Difference between revisions of "АНТРОПОСОФИЯ"
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНТРОПОСОФИЯ''' (''антропо...'' ж-а гр. sophia - акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух | '''АНТРОПОСОФИЯ''' (''антропо...'' жана гр. sophia - акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух жөнүндөгү илим») жана аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-жылы Антропософиялык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымдын негиздөөчү катары өзү жетектеген. 1996-жылы коомдун мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш, башкача айтканда ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө алат. Адам өзүн космикалык жан (существо) катары таануу менен өзүндө өтө ашкере сезгичтик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам менен адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн тереңинде жатат. | ||
''Г.Т.Ботоканова.''
| ''Г.Т.Ботоканова.''

[[Категория:1-Том]] |
10:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНТРОПОСОФИЯ (антропо... жана гр. sophia - акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух жөнүндөгү илим») жана аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-жылы Антропософиялык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымдын негиздөөчү катары өзү жетектеген. 1996-жылы коомдун мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш, башкача айтканда ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө алат. Адам өзүн космикалык жан (существо) катары таануу менен өзүндө өтө ашкере сезгичтик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам менен адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн тереңинде жатат.
Г.Т.Ботоканова.