Difference between revisions of "АЛХИМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛХИМИЯ''' (араб, аль-химия, лат. alchemia) -  табигый заттарды (айрыкча металлдарды) асылдандыруу, өркүндөтүү, адамдын денесин жандандыруу жөнүндөгү окуу. Орто  кылымда Батыш Европада кеңири таралган маданияттын өзгөчө бир көрүнүшү. Алхимиктер кереметтүү «философиялык таштын» таасири менен жөнөкөй металлдарды (Fe, Си, РЬ) асыл металлдарга (Au, Ag ж. б.) айлантуу жолун изилдеп, адам ооруларын айыктыруучу, өмүрүн узартуучу, жашартуучу эликсирди изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул максаттарды ишке ашырууда '''HNO3, H2SO4''' жана алардын туздарын алуунун ыкмаларын, жөнөкөй  химиялык  технологияны, заттарды тазалоонун жолдорун ж. б. иштерди аткарышкан. Кенден металлдарды эритип алуу, айнек, керамика, фарфор чыгаруу бир кыйла жолго коюлган. Алхимия  күч  алып турган мезгилде (11-16-кылым) баалуу бирикмелер менен аралашмалар (боёктор, эмаль, металл  куймалары, дары-дармектер) ачылып, аларды  алуу жолдору өздөштүрүлгөн. Алхимиктер «философиялык ташты» таппаганы менен кыйла химиялык процесстерди, реакцияларды ишке ашырып, азыркы химиянын пайдубалын курган. Араб алхимиктери (7-кылымда) дары-дармек жасоо ыкмаларын, буулантып айдоону, дары химиялык  бирикмелерди алуу жолдорун, тери оорусун дарылоочу  киноварь, сулема, көз оорусун айыктыруучу  жез, цинк сульфаттарын ж. б. ачкан. Грекия, Египет Алхимиясы кенден металлдарды алуу, куймаларын даярдоо ж. б. иштерде ийгиликтерге жетишип, металлургиянын өркүндөшүнө салым  кошкон. Химиялык  эсперименттердин айрым методдору (ысытуу, буулантуу, кристаллдаштыруу, чыпкалоо ж. б.) иштелип чыккан. Ошентип Алхимиктер жыйнаган маалыматтар хим. кубулуштар жөнүндөгү илимий  окууну жолго коюуга мүмкүндүк берген. Алхимиктер орто  кылымдагы табигый  илимдерди системага салууга аракет жасашкан. Бирок Алхимиянын мифтик көз карашын четке каккандан кийин гана илим катары өнүгө баштаган.
'''АЛХИМИЯ''' (араб, аль-химия, лат. alchemia) -  табигый заттарды (айрыкча металлдарды) асылдандыруу, өркүндөтүү, адамдын денесин жандандыруу жөнүндөгү окуу. Орто  кылымда Батыш Европада кеңири таралган маданияттын өзгөчө бир көрүнүшү. Алхимиктер кереметтүү «философиялык таштын» таасири менен жөнөкөй металлдарды (Fe, Си, РЬ) асыл металлдарга (Au, Ag ж. б.) айлантуу жолун изилдеп, адам ооруларын айыктыруучу, өмүрүн узартуучу, жашартуучу эликсирди изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул максаттарды ишке ашырууда '''HNO3, H2SO4''' жана алардын туздарын алуунун ыкмаларын, жөнөкөй  химиялык  технологияны, заттарды тазалоонун жолдорун ж. б. иштерди аткарышкан. Кенден металлдарды эритип алуу, айнек, керамика, фарфор чыгаруу бир кыйла жолго коюлган. Алхимия  күч  алып турган мезгилде (11-16-кылым) баалуу бирикмелер менен аралашмалар (боёктор, эмаль, металл  куймалары, дары-дармектер) ачылып, аларды  алуу жолдору өздөштүрүлгөн. Алхимиктер «философиялык ташты» таппаганы менен кыйла химиялык процесстерди, реакцияларды ишке ашырып, азыркы химиянын пайдубалын курган. Араб алхимиктери (7-кылымда) дары-дармек жасоо ыкмаларын, буулантып айдоону, дары химиялык  бирикмелерди алуу жолдорун, тери оорусун дарылоочу  киноварь, сулема, көз оорусун айыктыруучу  жез, цинк сульфаттарын ж. б. ачкан. Грекия, Египет Алхимиясы кенден металлдарды алуу, куймаларын даярдоо ж. б. иштерде ийгиликтерге жетишип, металлургиянын өркүндөшүнө салым  кошкон. Химиялык  эсперименттердин айрым методдору (ысытуу, буулантуу, кристаллдаштыруу, чыпкалоо ж. б.) иштелип чыккан. Ошентип Алхимиктер жыйнаган маалыматтар химиялдык кубулуштар жөнүндөгү илимий  окууну жолго коюуга мүмкүндүк берген. Алхимиктер орто  кылымдагы табигый  илимдерди системага салууга аракет жасашкан. Бирок алхимиянын мифтик көз карашын четке каккандан кийин гана илим катары өнүгө баштаган.

Ад.: ''Рабинович В. Л.'' Алхимия как феномен средневековой культуры. М., 1979; ''Саду Ж.'' Алхимики и золото. ''К.,'' 1995; ''Юнг К. Г.'' Психология и алхимия. М., 2003.
Ад.: ''Рабинович В. Л.'' Алхимия как феномен средневековой культуры. М., 1979; ''Саду Ж.'' Алхимики и золото. ''К.,'' 1995; ''Юнг К. Г.'' Психология и алхимия. М., 2003.
[[Категория:1-Том]]

09:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛХИМИЯ (араб, аль-химия, лат. alchemia) - табигый заттарды (айрыкча металлдарды) асылдандыруу, өркүндөтүү, адамдын денесин жандандыруу жөнүндөгү окуу. Орто кылымда Батыш Европада кеңири таралган маданияттын өзгөчө бир көрүнүшү. Алхимиктер кереметтүү «философиялык таштын» таасири менен жөнөкөй металлдарды (Fe, Си, РЬ) асыл металлдарга (Au, Ag ж. б.) айлантуу жолун изилдеп, адам ооруларын айыктыруучу, өмүрүн узартуучу, жашартуучу эликсирди изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул максаттарды ишке ашырууда HNO3, H2SO4 жана алардын туздарын алуунун ыкмаларын, жөнөкөй химиялык технологияны, заттарды тазалоонун жолдорун ж. б. иштерди аткарышкан. Кенден металлдарды эритип алуу, айнек, керамика, фарфор чыгаруу бир кыйла жолго коюлган. Алхимия күч алып турган мезгилде (11-16-кылым) баалуу бирикмелер менен аралашмалар (боёктор, эмаль, металл куймалары, дары-дармектер) ачылып, аларды алуу жолдору өздөштүрүлгөн. Алхимиктер «философиялык ташты» таппаганы менен кыйла химиялык процесстерди, реакцияларды ишке ашырып, азыркы химиянын пайдубалын курган. Араб алхимиктери (7-кылымда) дары-дармек жасоо ыкмаларын, буулантып айдоону, дары химиялык бирикмелерди алуу жолдорун, тери оорусун дарылоочу киноварь, сулема, көз оорусун айыктыруучу жез, цинк сульфаттарын ж. б. ачкан. Грекия, Египет Алхимиясы кенден металлдарды алуу, куймаларын даярдоо ж. б. иштерде ийгиликтерге жетишип, металлургиянын өркүндөшүнө салым кошкон. Химиялык эсперименттердин айрым методдору (ысытуу, буулантуу, кристаллдаштыруу, чыпкалоо ж. б.) иштелип чыккан. Ошентип Алхимиктер жыйнаган маалыматтар химиялдык кубулуштар жөнүндөгү илимий окууну жолго коюуга мүмкүндүк берген. Алхимиктер орто кылымдагы табигый илимдерди системага салууга аракет жасашкан. Бирок алхимиянын мифтик көз карашын четке каккандан кийин гана илим катары өнүгө баштаган.

Ад.: Рабинович В. Л. Алхимия как феномен средневековой культуры. М., 1979; Саду Ж. Алхимики и золото. К., 1995; Юнг К. Г. Психология и алхимия. М., 2003.