Difference between revisions of "АМЕРИКАЛЫК ЛИНГВИСТИКАЛЫК КООМ (АЛК)"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (2), а. и. → анын ичинде) |
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМЕРИКАЛЫК ЛИНГВИСТИКАЛЫК КООМ (АЛК)''' – АКШ тилчилеринин тирүү тилдерди синхрондуу түрдө изилдөө максатында түзүлгөн уюму. АКШнын 29 белгилүү тилчилеринин демилгеси менен 1924- | '''АМЕРИКАЛЫК ЛИНГВИСТИКАЛЫК КООМ (АЛК)''' – АКШ тилчилеринин тирүү тилдерди синхрондуу түрдө изилдөө максатында түзүлгөн уюму. АКШнын 29 белгилүү тилчилеринин демилгеси менен 1924-жылы негизделген. Уюштуруу комитети: Л. Блумфилд, Э. Стёртевант, Дж. М. Боллинг ж. б. эмгектенишет. 4200дөн ашык мүчөсү (2000) бар бул коомдун чогулушу жылына бир жолу болот. Аны жыл сайын шайланып туруучу президент жетектейт. Уюштуруу борбору – секретариат (Вашингтон шаары). Коомдо аткаруу жана басма боюнча комитеттер иштейт. Басма боюнча комитеттин төрагасы – АЛКнын басма сөз органы болгон «Language» («Тил») журналынын редактору. Адегенде коомдо тирүү тилдердин, айрыкча изилденген тилдердин жаралышы гана катталып жазылган (анын ичинде америкалык индей тили) болсо, кийин бул коомдун тематикасы кеңейип, грамматикалык теория, жазуу, типологиялык лингвистика, тилдик өзгөчөлүктөр, ошондой эле тилдин келип чыгуу тарыхы, анын өзгөрүүсү, жоюлуу себеби да изилдене баштаган. Бюллетени (LSA Bulleti) жылына бир жолу, ал эми АКШ, Канададагы лингвистикалык иштер жана окумуштуулук даражаларды, наамдарды ыйгаруу боюнча программалар жылына 2 жолу жарык көрөт. АЛКнын программасы негизинен Л. Блумфилддин «Тил жөнүндө илим үчүн бир нече жоболор» (1926), «Тил» (1933) деген эмгектеринде баяндалган. Кийинчерээк ал 3. Харрис, Б. Блок, Дж. Трейджер, Г. Смит, Ч. Хоккет ж. б. тарабынан өнүктүрүлүп ишке ашкан. АЛКнын илимий-изилдөө иштери 20-кылымдын 20-жылдарынын аягына чейин Л. Блумфилддин концепциясы (дескриптивдик лингвистика) менен байланыштуу жүргүзүлсө, 60-жылдан кийин Н. Хомскийдин концепциясына, 70-жылдан тартып прагматика маселесине багыт алган. | ||
Б. Жайлообаев.

[[Категория:1-Том]] |
09:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АМЕРИКАЛЫК ЛИНГВИСТИКАЛЫК КООМ (АЛК) – АКШ тилчилеринин тирүү тилдерди синхрондуу түрдө изилдөө максатында түзүлгөн уюму. АКШнын 29 белгилүү тилчилеринин демилгеси менен 1924-жылы негизделген. Уюштуруу комитети: Л. Блумфилд, Э. Стёртевант, Дж. М. Боллинг ж. б. эмгектенишет. 4200дөн ашык мүчөсү (2000) бар бул коомдун чогулушу жылына бир жолу болот. Аны жыл сайын шайланып туруучу президент жетектейт. Уюштуруу борбору – секретариат (Вашингтон шаары). Коомдо аткаруу жана басма боюнча комитеттер иштейт. Басма боюнча комитеттин төрагасы – АЛКнын басма сөз органы болгон «Language» («Тил») журналынын редактору. Адегенде коомдо тирүү тилдердин, айрыкча изилденген тилдердин жаралышы гана катталып жазылган (анын ичинде америкалык индей тили) болсо, кийин бул коомдун тематикасы кеңейип, грамматикалык теория, жазуу, типологиялык лингвистика, тилдик өзгөчөлүктөр, ошондой эле тилдин келип чыгуу тарыхы, анын өзгөрүүсү, жоюлуу себеби да изилдене баштаган. Бюллетени (LSA Bulleti) жылына бир жолу, ал эми АКШ, Канададагы лингвистикалык иштер жана окумуштуулук даражаларды, наамдарды ыйгаруу боюнча программалар жылына 2 жолу жарык көрөт. АЛКнын программасы негизинен Л. Блумфилддин «Тил жөнүндө илим үчүн бир нече жоболор» (1926), «Тил» (1933) деген эмгектеринде баяндалган. Кийинчерээк ал 3. Харрис, Б. Блок, Дж. Трейджер, Г. Смит, Ч. Хоккет ж. б. тарабынан өнүктүрүлүп ишке ашкан. АЛКнын илимий-изилдөө иштери 20-кылымдын 20-жылдарынын аягына чейин Л. Блумфилддин концепциясы (дескриптивдик лингвистика) менен байланыштуу жүргүзүлсө, 60-жылдан кийин Н. Хомскийдин концепциясына, 70-жылдан тартып прагматика маселесине багыт алган.
Б. Жайлообаев.