Difference between revisions of "АЛЬГАМБРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


<br>[[File:АЛЬГАМБРА_22.png | thumb|Арстандардын ордосу.]]
<br>[[File:АЛЬГАМБРА_22.png | thumb|Арстандардын ордосу.]]
[[Категория:1-Том]]

09:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЬГАМБРА (арабча аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-кылымдын ортосу – 14-кылымдын аягында) курулган. Альгамбра – мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы менен арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл 5-нин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы жөнүндө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.


Арстандардын ордосу.