Difference between revisions of "АЛФЁРОВ Жорес Иванович"
м (→top: категория кошуу) |
|||
2 -сап: | 2 -сап: | ||
''Эмг''.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).<br> | ''Эмг''.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛФЕРОВ Жорес Иванович (15. 3. 1930-жылы туулган, РФ, Витебск шаары) – физик, СССР ИАнын академиги (1979), Лениндик сыйлыктын (1972), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1984), Нобель сыйлыгынын (2000, X. Кремер менен бирге) лауреты. В. И. Ульянов – Ленин атындагы Ленинград электр техникалык институтун бүтүргөн (1952). 1953-жылдан Ленинград физика – техникалык институтунда илимий кызматкер,1958-жылдан ошол институттун директору болуп иштеген. Россия ИАнын вице-президенти (1990–2002), Россия ИАнын Санкт-Петербургдагы илимий борборунун президиумунун председатели (1989-жылдан). Ал жаңы технологияны иштеп чыккан жана германий вентилинин конструкциясын (1958), 1961-жылы кубаттуу германий түзөткүчүн түзүп, анын негизинде күчтүк жарым өткөргүч электроника пайда болгон. Гетероөткөөлдүн физикалык мүнөздөмөсүн изилдеген жана ал жарык диодунда, күн батареясында, динистордо жана транзистордо, спутниктик телекөрсөтүүдө колдонулат.
Эмг.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).