Difference between revisions of "АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ–''' Россия падышачылыгынын Орто Азиядагы ''отор саясатына'' жана феодалдык эзүүсүнө каршы багытталган Фергана өрөөнүндөгү кыргыз, өзбек калкынын улуттук-боштондук кыймылы (1898). Көтөрүлүштүн чыгышына орус падышалыгынын орусташтыруу саясатынын күчөшү, өкмөт салыгынын оордугу, кыргыз-өзбек дыйкандарынын кунардуу жерлерин оторчулардын тартып алышы, ошондой эле негизги себептеринин бири – Фергана облусунун башкы байлыгы – пахта буласы адилетсиз арзан алынып, Россияга ташылып турушунан улам элдин турмушунун өтө жакырдануусу болгон. ''Миссионерлер'' болсо жергиликтүү элдерди христиан динин кабыл алдырууга далалат кылышкан. Көпчүлүк эл булардын баарына каршылык көрсөтө баштайт. Элдин нааразылыгын кээ бир белгилүү феодалдар, мусулман дин башчылары дин үчүн согуш ачууга пайдаланып («газават»), Анжиян, Ош, Маргалаң, Наманган шаарында көтөрүлүш чыгаруу менен Кокон хандыгын кайра калыбына келтирүүнү көздөшкөн. Кыймылдын демилгечилери негизинен Көгарт өрөөнүндөгү ''Чыйбыл болуш'' баштаган кыргыздар болгон. Алар 1895-жылы  алгачкы жыйын уюштуруп, көтөрүлүшкө жетекчилик кылууну кырк беш жаштагы Мухаммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев – Мадали («Ийикчи») эшенге сунуш кылышат. Ал Фергана өрөөнүнө кеңири таанымал, 1887-жылы Мекеге барып ажы болуп келген эшен эле. Мадали эшен бир нече жолу өткөрүлгөн жыйындан кийин (1897) макулдугун берет да, көтөрүлүшкө даярдыктар башталган. 1898-жылы 17-май күнү кечинде Миң-Дөбөгө (Араван району менен Өзбекстандын чегиндеги кыштак) кыргыз, өзбек жана кыпчактардан 2000 чамалуу адам чогулуп, алар Мадали жана дөөлөс уруусунан чыккан молдо кыргыз Зиябидин Максымдын жетекчилиги менен 2 ротадан турган Анжиян гарнизонуна кол салат. Падыша аскерлери бир аз гана жоготууга учурап (22 киши өлүп, 24 киши жарадар болгон), көтөрүлүш ырайымсыздык менен басылган. Айрым маалыматтар боюнча ''Зиябидин Максым'' Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон. Ал эми Мадали эшен 19-майда колго түшкөн. Көтөрүлүшчүлөрдөн 417 киши (соттолгондордун ичинде: кыргыздардан – 257, өзбектерден – 112, түрктөрдөн – 20, уйгурлардан – 17, кыпчактардан – 3, тажиктерден – 5, каракалпактан – 1) соттолуп, Сибирге айдалган. Мадали баш болгон 22 киши дарга асылган. Оморбек датка, Чыйбыл болушка алгач өлүм жазасы өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо менен алмаштырылган. Миң-Дөбө болуштугуна караштуу Кашкар, Кутчу кыштагынын  калкы башка жактарга айдалып жиберилген. Көтөрүлүштүн борбору болгон Миң-Дөбө кыштагы, ошондой эле Тажик, Дөң-Кыштак айылдары жер менен жексен кылынып, ал жерге орус дыйкандары көчүрүлүп келип, отурукташтырылып, Мархамат аттуу орус кыштагы пайда болгон. Мадали дарга асылгандан кийин да көтөрүлүш токтолбостон, Фергана өрөөнүнө жайылган. Көтөрүлүшкө Ош, Анжиян, Маргалаң, Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Суусамыр болуштугундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндө да Анжиян көтөрүлүшүнө кошулууну көздөшүп, эл чогула баштаган. Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Буларга каршы жөнөтүлгөн жүздөн ашуун куралдуу аскерлерден турган кошуун Шадыбек баштаган 50дөн ашуун адамды туткундап, Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу өмүр бою сүргүнгө айдалган. Булардан тышкары 54 адам жети жылга айдалган. Алардын ичинде душмандарынын жалаасы менен кармалган ''Токтогул Сатылганов'' да болгон. Анжиян көтөрүлүшүнүн ырайымсыз басылышы Кыргызстандын түштүгүндө жана Орто Азиядагы улуттук-боштондук күрөшүнүн күчөшүнө түрткү берген.
''Т. Кененсариев.''

Ад.: Сальков В. П. Андижанское восстание в 1898 г. (Сб. статей). Казан, 1901; Бабаджанов Б.  Дукчи Ишан и Андижанское восстание 1898 года» //Подвижники Ислама: культ святых и суфизм в Средней Азии и на Кавказе. Под ред.: С.Н. Абашина и В.Н. Бобровникова. М., 2003; Манакиб-и Дукчи Ишан: Аноним жития Дукчи Ишана – предводителя Андижанского восстания 1898 года /Предисл., перев. и коммент. Б. М. Бабаджанова. А., 2004.

''Т. Кененсариев.''

[[Категория:1-Том]]

09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ– Россия падышачылыгынын Орто Азиядагы отор саясатына жана феодалдык эзүүсүнө каршы багытталган Фергана өрөөнүндөгү кыргыз, өзбек калкынын улуттук-боштондук кыймылы (1898). Көтөрүлүштүн чыгышына орус падышалыгынын орусташтыруу саясатынын күчөшү, өкмөт салыгынын оордугу, кыргыз-өзбек дыйкандарынын кунардуу жерлерин оторчулардын тартып алышы, ошондой эле негизги себептеринин бири – Фергана облусунун башкы байлыгы – пахта буласы адилетсиз арзан алынып, Россияга ташылып турушунан улам элдин турмушунун өтө жакырдануусу болгон. Миссионерлер болсо жергиликтүү элдерди христиан динин кабыл алдырууга далалат кылышкан. Көпчүлүк эл булардын баарына каршылык көрсөтө баштайт. Элдин нааразылыгын кээ бир белгилүү феодалдар, мусулман дин башчылары дин үчүн согуш ачууга пайдаланып («газават»), Анжиян, Ош, Маргалаң, Наманган шаарында көтөрүлүш чыгаруу менен Кокон хандыгын кайра калыбына келтирүүнү көздөшкөн. Кыймылдын демилгечилери негизинен Көгарт өрөөнүндөгү Чыйбыл болуш баштаган кыргыздар болгон. Алар 1895-жылы алгачкы жыйын уюштуруп, көтөрүлүшкө жетекчилик кылууну кырк беш жаштагы Мухаммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев – Мадали («Ийикчи») эшенге сунуш кылышат. Ал Фергана өрөөнүнө кеңири таанымал, 1887-жылы Мекеге барып ажы болуп келген эшен эле. Мадали эшен бир нече жолу өткөрүлгөн жыйындан кийин (1897) макулдугун берет да, көтөрүлүшкө даярдыктар башталган. 1898-жылы 17-май күнү кечинде Миң-Дөбөгө (Араван району менен Өзбекстандын чегиндеги кыштак) кыргыз, өзбек жана кыпчактардан 2000 чамалуу адам чогулуп, алар Мадали жана дөөлөс уруусунан чыккан молдо кыргыз Зиябидин Максымдын жетекчилиги менен 2 ротадан турган Анжиян гарнизонуна кол салат. Падыша аскерлери бир аз гана жоготууга учурап (22 киши өлүп, 24 киши жарадар болгон), көтөрүлүш ырайымсыздык менен басылган. Айрым маалыматтар боюнча Зиябидин Максым Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон. Ал эми Мадали эшен 19-майда колго түшкөн. Көтөрүлүшчүлөрдөн 417 киши (соттолгондордун ичинде: кыргыздардан – 257, өзбектерден – 112, түрктөрдөн – 20, уйгурлардан – 17, кыпчактардан – 3, тажиктерден – 5, каракалпактан – 1) соттолуп, Сибирге айдалган. Мадали баш болгон 22 киши дарга асылган. Оморбек датка, Чыйбыл болушка алгач өлүм жазасы өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо менен алмаштырылган. Миң-Дөбө болуштугуна караштуу Кашкар, Кутчу кыштагынын калкы башка жактарга айдалып жиберилген. Көтөрүлүштүн борбору болгон Миң-Дөбө кыштагы, ошондой эле Тажик, Дөң-Кыштак айылдары жер менен жексен кылынып, ал жерге орус дыйкандары көчүрүлүп келип, отурукташтырылып, Мархамат аттуу орус кыштагы пайда болгон. Мадали дарга асылгандан кийин да көтөрүлүш токтолбостон, Фергана өрөөнүнө жайылган. Көтөрүлүшкө Ош, Анжиян, Маргалаң, Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Суусамыр болуштугундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндө да Анжиян көтөрүлүшүнө кошулууну көздөшүп, эл чогула баштаган. Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Буларга каршы жөнөтүлгөн жүздөн ашуун куралдуу аскерлерден турган кошуун Шадыбек баштаган 50дөн ашуун адамды туткундап, Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу өмүр бою сүргүнгө айдалган. Булардан тышкары 54 адам жети жылга айдалган. Алардын ичинде душмандарынын жалаасы менен кармалган Токтогул Сатылганов да болгон. Анжиян көтөрүлүшүнүн ырайымсыз басылышы Кыргызстандын түштүгүндө жана Орто Азиядагы улуттук-боштондук күрөшүнүн күчөшүнө түрткү берген.

Ад.: Сальков В. П. Андижанское восстание в 1898 г. (Сб. статей). Казан, 1901; Бабаджанов Б. Дукчи Ишан и Андижанское восстание 1898 года» //Подвижники Ислама: культ святых и суфизм в Средней Азии и на Кавказе. Под ред.: С.Н. Абашина и В.Н. Бобровникова. М., 2003; Манакиб-и Дукчи Ишан: Аноним жития Дукчи Ишана – предводителя Андижанского восстания 1898 года /Предисл., перев. и коммент. Б. М. Бабаджанова. А., 2004.

Т. Кененсариев.