Difference between revisions of "АНШЛЮС"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНШЛЮС''' (нем. anschlus – бириктирүү) – Германиянын Австрияны ''аннексиялоосуна'' карата колдонулган термин. Австриялык немецтер | '''АНШЛЮС''' (нем. anschlus – бириктирүү) – Германиянын Австрияны ''аннексиялоосуна'' карата колдонулган термин. Австриялык немецтер Германия империясына кирбестен, Австрия-Венгриянын курамында калышкан. 1934-жылы австриялык нацисттердин Австрияны «Үчүнчү Рейхке» бириктирүү аракети ишке ашпай калган. 1938-жылы февралда Гитлер австриялык канцлер Курт фон Шушнингди Берхтесгаденге чакырып, андан Австриянын министрлер кабинетинин курамына нацисттерди киргизүүнү талап кылган. Канцлердин Австриянын көз каранды эместигин сактап калуу аракети колдоого ээ болбой, өлкөдө өткөрүлгөн плебисцит ийгиликсиз аяктаган. 1938-жылы 11–12-мартта фашисттик Германия Австрияны басып алган <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> көпчүлүк австриялыктар аны колдошкон. Австриянын көз каранды эместиги 1946-жылы калыбына келтирилип, атайын мамлекеттик келишим боюнча Аншлюска тыюу салынган.<br> | ||
андан Австриянын министрлер кабинетинин курамына нацисттерди киргизүүнү талап кылган. Канцлердин Австриянын көз каранды эместигин сактап калуу аракети колдоого ээ болбой, өлкөдө өткөрүлгөн плебисцит ийгиликсиз аяктаган. 1938- | [[Категория:1-Том]] |
10:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНШЛЮС (нем. anschlus – бириктирүү) – Германиянын Австрияны аннексиялоосуна карата колдонулган термин. Австриялык немецтер Германия империясына кирбестен, Австрия-Венгриянын курамында калышкан. 1934-жылы австриялык нацисттердин Австрияны «Үчүнчү Рейхке» бириктирүү аракети ишке ашпай калган. 1938-жылы февралда Гитлер австриялык канцлер Курт фон Шушнингди Берхтесгаденге чакырып, андан Австриянын министрлер кабинетинин курамына нацисттерди киргизүүнү талап кылган. Канцлердин Австриянын көз каранды эместигин сактап калуу аракети колдоого ээ болбой, өлкөдө өткөрүлгөн плебисцит ийгиликсиз аяктаган. 1938-жылы 11–12-мартта фашисттик Германия Австрияны басып алган жана көпчүлүк австриялыктар аны колдошкон. Австриянын көз каранды эместиги 1946-жылы калыбына келтирилип, атайын мамлекеттик келишим боюнча Аншлюска тыюу салынган.