Difference between revisions of "АЛЬФА-АЖЫРОО"
324-432>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(11 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЬФА-АЖЫРОО''' – атом ядросунун өзүнөн-өзү радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> туюнтса болот: | |||
радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн | |||
бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема м-н | |||
<chem>^{A}_{Z}X -> ^{A-4}_{Z-2}Y + ^{4}_{2}He</chem><br>мында, ''X'' – баштапкы радиоактивдүү атом ядросунун символу, Ү- ажыроодон пайда болгон ядронун символу, ''Z -'' ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун символунун төмөн жагына, ал эми ''А'' – атомдук массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. Альфа-ажыроонун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-жылы Англияда Г. Герни <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү α-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок, α-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык α-радиоактивдүү ядролор белгилүү. | |||
[[Категория:1-Том]] |
09:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛЬФА-АЖЫРОО – атом ядросунун өзүнөн-өзү радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема менен туюнтса болот:
мында, X – баштапкы радиоактивдүү атом ядросунун символу, Ү- ажыроодон пайда болгон ядронун символу, Z - ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун символунун төмөн жагына, ал эми А – атомдук массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. Альфа-ажыроонун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон жана эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-жылы Англияда Г. Герни менен Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү α-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок, α-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык α-радиоактивдүү ядролор белгилүү.