Difference between revisions of "АНКЛАВ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(7 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНКЛАВ''' (французча enclave, латынча inclavo – кулпулайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы менен толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер анклавдын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар болсо, ал жарым анклав деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык, этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда анклавдык аймактар, анклавдык мамлекеттер, жарым анклавдар, шаар ичиндеги анклавдык кварталдар бар. Анклав мамлекет катары Лесото королчулугу (Түштүк Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми анклав шаар мамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн орун алган Ватикан эсептелет. Жарым анклав – Монако княздыгы Франция менен курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым анклав катары эсептелип, Литва, Польша жана Балтика деңизи менен чектешип турат. Мароккодогу Сеута жана Мелилья шаар-анклавдары испандардын бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен калган. Европа континентиндеги Швейцария мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон анклавдары, Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог анклавдарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу жана азыркы учурда бул анклавдардын экономикалык саясий жактан өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-жылы Британиялык Индиянын Индия Союзуна жана Пакистанга бөлүнүшү көп сандаган анклавдардын пайда болушуна алып келген. 1971-жылы Чыгыш Пакистандын ордуна Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да анклавдык маселелерди толук чече алган жок. Совет бийлигинин 1924–27-жылдарда Орто Азия республикаларында улуттук-мамлекеттик чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн иш чараларынын натыйжасында, азыркы учурда алардын арасында бир кыйла татаал эл аралык укуктук маселеге айланган анклавдар пайда болгон. Алар: Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай анклавдары. Өзбекстан чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кыргызстандын Барак анклавдары. | |||
болсо, ал жарым | |||
этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда | |||
Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми | |||
орун алган Ватикан эсептелет. Жарым | |||
Сеута ж-а Мелилья | |||
бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен | |||
калган. Европа континентиндеги Швейцария | |||
мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон | |||
Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог | |||
өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында | |||
аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947- | |||
көп сандаган | |||
келген. 1971- | |||
Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да | |||
маселелерди толук чече алган жок. | |||
Совет бийлигинин | |||
республикаларында улуттук- | |||
алардын арасында бир кыйла татаал эл | |||
чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, | |||
Барак | |||
''С. Аламанов.'' | |||
[[Категория:1-Том]] |
09:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНКЛАВ (французча enclave, латынча inclavo – кулпулайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы менен толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер анклавдын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар болсо, ал жарым анклав деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык, этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда анклавдык аймактар, анклавдык мамлекеттер, жарым анклавдар, шаар ичиндеги анклавдык кварталдар бар. Анклав мамлекет катары Лесото королчулугу (Түштүк Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми анклав шаар мамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн орун алган Ватикан эсептелет. Жарым анклав – Монако княздыгы Франция менен курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым анклав катары эсептелип, Литва, Польша жана Балтика деңизи менен чектешип турат. Мароккодогу Сеута жана Мелилья шаар-анклавдары испандардын бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен калган. Европа континентиндеги Швейцария мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон анклавдары, Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог анклавдарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу жана азыркы учурда бул анклавдардын экономикалык саясий жактан өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-жылы Британиялык Индиянын Индия Союзуна жана Пакистанга бөлүнүшү көп сандаган анклавдардын пайда болушуна алып келген. 1971-жылы Чыгыш Пакистандын ордуна Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да анклавдык маселелерди толук чече алган жок. Совет бийлигинин 1924–27-жылдарда Орто Азия республикаларында улуттук-мамлекеттик чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн иш чараларынын натыйжасында, азыркы учурда алардын арасында бир кыйла татаал эл аралык укуктук маселеге айланган анклавдар пайда болгон. Алар: Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай анклавдары. Өзбекстан чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кыргызстандын Барак анклавдары.
С. Аламанов.