук маанисинде адамдын аракетинин пассивдүү жагы. Ал адам тарабынан өзү жасоого тийиш болгон айкын активдүү аракеттерди мүмкүнчүлүгү болсо да, жасабагандыгын көрсөтөт. Ошондуктан Аракетсиздик коомго коркунучтуу же болбосо кылмыштуу деп эсептелинет. Адам өзүнө атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса, жазык жообуна тартылышы мүмкүн. Адамдын аракет кылууга карата милдети ар кандай укуктук ченемдерде каралышы керек. Алар төмөндөгүдөй: 1) эгерде Жазык кодексинде аракет кылууга милдеттүүлүк түздөн-түз көрсөтүлсө, мис., адамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жашырбай укук коргоо органдарына билдирбей жаап-жашырса, Жазык мыйзамынын негизинде жоопко тартылышы мүмкүн; 2) аракет кылууга милдеттүүлүк адамдардын тууганчылык мамилелерине негизделсе, мисалы, ата-эне жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбаса же болбосо балдарды багуудан качса, жоопкерчиликке тартылат; 3) аракет кылууга милдеттүүлүк атайын келишимден же болбосо адамдын мурдагы иш-аракетинен келип чыкса, мисалы, врач оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуп койсо, ошонун натыйжасында ал адам оор абалга дуушар болсо же айдоочу автотранспорту менен жолдон адамды койдуруп, жардам көрсөтпөстөн, автомашинасын токтотпой качып кетсе, мыйзам алдында жооп берет; 4) аракет кылууга милдеттүүлүк кызматтык, кесиптик, атайын тапшырмалардан, келишимдерден ж. б. жагдайлардан чыгып кетсе, мисалы, ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыш жасап жаткан адамды кармоодон же болбосо тергөөчү, прокурор жазык ишин козгоодон атайылап баш тартса, өзүлөрү сөзсүз жооп беришет. Бирок адамдын ошол учурда, ошол шартта зарыл аракеттерди жасоого иш жүзүндө мүмкүнчүлүгү бар беле деген суроо такталмайынча, ал адам жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.
К. Бодобоев, К. Курманов.