Difference between revisions of "АНТИТЕЗА"
324-432>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНТИТЕЗА''' (гр. antithesis – карама-каршылык) – көркөм чыгармада кеңири колдонулуучу стилистикалык ыкмалардын бир түрү. Акындар чыгармаларындагы каармандардын мүнөзүн толук ачуу <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> окурмандарга эстетикалык күчтүү таасир калтыруу үчүн карама-каршы түшүнүктөрдү бир бүтүн сүйлөмгө же сөз тизмектерине топтойт. Мисалы, «Келериңде дүнүйө, жыйырма беш жаштайсың, кетериңде дүнүйө, жыдыган кара чачтайсың» (Токтогул), «Унчукпасам, улутунуп зерикпе. Өкүм айтсам, уялдым деп терикпе» (А. Токомбаев), ошондой эле Б. Сарногоевдин «Сага айткан сөз» деген ыры антитеза формасында жазылган. Акын турмуштун карама-каршы, «караңгы жана жарык» жактарын ачык, даана сүрөттөөгө жетише алган. Антитеза жалаң гана поэтикалык чыгармаларда эмес, прозалык <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> публицистикалык чыгармаларда, изилдөөлөрдө <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> макалаларда ж. б. кеңири кездешет. Мындай ыкманы колдонууда автор өз позициясын, идеясын, проблемасын ачык, даана <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> элестүү берүү үчүн бири-бирине карама-каршы түшүнүктөрдү, туюнтмаларды пайдаланат. Мисалы, «Турмушта эмнелер жок! Кубаныч менен өкүнүч, күлкү менен ый, шаттык менен кайгы, «жалкоо менен ишмер», «жеңилүү менен жеңүү», «жек көрүү менен жактыруу» ж. б. толуп жатат, бул чындык» (А. Токомбаев, Автобиографиялык фрагмент). Социалдык-коомдук турмуштагы, адамдар турмушундагы ар түрдүү конфликтүү кырдаалдарды ачык, даана сүрөттөө максатында антитезалык сүрөттөө кеңири эпикалык масштабдагы чыгармаларда да кеңири колдонулат. | |||
көркөм чыгармада кеңири колдонулуучу стилистикалык ыкмалардын бир түрү. Акындар | [[Категория:1-Том]] | ||
чыгармаларындагы каармандардын мүнөзүн толук ачуу ж-а окурмандарга | |||
калтыруу үчүн карама-каршы түшүнүктөрдү бир | |||
бүтүн сүйлөмгө же сөз тизмектерине топтойт. | |||
зерикпе. Өкүм айтсам, уялдым деп терикпе» | |||
(А. Токомбаев), | |||
айткан сөз» деген ыры | |||
даана сүрөттөөгө жетише алган. | |||
поэтикалык чыгармаларда эмес, прозалык ж-а | |||
проблемасын ачык, даана ж-а элестүү | |||
шаттык менен кайгы, «жалкоо менен ишмер», | |||
жактыруу» | |||
чыгармаларда да кеңири колдонулат. | |||
09:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНТИТЕЗА (гр. antithesis – карама-каршылык) – көркөм чыгармада кеңири колдонулуучу стилистикалык ыкмалардын бир түрү. Акындар чыгармаларындагы каармандардын мүнөзүн толук ачуу жана окурмандарга эстетикалык күчтүү таасир калтыруу үчүн карама-каршы түшүнүктөрдү бир бүтүн сүйлөмгө же сөз тизмектерине топтойт. Мисалы, «Келериңде дүнүйө, жыйырма беш жаштайсың, кетериңде дүнүйө, жыдыган кара чачтайсың» (Токтогул), «Унчукпасам, улутунуп зерикпе. Өкүм айтсам, уялдым деп терикпе» (А. Токомбаев), ошондой эле Б. Сарногоевдин «Сага айткан сөз» деген ыры антитеза формасында жазылган. Акын турмуштун карама-каршы, «караңгы жана жарык» жактарын ачык, даана сүрөттөөгө жетише алган. Антитеза жалаң гана поэтикалык чыгармаларда эмес, прозалык жана публицистикалык чыгармаларда, изилдөөлөрдө жана макалаларда ж. б. кеңири кездешет. Мындай ыкманы колдонууда автор өз позициясын, идеясын, проблемасын ачык, даана жана элестүү берүү үчүн бири-бирине карама-каршы түшүнүктөрдү, туюнтмаларды пайдаланат. Мисалы, «Турмушта эмнелер жок! Кубаныч менен өкүнүч, күлкү менен ый, шаттык менен кайгы, «жалкоо менен ишмер», «жеңилүү менен жеңүү», «жек көрүү менен жактыруу» ж. б. толуп жатат, бул чындык» (А. Токомбаев, Автобиографиялык фрагмент). Социалдык-коомдук турмуштагы, адамдар турмушундагы ар түрдүү конфликтүү кырдаалдарды ачык, даана сүрөттөө максатында антитезалык сүрөттөө кеңири эпикалык масштабдагы чыгармаларда да кеңири колдонулат.