Difference between revisions of "АНДРЕЙ РУБЛЁВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНДРЕЙ РУБЛЁВ''' (1370–1430, Москва, Спасо-Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-кылым, Третьяков галереясы) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы менен адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда жана Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков галереясы) иконасын жараткан (1412- же 1427-ж. чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол менен 1410-жылы «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы менен толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар боюнча толугу менен бизге жеткен жок. Болжол менен анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил менен А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-жылы өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери менен бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв менен Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түштүк нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-жылы Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.

'''АНДРЕЙ РУБЛЁВ''' (1370–1430, Москва, Спасо-Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-кылым, Третьяков галереясы) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы менен адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда жана Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков галереясы) иконасын жараткан (1412- же 1427-жылдар чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол менен 1410-жылы «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы менен толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар боюнча толугу менен бизге жеткен жок. Болжол менен анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил менен А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-жылы өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери менен бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв менен Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түштүк нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-жылы Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6 (19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4 (17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.

[[Категория:1-Том]]

09:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНДРЕЙ РУБЛЁВ (1370–1430, Москва, Спасо-Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-кылым, Третьяков галереясы) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы менен адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда жана Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков галереясы) иконасын жараткан (1412- же 1427-жылдар чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол менен 1410-жылы «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы менен толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар боюнча толугу менен бизге жеткен жок. Болжол менен анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил менен А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-жылы өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери менен бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв менен Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түштүк нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-жылы Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6 (19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4 (17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.