Difference between revisions of "АНИМИЗМ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНИМИЗМ''' (лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой ж. б.) карата айтылат. Анимизм түшүнүгүн 18-кылымда алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун анимизм деп атаган. 19-кылымда анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер ж. б. улантышкан. Тайлор анимизмди бардык диндердин негизи катары караган. 20-кылымда анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. Анимизмдин элементтерин кыргыздардын диний-философиялык ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө ж. б. | |||
[[Категория:1-Том]] |
09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНИМИЗМ (лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx жана жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой ж. б.) карата айтылат. Анимизм түшүнүгүн 18-кылымда алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин жана башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун анимизм деп атаган. 19-кылымда анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер ж. б. улантышкан. Тайлор анимизмди бардык диндердин негизи катары караган. 20-кылымда анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. Анимизмдин элементтерин кыргыздардын диний-философиялык ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө ж. б.