Difference between revisions of "АЛТАН ХАН МАМЛЕКЕТИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Монголиянын
'''АЛТАН ХАН МАМЛЕКЕТИ-'''-Монголиянын түндүк-батышында 16-кылымдын аягында түзүлгөн мамлекет. 16-кылымдын 80-жылдары Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567–1627) Чынгыз хандын урпактарынын бири. Бул мамлекеттин хандары өз ысымдарын атабастан, «алтын ханбыз» дешкен. Ошондон улам бул мамлекет «Алтан  хан  мамлекети» деп аталат. Бийлик жүргүзгөн жерлеринин чеги: түштүктө Монгол, Алтай тоосунан, түндүктө Саян тоолоруна чейин, чыгышта Далгар-Мурэн өзөнүнөн жана батышта Ямышев көлүнө чейин созулган. Алтан  хан  мамлекетинин ордосу Убсу-Нур (Монголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-кылымдын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар жана алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн бийлигин кармап туруу үчүн Алтан хан  мамлекети  ''барымта'' кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич ара күрөштөрдө кыргыздар четте турушкан эмес. Кыргыздардын каардуу мүнөзү монголдордогу каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) - каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. 17-кылымдын ортосунда Борбордук  Азияда майда хандыктардын кагылышуусунан жана өлкөдөгү уруулардын ич ара кармашууларынын натыйжасында Алтан - хан  мамлекети  начарлай баштаган. Ошол учурда күч алып келе жаткан ''Жунгар'' хандыгы ага кол салып, анын акыркы ханы Лубан тайжинин аскерлерин Жунгар ханы Сенге Тайши 1667-жылы  талкалап, хандын өзүн колго түшүрөт. Азыр да мурдагы Алтан хан  мамлекетинин аймагында (түндүк-батыш Монголия) хара хиргис, шара хиргис, мод он хиргис сыяктуу монгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, орто  кылымдагы кыргыз-монгол тарыхый-этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-жылы  енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн Алтан хан  мамлекети  азыркы Тыва аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары катары белгилүү.

түн.-батышында 16-к-дын аягында түзүлгөн
''О. Каратаев.''

мамлекет. 16-к-дын 80-жылдары Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567–1627) Чынгыз
[[Категория:1-Том]]
хандын урпактарынын бири. Бул мамлекеттин хандары өз ысымдарын атабастан, «алтын
ханбыз» дешкен. Ошондон улам бул мамлекет
«А.-х. м.» деп аталат. Бийлик жүргүзгөн жерлеринин чеги: түштүктө Монгол, Алтай тоосунан, түндүктө Саян тоолоруна чейин, чыгышта
Далгар-Мурэн өзөнүнөн ж-а батышта Ямышев
көлүнө чейин созулган. А-х. м-нин ордосу УбсуНур (Монголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-к-дын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар ж-а алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө
мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн
бийлигин кармап туруу үчүн А-х. м. ''барымта''
кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич а-ра

күрөпггөрдө кыргыздар четте турушкан эмес.
Кыргыздардын каардуу мүнөзү монголдордогу
каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) -
каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. 17-к-дын ортосунда Борб. Азияда майда хандыктардын кагылышуусунан ж-а өлкөдөгү уруулардын ич ара
кармашууларынын натыйжасында А.-х. м. начарлай баштаган. Ошол учурда күч алып келе
жаткан ''Жунгар'' хандыгы А.-х. м-не кол салып,
анын акыркы ханы Лубан тайжинин аскерлерин Жунгар ханы Сенге Тайши 1667-ж. талкалап, хандын өзүн колго түшүрөт. Азыр да мурдагы А.-х. м-нин аймагында (түн.-батыш Монголия) хара хиргис, шара хиргис, мод он хиргис
сыяктуу монгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, о. кылымдагы
кыргыз-монгол тарыхый-этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-ж. енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн А.-х. м. азыркы Тыва аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары
катары белгилүү.

''О. Каратаев.''

09:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛТАН ХАН МАМЛЕКЕТИ--Монголиянын түндүк-батышында 16-кылымдын аягында түзүлгөн мамлекет. 16-кылымдын 80-жылдары Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567–1627) Чынгыз хандын урпактарынын бири. Бул мамлекеттин хандары өз ысымдарын атабастан, «алтын ханбыз» дешкен. Ошондон улам бул мамлекет «Алтан хан мамлекети» деп аталат. Бийлик жүргүзгөн жерлеринин чеги: түштүктө Монгол, Алтай тоосунан, түндүктө Саян тоолоруна чейин, чыгышта Далгар-Мурэн өзөнүнөн жана батышта Ямышев көлүнө чейин созулган. Алтан хан мамлекетинин ордосу Убсу-Нур (Монголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-кылымдын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар жана алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн бийлигин кармап туруу үчүн Алтан хан мамлекети барымта кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич ара күрөштөрдө кыргыздар четте турушкан эмес. Кыргыздардын каардуу мүнөзү монголдордогу каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) - каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. 17-кылымдын ортосунда Борбордук Азияда майда хандыктардын кагылышуусунан жана өлкөдөгү уруулардын ич ара кармашууларынын натыйжасында Алтан - хан мамлекети начарлай баштаган. Ошол учурда күч алып келе жаткан Жунгар хандыгы ага кол салып, анын акыркы ханы Лубан тайжинин аскерлерин Жунгар ханы Сенге Тайши 1667-жылы талкалап, хандын өзүн колго түшүрөт. Азыр да мурдагы Алтан хан мамлекетинин аймагында (түндүк-батыш Монголия) хара хиргис, шара хиргис, мод он хиргис сыяктуу монгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, орто кылымдагы кыргыз-монгол тарыхый-этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-жылы енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн Алтан хан мамлекети азыркы Тыва аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары катары белгилүү.

О. Каратаев.