Difference between revisions of "АЛТЫН ОРДО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– 13-к-дын 40-ж-нын башында
'''АЛТЫН ОРДО''' – 13-кылымдын 40-жылдарынын башында Батый хан негиздеген мамлекет. Алтын  ордонун бийлиги батышта – Дунайдын аягы менен Фин булуңуна, чыгышта – Иртыш менен Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий жана Арал деңиздери менен Балхаш көлүнө, түндүктө – орустун Новгород жерлерине чейинки аймакты камтыган. Алтын ордонун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградга жакын) болгон. Мамлекет катары түпкү негизи монгол жана түрк көчмөн элдеринен куралган, күч менен гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль дарыясынын аймагындагы булгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, татарлар, маңгыттар, кереиттер, наймандар, каңды ж. б. көчмөн уруулар түзгөн. Алтын  ордонун карамагында жашаган элдин коомдук жана маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди жана жайыттарды көчмөн феодалдар ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар маданияттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Чынгыз хандын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамлекеттик  иштерди «бектердин беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамлекеттик түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик жана административдик  кызмат бөлүнгөн эмес. Алтын ордонун аймагын ''Жучунун'' 14 уулу энчилеп улустарга бөлүп алган. Мисалы, Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо-Ежен башкарган. Кийинчерээк Алтын  ордо  мурасчыларынын ортосунда феодалдык  согуштар чыккан. 1357–80-жылдары  ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-кылымдын 60-жылдарында Алтын  Ордодон Хорезм, бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-жылы  Куликовдогу ордого каршы салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-жылдары Тимур А.лтын ордонун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-кылымдьн  20-жылдары Алтын  ордо  биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань жана Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-жылы  орустар монголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-кылымдын башында чоң ордо толугу менен жоюлган.
''3. Эралиев.''

хан Батый негиздеген мамлекет. А. о-нун бийлиги батышта – Дунайдын аягы м-н Фин булуңуна, чыгышта – Иртыш м-н Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий ж-а Арал деңиздери м-н Балхаш көлүнө, түндүктө – орустун Новгород жерлерине чейинки аймакты камтыган.

[[Категория:1-Том]]
А. о-нун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга
жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградга жакын) болгон. Мамлекет катары түпкү негизи
монгол ж-а түрк көчмөн элдеринен куралган,
күч м-н гана сакталып турган бирикме болгон.
Анын курамына Итиль д-нын аймагындагы булгарлар, мордвалар, орустар, гректер,
түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдер кирген.
Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар,
татарлар, маңгыттар, кереиттер, наймандар,
каңды ж. б. көчмөн уруулар түзгөн. А. о-нун
карамагында жашаган элдин коомдук ж-а маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди ж-а жайыттарды көчмөн феодалдар ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол
өнөрчүлүк өнүккөн. Алар мад-ттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Чынгыз хандын тукумунан чыккан хандар турган.
Ал эми мамл. иштерди «бектердин беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден
жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар
жыйнашкан. Мамл. түзүлүшү жарым аскердик
мүнөздө болгон. Анткени аскердик ж-а админ,
кызмат бөлүнгөн эмес. А.о-нун аймагын ''Жучунун'' 14 уулу энчилеп улустарга бөлүп алган.
Мис., Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо-Ежен
башкарган. Кийинчерээк А. о. мурасчыларынын
ортосунда феод., согуштар чыккан. 1357–80-ж.
ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун
алмашкан. 14-к-дын 60-жылдарында А. О-дон
Хорезм бөлүнүп чыгат. Бир аз өтпөй Астрахань
бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-
ж. Куликовдогу ордого каршы салгылашууда
чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-ж. Тимур А.

о-нун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-к-дьш 20-жылдары А. о. биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань ж-а Крым
хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-ж.
орустар монголдордун зомбулугунан биротоло
бошогон, 16-к-дын башында чоң ордо толугу
м-н жоюлган.

''3. Эралиев.''

09:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛТЫН ОРДО – 13-кылымдын 40-жылдарынын башында Батый хан негиздеген мамлекет. Алтын ордонун бийлиги батышта – Дунайдын аягы менен Фин булуңуна, чыгышта – Иртыш менен Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий жана Арал деңиздери менен Балхаш көлүнө, түндүктө – орустун Новгород жерлерине чейинки аймакты камтыган. Алтын ордонун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградга жакын) болгон. Мамлекет катары түпкү негизи монгол жана түрк көчмөн элдеринен куралган, күч менен гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль дарыясынын аймагындагы булгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, татарлар, маңгыттар, кереиттер, наймандар, каңды ж. б. көчмөн уруулар түзгөн. Алтын ордонун карамагында жашаган элдин коомдук жана маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди жана жайыттарды көчмөн феодалдар ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар маданияттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Чынгыз хандын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамлекеттик иштерди «бектердин беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамлекеттик түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик жана административдик кызмат бөлүнгөн эмес. Алтын ордонун аймагын Жучунун 14 уулу энчилеп улустарга бөлүп алган. Мисалы, Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо-Ежен башкарган. Кийинчерээк Алтын ордо мурасчыларынын ортосунда феодалдык согуштар чыккан. 1357–80-жылдары ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-кылымдын 60-жылдарында Алтын Ордодон Хорезм, бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-жылы Куликовдогу ордого каршы салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-жылдары Тимур А.лтын ордонун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-кылымдьн 20-жылдары Алтын ордо биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань жана Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-жылы орустар монголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-кылымдын башында чоң ордо толугу менен жоюлган.
3. Эралиев.