Difference between revisions of "АНХАЛЬТ"
433-496>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНХАЛЬТ,''' А́ н г а л ь т – тарыхый облус. Борбордук Германиянын Саксония-Анхальт жеринде жайгашкан. 12-кылымда Анхальт графтыгы, 1212-жылы Анхальт княздыгы, 1863-жылы Анхальт герцогдугу түзүлгөн. 1871-жылдан Германия империясынын курамында. 1918-жылы Германияда монархия кулатылгандан кийин Анхальт эркин мамлекетке айланган. 1945-жылы Анхальт саясий бирдик катары өзүнүн саясий жашоосун токтоткон. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Анхальт советтик оккупация зонасына кирген. Советтик аскер администрациясы 1947-жылы Анхальтты Саксония <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> бириктирип, Саксония-Анхальт аймагына кошкон. 1949-жылы октябрда ГДРдин түзүлүшү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Саксония-Анхальт аймагы анын курамына кирген. 1991-жылы Германия бириккенден кийин административдик реформа жүргүзүлүп, 1994-жылы Саксония-Анхальт аймагында Анхальт-Цербст району түзүлүп, байыркы тарыхый аталышын калыбына келтирген.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНХАЛЬТ, А́ н г а л ь т – тарыхый облус. Борбордук Германиянын Саксония-Анхальт жеринде жайгашкан. 12-кылымда Анхальт графтыгы, 1212-жылы Анхальт княздыгы, 1863-жылы Анхальт герцогдугу түзүлгөн. 1871-жылдан Германия империясынын курамында. 1918-жылы Германияда монархия кулатылгандан кийин Анхальт эркин мамлекетке айланган. 1945-жылы Анхальт саясий бирдик катары өзүнүн саясий жашоосун токтоткон. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Анхальт советтик оккупация зонасына кирген. Советтик аскер администрациясы 1947-жылы Анхальтты Саксония менен бириктирип, Саксония-Анхальт аймагына кошкон. 1949-жылы октябрда ГДРдин түзүлүшү менен Саксония-Анхальт аймагы анын курамына кирген. 1991-жылы Германия бириккенден кийин административдик реформа жүргүзүлүп, 1994-жылы Саксония-Анхальт аймагында Анхальт-Цербст району түзүлүп, байыркы тарыхый аталышын калыбына келтирген.