Difference between revisions of "АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → жана (4)) |
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР,''' а п о с т о л и к т е р – 13- | '''АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР,''' а п о с т о л и к т е р – 13-кылымдын экинчи жарымы – 14-кылымдын башында Түндүк Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме шаарында 1260-жылы негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына жана католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга жана теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-жылы Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабынан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-жылы Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-жылы Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар жана плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-жылы басылып, башчысы өлтүрүлгөн. Апостолдук бир туугандар Италия, Франция, Испания жана Германияда өз идеяларын 15-кылымга чейин үгүттөөнү улантышкан.
'' Б. Солтонбеков.''

'' | [[Категория:1-Том]] |
10:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР, а п о с т о л и к т е р – 13-кылымдын экинчи жарымы – 14-кылымдын башында Түндүк Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме шаарында 1260-жылы негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына жана католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга жана теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-жылы Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабынан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-жылы Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-жылы Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар жана плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-жылы басылып, башчысы өлтүрүлгөн. Апостолдук бир туугандар Италия, Франция, Испания жана Германияда өз идеяларын 15-кылымга чейин үгүттөөнү улантышкан.
Б. Солтонбеков.