Difference between revisions of "АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ''' – алмаздын запасы жана казып алынуусу боюнча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын бири. Ангола Республикасынын жана Конго Демократиялык Республикасынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып алынат. Аянты 140 миң ''км2 .'' Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 (Ангола) жана 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) жана 250 (Конго). 1907-жылы  Касан дарыясыянын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы менен байланышкан. Алар негизинен провинциянын түштүк-чыгыш чеги боюнча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, анын ичинде эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү), Конгодо – бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен – антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум менен шагылдан (зергерлик алмаздын 65–85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы жана кимберлиттердеги байыркы кен чачындыларынан казып алынат. Мында казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, анын ичинде Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.
алмаздын запасы ж-а казып алынуусу б-ча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын
[[Категория:1-Том]]
бири. Ангола Респ-сынын ж-а Конго Демокр.
Респ-сынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү
алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып
алынат. Аянты 140 миң ''км2 .'' Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150
(Ангола) ж-а 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) ж-а 250 (Конго). 1907-ж. Касан
д-нын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор
мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы м-н байланышкан. Алар негизинен провинциянын түш.-чыгыш чеги б-ча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, а. и.
эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү),
Конгодо – бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды
казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен – антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум
м-н шагылдан (зергерлик алмаздын 65–85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы ж-а кимберлиттердеги байыркы
кен чачындыларынан казып алынат. Мында
казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, а. и. Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.

09:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ – алмаздын запасы жана казып алынуусу боюнча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын бири. Ангола Республикасынын жана Конго Демократиялык Республикасынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып алынат. Аянты 140 миң км2 . Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 (Ангола) жана 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) жана 250 (Конго). 1907-жылы Касан дарыясыянын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы менен байланышкан. Алар негизинен провинциянын түштүк-чыгыш чеги боюнча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, анын ичинде эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү), Конгодо – бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен – антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум менен шагылдан (зергерлик алмаздын 65–85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы жана кимберлиттердеги байыркы кен чачындыларынан казып алынат. Мында казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, анын ичинде Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.