Difference between revisions of "АНВАР САДАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНВАР САДАТ''' (25. 12. 1918, Мит Абу эль-Кум кыш., Минуфия провинциясы – 6. 10. 1981, Каир) – Египет Араб Респ-нын президенти (1970–81). Египет аскер колледжин бүтүргөн (1938). Англичандардын үстөмдүгүнө каршы кыймылга активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу камакка алынган. Экинчи дүйн. согуштан кийин Гамаль Абдель ''Насер'' м-н жакындашып, 1952-ж. король Фарукту бийликтен алууга катышкан. 1960-61-ж. ж-а 1964-67-ж. Улуттук жыйналыштын төрагасы, 1969-70-ж. вице-президент кызматтарын аткарган. Насер дүйнөдөн кайткандан кийин президент болуп шайланган. Бийликти толук колго алуу үчүн бир нече чукул чараларды киргизип, армияны күчөткөн. 1972-ж. А. С. СССР м-н мамилесин үзүп, Египеттен советтик аскер кеңешчилерин чыгарган. 1973-ж. анын буйругу м-н Египеттин куралдуу күчтөрү Израиль тарабынан басып алынган жерлерди бошотуу максатында кол салып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1974-ж. А. С-тын өкмөтү Насердин мезгилиндеги багыттан баш тартып, өлкөдө рынок экономикасын киргизген. Менчиктештирүү, чет элдик капиталга жеңилдиктерди түзүү ж. б. чаралар «инфитах» («ачык эшик») саясатынын негизин түздү. Натыйжада Египетке зор кирешелерди алып келген эл аралык туризм өнүккөн. 1978-ж. А. С., Израилдин премьер-министри Ш. Перес, АКШнын президенти Ж. Картер Кэмп-Дэвид Тынчтык макулдашуусун иштеп чыгышып, анын негизинде Египет м-н Израилдин ортосунда тынчтык келишимге кол коюлган. Аталган келишим үчүн А. С-ка Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Мындай кадамдар жалпы араб дүйнөсүнүн нааразылыгын жаратып, Египет ''Араб өлкөлөрүнүн Лигасынан'' чыгарылган. 1962-ж-дан Араб социалисттик союзунун (ААС) Жогорку аткаруу комитетинин мүчөсү, 1970-ж-дан анын төрагасы болгон. 1981-ж. аскер парады өтүп жаткан учурда исламчыл уюмдардын мүчөлөрү тарабынан А. С. атып өлтүрүлгөн.

'''АНВАР САДАТ''' (25. 12. 1918, Мит Абу эль-Кум кыштагы, Минуфия провинциясы – 6. 10. 1981, Каир) – Египет Араб Республикасынын президенти (1970–81). Египет аскер колледжин бүтүргөн (1938). Англичандардын үстөмдүгүнө каршы кыймылга активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу камакка алынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Гамаль Абдель ''Насер'' менен жакындашып, 1952-жылы король Фарукту бийликтен алууга катышкан. 1960-61-жылдарда жана 1964-67-жылдарда Улуттук жыйналыштын төрагасы, 1969-70-жылдарда вице-президент кызматтарын аткарган. Насер дүйнөдөн кайткандан кийин президент болуп шайланган. Бийликти толук колго алуу үчүн бир нече чукул чараларды киргизип, армияны күчөткөн. 1972-жылы Анвар Садат СССР менен мамилесин үзүп, Египеттен советтик аскер кеңешчилерин чыгарган. 1973-жылы  анын буйругу менен Египеттин куралдуу күчтөрү Израиль тарабынан басып алынган жерлерди бошотуу максатында кол салып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1974-жылы  Анвар Садаттын өкмөтү Насердин мезгилиндеги багыттан баш тартып, өлкөдө рынок экономикасын киргизген. Менчиктештирүү, чет элдик капиталга жеңилдиктерди түзүү ж. б. чаралар «инфитах» («ачык эшик») саясатынын негизин түздү. Натыйжада Египетке зор кирешелерди алып келген эл аралык туризм өнүккөн. 1978-жылы  Анвар Садат, Израилдин премьер-министри Ш. Перес, АКШнын президенти Ж. Картер Кэмп-Дэвид Тынчтык макулдашуусун иштеп чыгышып, анын негизинде Египет менен Израилдин ортосунда тынчтык келишимге кол коюлган. Аталган келишим үчүн Анвар садатка Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Мындай кадамдар жалпы араб дүйнөсүнүн нааразылыгын жаратып, Египет ''Араб өлкөлөрүнүн Лигасынан'' чыгарылган. 1962-жылдан Араб социалисттик союзунун (ААС) Жогорку аткаруу комитетинин мүчөсү, 1970-жылдан анын төрагасы болгон. 1981-жылы  аскер парады өтүп жаткан учурда исламчыл уюмдардын мүчөлөрү тарабынан Анвар садат атып өлтүрүлгөн.

[[Категория:1-Том]]

09:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНВАР САДАТ (25. 12. 1918, Мит Абу эль-Кум кыштагы, Минуфия провинциясы – 6. 10. 1981, Каир) – Египет Араб Республикасынын президенти (1970–81). Египет аскер колледжин бүтүргөн (1938). Англичандардын үстөмдүгүнө каршы кыймылга активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу камакка алынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Гамаль Абдель Насер менен жакындашып, 1952-жылы король Фарукту бийликтен алууга катышкан. 1960-61-жылдарда жана 1964-67-жылдарда Улуттук жыйналыштын төрагасы, 1969-70-жылдарда вице-президент кызматтарын аткарган. Насер дүйнөдөн кайткандан кийин президент болуп шайланган. Бийликти толук колго алуу үчүн бир нече чукул чараларды киргизип, армияны күчөткөн. 1972-жылы Анвар Садат СССР менен мамилесин үзүп, Египеттен советтик аскер кеңешчилерин чыгарган. 1973-жылы анын буйругу менен Египеттин куралдуу күчтөрү Израиль тарабынан басып алынган жерлерди бошотуу максатында кол салып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1974-жылы Анвар Садаттын өкмөтү Насердин мезгилиндеги багыттан баш тартып, өлкөдө рынок экономикасын киргизген. Менчиктештирүү, чет элдик капиталга жеңилдиктерди түзүү ж. б. чаралар «инфитах» («ачык эшик») саясатынын негизин түздү. Натыйжада Египетке зор кирешелерди алып келген эл аралык туризм өнүккөн. 1978-жылы Анвар Садат, Израилдин премьер-министри Ш. Перес, АКШнын президенти Ж. Картер Кэмп-Дэвид Тынчтык макулдашуусун иштеп чыгышып, анын негизинде Египет менен Израилдин ортосунда тынчтык келишимге кол коюлган. Аталган келишим үчүн Анвар садатка Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Мындай кадамдар жалпы араб дүйнөсүнүн нааразылыгын жаратып, Египет Араб өлкөлөрүнүн Лигасынан чыгарылган. 1962-жылдан Араб социалисттик союзунун (ААС) Жогорку аткаруу комитетинин мүчөсү, 1970-жылдан анын төрагасы болгон. 1981-жылы аскер парады өтүп жаткан учурда исламчыл уюмдардын мүчөлөрү тарабынан Анвар садат атып өлтүрүлгөн.