Difference between revisions of "АЛЫМОВ Бектурсун"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(10 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Бектурсун (Бек) (25. 8.1930, Чүй обл., Панфилов р-ну, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимд. док-тору (1994), КРдин эмг. сиң. мугалими (1983), Кырг-н жазуучулар ж-a журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы пед. окуу жайын (1951), Ош мамл. пед. ин-тун (1955) бүтүргөн. Ош обл-нын Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен р-нундагы мектептерде мугалим, дирек-тор, Кыргыз мамл. ун-тинде ага окутуучу, до-цент, проф. (1986). Ал кыргыз ад-тын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теор. ж-a методикалык эмгектерди жаратып, өз чыг-лыгы аркылуу окурмандын филос.-пед. ой-дүйнөсүнүн, жалпы мад-тынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй ил. эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-, 8-, 9-класстары үчүн кыргыз адты б-ча программалардын, окуу китептеринин
'''АЛЫМОВ''' '''Бектурсун''' (Бек) (25. 8.1930, Чүй облусу, Панфилов району, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимдеринин доктору (1994), КРдин эмгек  сиңирген мугалими (1983), Кыргызстан жазуучулар жанa журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын (1951), Ош мамлекеттик  педагогикалык институтун (1955) бүтүргөн. Ош облусунун Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен райондорундагы мектептерде мугалим, директор, Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, профессор (1986). Ал кыргыз адабиятын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теориялык жанa методикалык эмгектерди жаратып, өз чыгармачылыгы аркылуу окурмандын философиялык-педагогикалык ой-дүйнөсүнүн, жалпы маданиятынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй илимий эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-8-9-класстары үчүн кыргыз адабияты боюнча программалардын, окуу китептеринин жанa методикалык эмгектердин автору. Б. Алымовдун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк» фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек шаарындагы № 39 мектепке анын ысымы берилген.<br>Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф., 1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп, Ф., 1991. С. Иптаров.<br>
ж-a методикалык эмгектердин автору. А-дун
[[Категория:1-Том]]
«Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк»
фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери»,
«Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда
коюлган. Бишкек ш-ндагы № 39 мектепке анын
ысмы берилген.<br>
Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте
окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу
жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф.,
1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым
маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын
окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын
студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп,
Ф., 1991. ''С. Иптаров.''<br>
 

09:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЫМОВ Бектурсун (Бек) (25. 8.1930, Чүй облусу, Панфилов району, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимдеринин доктору (1994), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1983), Кыргызстан жазуучулар жанa журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын (1951), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1955) бүтүргөн. Ош облусунун Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен райондорундагы мектептерде мугалим, директор, Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, профессор (1986). Ал кыргыз адабиятын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теориялык жанa методикалык эмгектерди жаратып, өз чыгармачылыгы аркылуу окурмандын философиялык-педагогикалык ой-дүйнөсүнүн, жалпы маданиятынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй илимий эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-8-9-класстары үчүн кыргыз адабияты боюнча программалардын, окуу китептеринин жанa методикалык эмгектердин автору. Б. Алымовдун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк» фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек шаарындагы № 39 мектепке анын ысымы берилген.
Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф., 1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп, Ф., 1991. С. Иптаров.